Сактар

Wikipedia дан
(Сак барагынан багытталды)
Jump to navigation Jump to search

«Сак», Сактар - Борбордук Азиядагы байыркы эл (же элдердин шарттуу жалпылама аталышы).

Төрөбек     Оторбаев

ЖАНКУШЧУДАН ТАРАГАН ЧАЛЫКЕ УРУУСУНУН САНЖЫРАСЫ 3 чыгарылышы Талас шаары 2015-жыл. Чалыке уруусунун теги

 Байыркы Өгүз журту атанган, болочок Кыргыз элинин айрым уруулары, анын ичинде кушчулар, ушул эле  Ысыккөл аймагынын таманында  агып жаткан,  Жандария-деген чоң агын суудун жээгин, андан ары, чыгышка карай  созулуп жаткан , Чоң Алатоо чөлкөмүн  мекендешиптир. Ошол элден тараган    Жансуулук  кушчулар - Жан кушчулар, андан тараган эки бутактын биринен байыркы  Чаа журту. Гималай- Сумер тоо,Чаатоо аркалуу батышка карай өрүш алган, байыркы  Вавилондо түзүлгөн б.а. Бабыр  жергесинде  түзүлгөн, Аккаддардын өлкөсү. Ал мезгилде кушчуларды- Аккадар деп коюшчу экен, себеби Шумерлердин негизги бөлүгүн түзгөн кушчулар ,Тибет , Гималай тоолору  аркалуу, Ирак жерине барышып ,кара кенди табышканда, аларды кентабарлар деп аташкан болчу.  Ошол сөздөн ,кентавры деген сөз жаралган. Кара кен дегени- нефть чыккан районду табышкан.  Ал эми Аккад  дегени , кушчулар  ал жакка биринчи барганда, эки суу чөлкөмүндө жашаган эл, атты көрө элек мезгил экен. Жергиликтүү элдин көзүнө  алар -аткиши болуп көрүнгөн. Минген аттары ак-ала түстө болгон үчүн - алар  “Аккад” аталышып кетиптир. Ошол учурда,   ал  жердин   аталышы Масейил болгон. Сей элинин  конушу -  деген түшүнүкти ичине камтып турат. Шумерлердин биринчи падышасы Месилим болгон.   Месилим деген сөздү талдап көргөндө , Ме- эски кангы , сак  тилинде -мен деген сөз экен. Си деген сөз -  Ча деген элдин аты.  Лим-  сакмын деген сөз болуп чыгат. Толук окуганда  Мен-ча- лимин деген сөз жаралат.  Чали аттуу падыша экени билинет. Алгачкы  учурда  Чали деген сөздөн башталган, андан соң, ал сөздөн  Чалыке деген  сөз жаралган. Ке дегени хан деген сөз болуп чыгат. Жансуулук кушчулардын экинчи бутагынан өрүш алган эл Жансуу дайрасынын баш жагынан түндүккү бурулуп, Суйчжеуфу- “Солдун Суй обулусуна” жана “Солдун Лян обулусуна”, Ганчжеуфу-“ Солдун Жан обулусуна “ , дагы бир облуска ооп келишкен. Ордостун жогорку ,түндүк жагында Худжуйхянь деген ордо  шаары болгон. “Жан кушчулардын  хян  үйү”- деп  чечмелесе болчудай. Алардын “Кара кушчу”,  “Чоң кушчу”  деген аттары болгон.Кушчуларды Өгүз кан чаптыргандан кийин, алар батышка ооп, Тажик жерлерине, Ала –Тоого көчүп келишкен экен. Кийин,Манастын доорунда кушчулар Алатоодо, Катаган атынада болгон. Катаган деген сөз – чоң хандык дегенди билдирет. Кытай бул кандыкты Большой Юечжы деп атады.  . Кыргыз тилинде  Чоң Үй Ээси Билги  дегенди билдирген. Кушчудан өрүш алган  байыркы Чаа, Катаган болуп, эки тайпадан биригип жаралган элди ,батышта Скифтер деп койчу экен, 5-Ки менен Си уруулар бирикмелери   скиф атанган болчу. Катагандан чыккан  абабыз  кан  Кошой болгон. Катагандын түбү Кушчу элинен болот. Учурунда кушчулары  кошуна элдер  бирде  Катаган десе , экинчиси  Чоң кушчу, Кара кушчу деп да аташкан. Кара дегени кара мал дегендей ,чоң  деген маанини түшүндүргөн.  Бирде элдин чоңу кушчу деп да айтылат. Ушул мезгилге чейинки окумуштууларыбыз  кушчулардын тарыхтагы оордун көз жаздымда калтырып келишет. Дүйнөнү дүңгүрүткөн  байыркы  Скифтерди калыптандырган  ,байыркы  Чаа менен Катаганды дагы тереңдете караганда ,алардын ата бабалары Кушчулар экени  аныкталат. Азыркы убакта скифтерди талашкан эл  ого эле көп. 
           Өгүз журтунун экинчи бутагынан өрүш алган  “Бөрү” уруулар бирикмеси болгон. Ушул күнгө чейин илимпоздорубуздун жеткен чеги , тиги Алтайда  бөрү деген бир кичине уруу болгон , дегени болбосо, байыркы бөрү цивилизациясы болгон деген түшүнүк жок.  Бөрүдөн уланган  байыркы Аз, Сак, Каңгы, Кангит, Сарыногой, Караногой  сыяктуу  чоң уруулар бирикмелери болгондугун дале биле беришпейт.  “Бөрү” тайпасы ,  түпкүлүгү 40 өгүздөн болуп, б.а. Кыргыздан болгон.  Өгүздөрдүн айрым уруулары, Гиперборей жерине барышып, ал жакта көп кылымдар бою жашашып, артка Бөрү аты менен кайткан эл болгон. Буларды  кошуна  элдер - Аздар десе, бирде Сактар деп  атай беришкен.  Топонсуудан кийин Индия жерине баргандардан  Пуру, Пуруравас, Пурана  ж.б сөздөр сакталып калган. Ушул күнгө чейин сакталып калган Пурана  мунарасы бар.  Пурана  дегени менин оюмча , Бөрү апа  болуп окулат. Мындай болгондо  кыргызстандагы  Бурана мунарасы да ,Бөрү апа Мунарга коюлган эстелик болуп чыгат.  Эки мунаранын курулушу окшош. Мына ушул бутактан чыккан, өрүш алган, Бөрү-ит тайпасы. Бөрү иттен өзгөрүп-Бурут  түрүнө келген. Буруттан  Манас, Аксак Темир,  Атилла өңдүү , улуу адамдар чыккан. Азырынча бул менин жеке оюм . Индияда  Манасаравар көлү бар. Аравар  дегени сары деген түшүнүктү берет. Ошол сары деген сөздөн  кыскарып ари- арий деген сөз жаралышы мүмкүн.   Гиперборей жерине барып , жашап, артка кайткан Бөрү б.а. кыргыздардын  тең жармына жакынынын өңдөрү саргарып,чачтары кызгылт сары түзгө чейин өзгөргөн экен.  Индия жерине бөрүлөр топон суу жүргөндөн кийин , миң жыл аралыгында  көчүп барышкан. Андан кийин Цилихи б.а Чалике падишах баштаган кыргыздар б.з. 1 кылымында барган болчу. Төрт  Индияны  бириктирип  Чалике падишах болгон.  Үчүнчү барышында , б.з. 543 жылы  Чалике уруусунан чыккан  Булак-эш, Толуман  чоң аталарыбыз Индияны каратып, төрт падышалык куруп, Чалукья империясын түзгөн болчу.
     Аздар менен  Чаалар биригип түзгөн алгачкы мамлекеттик түзүлүш , байыркы Ассрия империясы болгон экен. Андан Сол Чаа б.а байыркы  Алп Солго караштуу эл болгон. Кушчулар Янцы дарыясына барганда, дайранын орто агымынан ары карай  Чанцзсы  аталып, ал жерди жердеген кушчулар Чаа , Чаян, же Цянь атанган болчу. Бул элди  кийин Цинь өзүнө баш ийдирген . Кылымдардын өтүшү менен Чаян журту, батышка жылып, Манастын заманында Зашаң көлдүн боюна келген экен. Канышаны ошол жерден алышкан. Ошол  Чаян журтунан, Алатоого келген каныша  Кан – Чаа - Айым апа – Малике, апабыз түптөгөн Чалуяр  б.а. Чалихи - Чалике  падышалыгы  болгон. Андан кийин чыккан  Сокку уруучу бий Тагай - Цилихи (Чалике) – Ортонку Индияны каратып, андан кийин төрт Индияны бириктирип, өзү падишах болгон. Цилихи Инди жерине барганга чейин ал жерге , Миң Ойдо болуп өткөн топон суудан качып келген ,  Бөрү уруулары  келип жайгашканына көп убакыт өткөн мезгил учуру болгон. Алар Инди элинде Пура деген ат менен аталышкан. Индияда Чалике падышалыгын орнотууга бул чоң өбөлгө болгон.  Андан  кийин  бул тектен  Чабол Чалике падыша  чыккан экен.    Алп Солдон – “Чалике” үйүнүн “Башкы кол башчысы” чыккан.  Андан  беш кылым  өткөндө, 543- жылы Туулга  тайпасына караштуу 16 уруудан , Акуул –динлин тайпасы жб уруулардан кол курап,  ага кошумча - Рюрик тайпасын, Чубан тайпасын, Булгары тайпасын, Карадайралык  Мохе ж.б.  ак гунндардан аскер жыйнап ,кол баштаган ата – бабабыздын доору өткөн. Чоң атабыз Булак-еш – “ Улуу  Арстан” наамын алып жүргөн .  Бек  Арстан күүсүнүн жаралган мезгили болгон.  Туулга б-а Миңдуулаттын падыша тукуму болгон чалыкелерден чыккан, Булакеш -1 ,  “Улуу Арстан” наамын алып жүргөн. Бул тукум мурда ажыдаарды тотем тутуп келсе, кийин Булакештин  алып жүргөн  -“Улуу Арстан” наамын өздөрүнө алып, арстан тукуму- атанып кетишкен. Мунаранын башына төрт тарапты карап олтурган, төрт арстан орнотулган. Төрт арстан чалыке тукумунун төрт падышалыгын билдирип  турган. Бир арстаны Пулакешин, экинчи арстан Тайлак падыша – батыш Чалыке падышасы, .................. Ошондой эле  мунара орнотулган жер , империянын борбору болуп саналган болчу. Ари элинин станы катары мааниси бар болгон. Ари станы сөзүнөн ари-арий зөзү калыптанышы мүмкүн болгон. Стан деген сөздүн түп мааниси ушундай.  Ошол учурда Индия жеринин батыш жагындагы, Чалыке империясына караштуу болгон, деңиз жээгинде Гаттар деген  эл жашап турган. Ал эл Александр Македонский  Индияга барганда, калтырып кеткен  аскерлерден уланган эл болгон. Байыркы  Немец элин түптөөгө катышы бар эл экенин белгилөөгө болот.  Алар “ арстан” тукумунун бийлигин тутунушуп, өздөрүн ари  атап алганы айныгыс чындыктай көрүнөт. Булакешимдин  кшатрийлери б.а  ханзаадалары   болгон. Кыргызда  шатра шатман деген сөз бар. Тактын мураскеринен бөлөк туугандары - принцтер, уруу өкүлдөрү кшатрий наамында алып жүрүшкөн. Алар зоот- чопкут кийген чоролор болушкан. Алар мурда  Алтайда турушканда , шаттар – чаликеден  тараган тукум, падыша тукуму деген мааниси болгон. Хазар мамлекети  түзүлгөндө  бийликти 5 шаддар кармап турган, ал эми ал өлкөнүн кагааны  Таласта  туруп, түз бийлик жургүзгөн эмес.  Инди жеринде Чалукье империясын түптөгөн Булакеш болгон. Булакештин атынын чыгуу себеби, булак деген сөз ,ал учурда  Карлук деген мааниде болгон. Булакеш падыша ошол карлук тайпасынын канзаадаларынын бириинин урпагы болгон өңдүү.   Карлуктар, Индияга барган 16 уруунун  күчтүүсү болгону көрүнүп турат. Индияга барганга чейин карлуктардын турган жери Иртыш дайрасынын бойлору болгон. Дулу уруулар бирикмесинин курамында болгон.  Булакеш-2 андан кийин  Толуман (Туулгаман)  Бакшы уулу,  чоң аталарыбыз, түштүк тарапка жортуулга аттанган экен. Булакеш он алты уруунун колун баштап  ,түндүк  Инди жериндеги Бадам деген жерди  каратып, өз падышалыгын  түптөгөн. Падышалыктын аты Чалыке болгон. Пакистан менен  Индиянын чектешкен жериндеги  агын суулар кыргыз тилинде коюлганы ачык көрүнүп  турат. Андан кийин    Толуман  Ооган жерин каратып, анан  Пакистан жерине кол салып, жеңишке ээ болгон. Согуштар өтө катуу, айоосуз түрдө болуп, адамдар чоң кыргынга учураган экен. Толуман 502 жылы дүйнөдөн кайткан. Анын уулу 502 – 530 жылдары Кабулдан, кушчулардын б-а эфталиттердин  мамлекетин башкарган. Византиялыктар  кушчуларды - Эфталиттер деп атаган. Персиялыктар  Хайтал дешкен. Ал мезгилде кушчулардын урааны Каратал болчу. Падышалыкты Күн падышалыгы деп атаптыр.  Кушчулардын туусунда күн тамгасы басылган.  Кунтаалы, Агникул деген падишахтар өткон.  Агни дегени  Индиядагы башкы  От кудайы болуп, чоң атабыз “От кудайынын кулу”- деген атагы болгон. Борбор шаары  Сакал болгон. Ошол эле Чалике тукумунан Төрөман,  хиониттердин, кидариттердин –б.а. кушчуларга караштуу айрым уруулардын ээликтерине өз бийлигин орноткон. Ал Инди жерине барып  Түндүк жагын каратып алган экен. Чалыке падышалыгын түптөгөн 16 уруу элдин борбору  -  Калжан  аталыптыр.  Облустун аты  Калбар  экен. Азыркы учурда  Давлат-абад экен.  Миң-дуулат деген сөз  өзгөрүп, Давлат түрүнө келген.  Төрамандын   Михракул деген эрке баласы болуптур. Ал өзүндөй болгон жаш балдар менен пил минип алышып, бийик жерге барып , пилдерди жардан ары тоголотуп жиберип, ойночу экен. Ошонун кесепетинен  падышалыкка нааразылыктар көбөйгөн экен. Төраман өлгөндөн кийин- бийликке Катпар падыша келген. Ал  Истеми кагаандын элчилерин,  Иранга  эфталиттердин жери менен өтүп бара жатканда  өлтүртүп койгон экен.  Ошондон  согуш чыгып кете жаздаган. Истеми,  түрк каганатын , Таластын Миңбулагынан башкарчу экен. Бумын кагаандын иниси болгон. Анын уулу Тардубоке, андан Чааба- Тарманчор болгон. Эфталиттердин негизги күчтөрү болгон  16 уруунун эли,  543 жылы  Инди жерине кеткенден кийин , кушчулардын коргонуу күчү абдан азайган болчу. Түргөш түрктөрүнүн күч ала баштаган учуру келген экен.   Истеминин агасы Бумын 552 жылы Жуан-Жуандарга каршы көтөрүлүш кылган. Жуан- Жуандар Саруу тайпасы болгон. Алар ал кезде Алтайда  турушчу экен. Көтөрүлүштүн аягы түргөштөрдүн бир бутагы болгон, саруулардын тайпасынын  бийлигинин жок болушуна алып келген. 558 жылы  Бумын баштаган түрктөр Волга дайрасына чыга токтогон. Волгадан, Хинган тоолоруна чейин созулган жерлерди каратып алган. Арал деңизинин түндүк тарабында  жашаган эфталиттер, Уар элдери ,айыгышкан каршылыктарды көрсөтүшкөн. 558 жылы жеңилүүгө учураган. 561-563 жылдары түрктөр Перстер менен  биригип, эфталиттерге каршы  союз түзүшкөн. 564 жылы шах  Хосров Ануширван Тохаристанды басып алган. Ал эми 565 жылы болсо Нефес деген жерде болгон салгылашууда, Эфталиттер  жеңилүүгө учурап, Согд - Түрк каганатына кошулган болчу. 587 жылы Бухаранын жанында эфталиттердин негизги күчтөрү жеңилишке учураган. Ошентип Орто Азияда эфталиттерге жашоого мүмкүн болбой калган. Булакешин менен Толуман түптөгөн , Инди жериндеги Чалыке мамлекетине эфталиттердин  ооп  келиши  күчөгөн. Согды, Бухарадан, Тажик жеринен - тохаристандан ж.б жактардан келгендер көп болгон. Ошол себептүү эфталиттер  ошолор жактан келген  эл деген түшүнүк пайда болгон. Алардын келип кошулушу менен Чалыке деген чоң эл жаралган. Чалыке  империясы түзүлүп, ал төрт падышалыктан турган элге айланган болчу.	Туулга тукумунан Хазар дегенге Истеми кызын  берген. Хазар миң тукумунун өкүлү экен. Хазар деген сөз ,миң деген маанини түшүндүрүп турчу экен. Ал  кесир сүйлөп, катуу мактанып кеткени үчүн эли талкаланган болчу.  Истемиден чоочуп калган  Түркиялыктар , Истеминин  элчилери барганда, аларды  Таласка чейин , аскер менен коштоп келген.   Түркиядан келгендер көрсүн деп,  чатырдын  жанына арабага толтура алтын жүктөтүп койгон экен. Чатырдын ичине  алтын бочке койдуруп,  алтын чөмүчтөн,  келген элчилерине  суу сузуп берчү  экен. Өлбөгөн адам,  алтын аяктан суу ичет деген  сөз  ушундан калыптыр.
         Толамандардын тушунда,  ал баштаган эл- Эфталиттер деп жазылыптыр.   Бирлерин  Акгундар деп да  аташыптыр. Согуштарда , орус тектүү  тайпаларга туш болуп, алардын койгон шарттарына көнгөн элдер, ошондой атаса керек.  Инди жеринде  Чалукья аттуу  төрт падышалык пайда болгон экен. Чалыкелер курган Айкөл шаары,  архитектура  курулушунун борбору болгон. 540- 757 жылдар аралыгында , Бадам деген жерде , сонун храмдарды курушкан. Батада-кал  деген жерде 10 храм салышкан экен.  5 – 12 кылымдар аралыгында   жүздөгөн храмдарды курушкан.  Ал учур алгачкы Чалыке заманы болгон экен. 
       Ошол Миңдуулаттын төрт уруусунун хандары , Инди жериндеги  төрт падышалыкты түзүп, Чалыкелердин  империясын  курган.   Алар түзгөн империянын атын Чалыке  деп аталышынын башкы себеби болуп, Миңдуулаттын беш уруусунун  падышалары , хандары Чаян кандыктан келген  канышадан   тараган үчүн ,бийликке келип, “беш  чаа”- деген ат менен тарыхка жазылган . Кийин Инди жерине барганда, ошолордун ичинен  төрт хан -  төрт падышалыкка ээ болгон.  Миңдуулаттын  беш кандыгы ча, б. а Ча хандар болгон. Ал эми Инди жерине барганы төрт  падышалык  болуп, бири  жок болуп калган. Ал кандык , кушчулар менен бирге Энисейге  кеткен экен.  Азыркы кездеги Кыргызстандагы  кушчулар ошол  тукумдан болот. Ал эми  Инди жерине кеткен  төрт кандыктын элинен артка кайтканы -кайтып, калганы  ошол элге сиңип кеткен. Алардын   Чалыке, Чалику-ас, Арстан, Акгун,Эфталит, Кшатрий, Раджпут ж.б аталыштары болгон. Кеткен элдин  кайрылып келгени болгонбу, жокпу айтыш кыйын. Индиядагы Чалыке империясынын , ошол учурдагы жер картасы, ушул күнгө чейин сакталып калган. Инди жеринин чок ортосунда бөксө тоолордон турган кең мейкиндик, ал учурда жапайы  жаныбарларга  жык тогон  чөлкөм болуптур. Кыш дегенди эл билбеген.  Ал жердин түштүк жагында чөл аймагы жайгашкан. Элин чолдуктар деп аташкан. Ошол мезгилде Инди жерин жердеген,  төрт элдин бири -Чалыке деп аталаарын,  англис тилинде  тартылган видео фильмдерден  учурата алабыз.  Ал видеофильмде Чалыке империясын түзгөн эл, ал мезгилде чалыке болгондугу так айтылат.		
          Канчаайым (Сигюн) каныша түптөгөн Чалихи падышалыгынан  башталган бир бутактан, Нойгуттардын султандарынын бийлиги уланган. Канча-айым кайтыш болгондон кийин , Велможа, ошол эле Чаян кандыгынын-Жанкушчусунун  канынын кызына  үйлөнгөн. Бул бутак , тарыхтагы Усуньдардын велможасына турмушка чыккан , Ган хандын кызынан туулган тукум болгон. Ган дегенибиз байыркы Талаш –Ганчжэу –фу . Курманбек эпосундагы  Аккан достун, б-а Акуулдун  бийлиги да ошол эле бутактан уланган. Санжырада   Акуул деп айтылат. Ак уулдан  тараган Могол, Моголдон чыккан Султан  Бабыр, Индияга падишах болгон. Султан Бабырдын атасы Омор шейхтин бир тууган агасы Махмуд султан ,Чалике уруусуна  кайра куда болгон. Чалыке уруусунан чыккан Сокку уруучу бийдин кызын, султандын уулу Болоткан  аялдыкка алып, андан  Көкө,  Тахир деген эки уулдуу болушкан.  Көкө менен Наалы кыз экөөсү баш кошуп,  Могол аттуу уулдуу болушат.  Тахир  кыргыз- кайсактардын биринчи ханы болгон.  Мындай аталганынын себеби,  Кыргыз талаасында баккан малына , улам жаңы жайыттарды издеп, көк кууп жүргөн журт, кийин  “Кыргыз- кайсак”-  атка конуп кеткен экен. Ошол мезгилден бери Казак аты  белгилүү  болот. Андан мурдакы аты Кангит болгон.  Кангиттердин тарыхы да  узакка созулган. Андан ары барганда  Бөрү уруулар бирикмесине чыгат. Андан ары жакта ,  байыркы “Кырк Өгүз”- журтуна чыгып, Кыргыз эли менен биригет. Кырк Өгүз деген  сөздөн Кыргыз деген сөз келип чыгат.
     Или жеринде    Туулга падышалыгын түптөөгө катышкан Рюриктер, ал падышалык кулаганда, экиге бөлүнүп кеткен.  Туулга бийлигине баш ийип келген Булгаары эли да батышка жылып, өзүнчө мамлекет жаратууга киришкен болчу. Падышалыкка  батыштан келип кошулган  Рюриктер тайпасы , ошол  Булгаары элинин жерине  барышкан  болчу. Андан кийин алар , Новгородду карай кетишти. Барган жердеги элге -биз Чалияндан келдик- деп, мурдагы Чалыке  падышалыгынын атын аташкан. Батыштагы элдер, ошондой эле Кытай жазма тарыхы,  Ча хандардын  тарыхын,  Си хандардын тарыхы - деп берет. Себеби мезгилдин өтүшү менен чаа сөзү чаян болуп  өзгөрүптүр, андан соң- ал сөз да өзгөрүүгө учурап, чин деп айтылган учур болуптур. Ошол чин сөзү цин болуп айтылган экен.  Андан кийин ци сөзүнөн си сөзүнө  өткөн экен. Ошондон улам,  Ча сөзү Си деп айтылып келет. Чалияне деген сөздү, орус тектүү элдер ошол себептен  Силияне деп айтышкан экен.  Андан көп өтпөй, ал сөз -  Славян болуп өзгөргөн. Ошентип  Чалике деген сөздөн Славян деген сөз жаралган экен. Ал эми  чыгыштан келип кошулган   тайпалар түштүккө карай жылып, байыркы Киевди курууга киришкен. Баштапкы чагында ал курулуштун аты Өгүзкана болгон.
          Селенга дайрасынын башына чегинип барган,  Каратал деген өрөөндө жашаган  кушчулар “Каратал”  деп ураан чакырышчу экен. Ал эми кушчулардын курамына кирген  Чалике  уруусу -  “Чаулуту”, Чаакөл  деген жерде жашап турушкан.  “Каратал” деп ураан чакырган  журттан – кайрадан  түзүлүп,  өрүш алган  “Жан Кушчу”, андан тараган Чалике уруусу   өз атын сактап, ушул күнгө чейин жетти. 
         Чаликеден Томон,  Томондон  Токтоболот, андан Дорбо  (Күмүш чокмор), Дорбодон  Эгемберди (Сокку ур бий), дагы эки уул  болгон, алар кытайда жашашат. Эгембердиден  Калча бий, Назарбек . Калча бийден  Кубат бий. Назарбектен: Тумак, Беки, Шакар  бий,  Шакардан: Айтбай, Ырысбай, Үмөтбай. 
         Айтбайдан: Токтор, Токтоназар, Акылбек, Таабалды, асырап алган баласы Жээнбек. Таабалдыдан: Белек, Оторбай, Кедейбай,  Кудайберген. Оторбайдан: Турсунбай, Жумабек. Турсунбайдан: Садырбек. Садырбектен: Амантур, Мукаш, Кенжебек. Жумабектен: Сагынбек, Төрөбек, Кубанычбек, Кадырбек, Болотбек. Сагынбектен: Алтынбек Шербек. Төрөбектен: Нурбек, Дуулатбек, Карахан.  Дуулаттан Жайыл, Төлөбий.Кубанычбектен: Кубат, Шергазы, Бексултан, Бекболсун. Кадырбектен: Абдрасул.  Болоттон: Айбек, Адилет. Белектен: Сайрыкул, Ырысбай. Сайрыкулдан  Асанаалы, Жекшенаалы. Ырысбайдан:  Мырзабек, Султан.
            Тумактан: Куржун ,Тагаймат, Жоош. Куржундан: Чулдук (Бото) андан  Жыргалбай, Жангил, Малдыбай. Жыргалбайдан Чомой, Жолчоро, Адос, Байкиши, Байаке. Чомойдон  Жангул, андан Талкан, андан Аламан. Аламандан Туратбек, андан Жаныш. Жаныштан Сыймык, Азамат. Жолчородон Тыныбек, Жаныбек, Кулубек,  Сагындык,  Адик. Тыныбектен  Дөнөнбай андан Авир, андан Жакый, андан Бексултан. Адиктен Исмаил, Кармышак. Кармышактан Акгун, Усуп, Акмат, Дүйшөн. Акгундан  Чалике (Дүрбөлөң) андан Азамат, Искендербек, Замирбек, Болотбек, Алмазбек, Саламат.  Колдо болгону  азырынча ушул. Толук тизмени Бөкөнбаев айылынан күтөбүз.
          Бекиден: Кулдугуч, Түпкүч, Кучкач.  Кучкачтан: Аргын, Айдараалы, Ормош. Аргындан  Кожоназар. Кожоназардан: Муса, Токтор, Аалы, Ыстам. Мусадан: Токтомамбет, Канымбет, Кыпчакбай. Токтомамбеттен: Өмүр, андан  Сөлпү. Сөлпүдөн  Токтогул,  Токтосун. Токтогулдан  Мамасаалы андан Өмүрзак,  Жанузак, Жаныбек, Темирбек. Өмүрзактан Жумамидин, Исхак. Жанузактан Камбараалы, Хусейин, Калыйнур. Жаныбектен Абаралы. Темирбектен Шералы, Шатманалы, Кутманалы. Токтосундан  Мамбетаалы, Абдиназар. Мамбетаалыдан: Бектур, Айболот, Бактыбек, Жылдыз. Абдиназардан: Абдрасул, Чойбек, Мирбек, Мирлан. Чойбектен  Байтур. 
       Чаткалдагы  Токтордон: Итибай, Жээналы. Итибайдан Баймырза, Бекмырза. Баймырзадан Акылбек, Турсунбек. Акылбектен Каныбек, Алым, Дүйшөн, Бейшен, Бактыбек, Апсамат,  Чымырбай. Турсунбектен Тургунаалы Нарынбай. Нарынбай-дан Тынчтык, Чындык, Чынтемир, Илиас. Тынчтыктан Кайрат, Нурсейит, Нурпаис. Чындыктан Сыймык, Тилек. Илиастан  Бекзат. Тургуналыдан Сүймөнкул, Нурланбек, Жакшылык, Теңдик, Бакыт, Райымдуу. Жакшылыктан Мурадил. Теңдиктен Данислам. Бакыттан Нурислам. Райымдуудан  Жумадил. Жээналыдан:  Кожоназар, Сулайман. 

Эгембердинин Калча бийинен - Кубат бий, андан Абайылда, Берик, Агышайбек, Жунушаалы, Кулмурза, Карды. Назарбек- Кубат бийдин туу башысы болгон. Назарбектен Беки – өтө бай адам болгон. Тумак-хан, Шакар. Тумак- Чаткалдын аягындагы, Ангрен деген жерде хан болгон дешет. Андан тараган Куржун, Тагаймат, Жоош. Куржундан Чулдук - Бото, андан Жыргалбай, Жангил, Малдыбай. Мындан уланган тукум Ысык - Көлдүн Бөкөнбаев айылында турушат. Аксакалы Бексултан Жакиев. Беки андан Кучкач, Кулдугуч, Түпкүч. Кучкачтан тараган отуз түтүн Жалал Абад облусунун Кызыл Үңкүр деген жеринде турушат.

           Кучкачтан Аргын, Айдараалы, Ормош. Аргындан Кожоназар, андан Аалы, Токтор, Ыстам.Токтордон Итибай, Жээналы. Итибайдан Баймырза, Бекмырза. Баймырзадан  Акылбек, Турсунбек болуп уланат, Чаткалда турушат. Аалыдан Эргеш, Муса, Ахмад. Эргештен Эркин, Бектур, Адалат-кыз. Мусадан Токтомамбет, Канымбет, Кыпчакбай, Пазыл - андан 3 кыз бар. Токтомамбеттен Өмүр-Сөлпү. Сөлпүдөн Токтогул, Токтосун, Жакыпбек, Топчубек. Канымбеттен жок. Кыпчакбайдан Мырзабай, Мырзатай, Кенжетай. Ахмаддан Жолдош.
           Кулдугучтан Шермат, Эрмат, Орозбек. Шерматтан Куманбек, Халмат, Жармат, Ашырбек. Эрматтан Бекжигит андан Жолдош. Жолдоштон Улукбек жана сегиз кыз бар. Куманбектен Раушан, Дилшат, Данияр. Халматтан Үмүт, Нурбек. Жарматтан белгисиз. Ашырбектен Таалай, Курсак. 
        Түпкүчтөн тарагандар Боромбай, Кайып, Дөрбөн, Дооронбай. Кайыптан Токтосун. Токтосундан Рахматилле, Рахманаалы Рахматилледен үч уул бар. Рахманаалыдан эки уул бар. Дооронбайдан Орозаалы андан Кайып, Кайыптан Шермат андан Бекжигит.  	
       Эркинден Анвар, Алишер, Бактияр - Бектурдан уул бар. Адалат эжебизден Айбек, Чолпон. Жолдоштон Улукбек, 8 кыз бар. Анвардан бир кыз бар. Бактиярдан  бир уул, бир кыз бар. Эргеш – Кыргыз элинен  чыккан, ички иштер министрлигинин  биринчи  генералы болгон. Анын уулу  Эркин - Талас облусунун  облисполкому болуп иштеген. Эркиндин уулу  Бактияр Россия армиясынын генералдык штабында иштеп жатат. Армиянын Генерал полковниги.
       Шакардан тараган Айтбай, Ырысбай, Үмөтбай. Айтбайдан Токтор, Токтоназар, Акылбек, Таабалды. Токтордон  Эркинбек, Жаныбек, Кожобек, Байбек,  Чойбек,  Шайбек. Токтоназардан Керимбек, Кубатбек, Козуке, Бает, Акбаш, Байсалбек, Медетбек. Кубатбектен Айылчы андан Айдарбек, Кадырбек. Медетбектен  Төрөкул андан тукум бар жок экенин билбедим. Таабалдыдан Оторбай андан Турсунбай, Жумабек болуп уланат.
         Сулаймандан: Чотбай, Чотбайдан: Асылбек, Алтынбек. Асылбектен: Нурболот, Бекболот. Алтынбектен: Бактияр, Элдияр, Данияр. Айдараалыдан Абылкасым андан Иманаалы, Ысманаалы, Таштанаалы. Иманаалыдан  Нарбай, Нурбай. Нарбайдан Куштарбек. Нурбайдан Кочон, Дүйшөн, Жали, Жайлоо, Канат. Таштанаалыдан  Алимбек, Алибек. Алимбектен  Эсенбек,  андан Шермат, Баймат,  Калмат. Алибектен  Искен. Кочондон Союзбек, Советбек. Дүйшөндөн  Изаатбек, Исабек. Жалиден Мунарбек.  Жайлоодон  Нурсейит. Канаттан Өмүрбек, Максат. Ормоштон Кожоберген, Ногой, Кочкорбай, Кожомберди, Надырбек. Надырбектен Арстан, Мукаш, Белек. Арстандан  Максат, Муктар, Афтандил, Тариел, Бактыбек. Афтандилден Ариет. Максаттан Тынчтык, Тилек, Уран. Мукаштан Кыял. Белектен Рыскелди, Кылымбек, Илимбек. Ногойдон Кубатбек, Назал, Кутманбек. Кочкорбайдан Надырбек. Кожомбердиден  Самат, Калык, Молдобай, Пайыз. Кубатбектен Сапарбек, Анарбек. Сапарбектен Абдрахман, Атантай, Абдрасул, Замирбек, Чынарбек, Тынарбек. Абдрахмандан Уланбек, Улукбек, Акматбек. Улукбектен Бактияр, Бексултан. Акматбектен Айдар. Идиристен  Мухаммед. Илиастан Алияр, Бектемир. Абдрасулдан Илгиз, Байэмир. Чынарбектен Элдос, Эржан. Анарбектен Жамалбек, Эмилбек, Алмаз, Жоодарбек. Жамалбектен Айбек. Эмилбектен  Төрөбай, Алтынбек. Алмаздан Дастан. Жоодарбектен Бекжан, Болоткан. Кожомбердиден Самат, Калык,  Молдобай, Пайыз. Саматтан Кадыр, Абдураим, Жаныбек, Алишер, Дадишер. Кадырдан Капарбек, Жамалбек. Абдраимден Керим, Сыймык. Жаныбектен Айтмырза. Алишерден Азамат. Дадишерден Бакдөөлөт, Элмарс, Марсел. Атантайдан Нурис,  Илиас, Бектур, Иманкул. Назалдан Алшер, Наркул. Алшерден Нурманбет, Нурлан, Калыбай. Калыбайдан Нурсейит, Нургазы. Нурландан Нурсултан,  Бекмамат, Бекболот, Канболот. Наркулдан  Эрнст.
         Кучкачтан  тараган  чаликелер  Чаткалда -100 түтүн. Кызыл Үңкүрдө - 30 түтүн. Ноокенде  Kызыл Кыргызстан деген жерде,  жети атадан тараган чалике туугандарыбыз	  турушат - 30 түтүн.
          Калча бийден  Кубат бий. Кубатбийден  Абайылда, Берик, Карды, Жунушаалы, Кулмурза, Агышайбек, кызы Аксуусар болгон. Агышайбектин  аялы, Бүргөнүн кызы Акшербеттен бала жок. Абайылда, Берик элди Анжиандан Таласка көчүрүп келгенде, кудасы  Ажибек даткага келишип, бирото эле көчүп келишкенин айтышат. Ошондо Кубат бийдин балдарына өзүнө жакын, Кара - Арча деген   жерден  конуш  берген экен. Ажыбек  датка Кубат бийдин  кызы  Аксуусарга   үйлөнүп, Нурак датка төрөлгөн.  Агышайбектин дагы бир аялынан  Алымбек, Бекебай , Утумбай.    
     Назарбектен  Ангрендин бийи  Тумак кан, Шакар,  Аксынын байы- Беки бай . Тумактан   Боконбаев  айылындагы  чаликелер - алар  кутчу деп чоң уруунун аты менен өздөрүн атап жүрүшүп, ошого ооп кетишкен. Шакардан Таластагы чаликелер,  Бекиден Чаткалдык , Ноокендик , Кызыл үңкүрлүк  чаликелер  .
         Алымбектен  Эрдөөлөт, Түлөкө, Кармышак.  Бекебайдан Дулат, андан Сарногой, Кайназар. Утумбайдан Өтөмбай, Калыбай,  Калак. Эрдөөлөттөн Өмүраалы, андан Казак, Токтоназар. Казактан Тилек, Тилектен Данияр, Тимур. Түлөкөдөн Ызакул. Кармышактан Назаралы, Акмат, Асан, Үсөн.  Назаралыдан Абди, Абдилла, Абисейит, Муса, Иса,  Абес, Назарбек. Абестен Абакир, андан Кубанычбек, Алихан,  Темиркан. Назарбектен Акан, андан Бакыт, Азим, Таалай. Бакыттан Элдияр, Даниел. Азимден  Элдос. Сарногойдон Балтабай андан Тыныбек, Тилек. Тилектен  Мелс, Жеңиш. Кайназардан Абдразак, андан Абдул, Адыл. Абдулдан Дулат. Адылдан Султан, Субан. Өтөмбайдан Айткул. Жапаркулдан Алымкул. Айткулдан Түлкүбай, андан Убайдыула, Рахматилде, Анатай, Бейшенбек,  Алмазбек.

Убайдыуладан Токтобек, Талантбек, Турусбек. Талантбектен Алинур, Элнур. Рахматилдеден Шумкарбек, Таштанбек. Шумкарбектен Жантөрө, Тумарбек. Анатайдан Арман. Бейшенбектен Бекназар, Бекберди. Алмазбектен Атабек, Арген, Азис, Сатыбек. Тумарбектен Андарбек, Ашырбек. Андарбектен Догдурбек, Улан. Догдурбектен Аман. Уландан Илиас, Диас. Ашырбектен Болотбек, Кыялбек, Ниязбек. Болотбектен Нурбакыт, Нуралы, Нуркалый. Кыялбектен Калысбек. Калыбайдан Эгемберди. Утумбайдын Калагынан Бирман, Макулбек. Бирмандан Эсиркеп, Исманкул. Эсиркептен Майрамбек, Мейилбек, Мелсбек, Медербек. Медербектен Нурмухаммед, Мелисбектен Дархан, Даулет. Исманкулдан Калмухаммед, Халимжан, Нуржан. Калмухаммедден Талас, Эрнст, Расул. Таластан Урмат, Кулмат. Расулдан Аман. Халимжандан Эрмек, Белек. Нуржандан Жамбыл Руслан, Эрлан. Жамбылдан Бектур - булар Манас районунун Кара Арча деген жеринде турушат.

         Кардыдан: Такежан, андан Карабараш, андан Бөлөкбай андан Артык, Нурбай, Нуралы, Байтик. Артыктан Боосун, Дөөлөталы, Керимкул, Жумабек. Жумабектен Шергазы, Алгазы. Шергазыдан  Мирбек, Айбек, Байбек, Кубанычбек, Рамазан. Алгазыдан Илиаз , Нияз.  Нурбайдан Арзыбай, Ниязаалы. Арзыбайдан Абдымомуш,  Жумабай. Абдымомуштан Ырысбай, Базарбай.  Ниязаалыдан  Токтогул, андан Эсенбек, Тойчубек, Бактыбек. Бул тукумдан  тарагандар  Манас районунун Кара Арча деген жеринде турушат. Ошондой эле Кардыдан  тарагандар Түркмөнстандын Мургаб деген жеринде  да бар  экендигин  угуп  жүрөбүз.
       Усейин ажынын айтуусуна  караганда Абайылда, Берик  калмактар менен болгон чатак күч ала  баштаганда,  элди  адегенде  Анжианга, ал жерден Таласка  көчүрүп  келишкен  экен. Бүгүнкү күндө Кара-Арча деген жерде,  өздөрүн  Кардыдан тараткан – Карды уруусу бар. Агышайбектен  тараган Алимбек, Бекебай, Утумбай дегендер болуптур.  Адегенде  алардан маалыматтарды алганыбызда , Агышайбек андан Алымбек, Бекебай деп беришкен. Таластан мындан 20 жыл мурда көзү өтүп кеткен,  санжырачы Бекназаров Сагынбектин жазып кеткенине караганда, Кубат бий  Олуя Атага келгенде,   Хан Бүргө аны  чакырып , коноктогон экен. Ал жерде бир топ күн болуп, кетээринде Бүргөгө чоң ыраазычылык билдирип, экөөсү кудалашыптыр. Хан Бүргөнүн кызы Акшербетти,  Кубат бийдин уулу Агышайбек аялдыкка алган. Бирок, экөөсү балалуу болбогон. Агышайбектин  ал аялынан бала жок. Ал эми Анжиандан элди Таласка көчүрүп келген Абайылда менен Берик болгон. Бериктен тараган Күнчөй. Күнгес дайрасынан  күнчөлүк, өйдө жерде орун алган   Күнчөй деген   жердин  атынан ал жерде жашаган эл,   Күнчөй атыгып кетишиптир. Күнчөйлөр  Кубат бийден тараарын  билишкен, бирок,  өздөрүн   жердин атынан атап алгандыктан, күнчөйдүн  кушчудан тараарын билишип, Кубат бийге кайсы жерден кошулаарын унутта калтырышкан. Күнчөйдөн  тарагандар бир уруу эл болду. Кийинки санжыра айтуучулар  Күнчөйдү   мурдакы эски  уруулардын катарына  койгондору да болгон. Санжыранын биринчи басылышында Күнчөй уруусу тууралуу тактоолор бүтө элек болчу. Ал эми өздөрүн Кубат бийдин Беригиненбиз деген Үрүстөм менен Назардан  тараган  Ноокендик  туугандар,   Кагазды уруусунан болуп чыкты да,  Кубат  бийдин  урпагы  эмес  экендиги   белгилүү  болду.  Берик элин Таласка көчүрүп келгени анык. Абайылданын, Кардынын, Агышайбектин тукумдары  Кара Арчада, Бериктин тукуму  кайда деген суроо жаралат. Абайылда менен  Берик өз урууларын  Таласка көчүрүп келгени баарыбызга белгилуу эмеспи.  Эмне себептен Күнчөйлөр  Кубат бийден тараганбыз деп олтурса, ага көңүл бурган адам жок. Санжыра эл оозунан алынат, жазылат. Кара Арчалык  туугандар  Бериктин  тукумубуз  дегенден кийин, андай эмес дешке - акыбыз жок. Күнчөй уруусу Кубат бийдин  Беригинен, теги  кушчунун  Чалике уруусунан болот. Абайылдадан, Агышайдан   тарагандар Алимбек, Бекебай, Утумбай болуп, ушул  үч атадан тарагандар жана  Бериктен, Кардыдан тарагандар Таластын  Кара-Арча  деген жеринде жашашат. Абайылда менен Берик  элин Таласка көчүрүп келгенде жездеси Ажибек  даткага  ыктап, жер алып,  кошуна айыл болуп калган экен. Кубат бийдин кызы Аксуусар, Ажибек даткага турмушка чыккан экен. Ажибек датка Шералы хандын  таякеси болгон. Шералы ханды “колунун көөсү кете элек” – деп айткан сөзү үчүн, Ажибектин башын алып келүүгө ал – желдет  жөнөткөн экен. Денеси кудукка  ташталып, башын  Коконго алып  кетип, белгисиз болуп калган  болчу.
         Манас эпосунун 1000 - жылдык  улуу тоюнун жооптуу  катчысы, Талас облустук уюштуруу комитетинин мүчөсү , аткаруу комитетинин жооптуу катчысы  болуп, тойду  ийгиликтүү өткөргөндөн кийин, мени Манас Ордого - орунбасарлык орунга жиберишти. Ошол жердеги Ташарык айылынын аксакал - карыялары менен  жолугушканымда жашы сексенге таяп калган , айыл аксакалы бар эле, аты  эсимде калбаптыр. Ошол кишинин айтуусунда, эл Ажибек датканын сөөгүн  кудуктан алып чыгышып, Манас күмбөзүнүн  жанына алып келип, жайга  койгонун айткан болчу. Ажыбек датка  Кубат бийдин кызы Аксуусарга үйлөнүп, Чалыке уруусуна  күйөө бала болгон. 1995-жылдын күз айы болчу. Мен ал аксакалды чакырып, сөөк коюлган жерди көрсөтүп берүүсүн өтүндүм. Ал шыпаагер үйүнүн жанындагы кичине дөңсөөнүн  бийик жерине чейин басып барып токтоду.  Сөөк ошол жерде экен. Манас Ордодо иштеген кызматкерлер, жумушчу балдар менен бирдикте,  эстелик курууну чечтик. Проектисин мен өзүм түздүм.  Өз күчүбүз менен, мамлекеттин акчасын сарптабай, чакан курулушту куруп  бүткөрдүк. Ажибек датканын  мааракесин өткөрүү боюнча сунушумду  жетекчиге  айтып, Бишкекке  жумуштап  кеттим. Келсем  жетекчибиз:  “Сен эми киришпе, мен баарын  бүткөрүп  койдум”-деди. Көрсө Досукем,   Датканын туугандары менен  сүйлөшүп, макулдашып, Манас Ордого 1  жылкы союп, 2 боз үй тигип,  Ажибек  датканын  мааракесин  өткөрө салууга аракетин  баштап калыптыр.  Аста - аста деп жатып, араң токтоттук. Себеби,  бир аз  күн мурда түштүктө, Курманжан  датканын   мааракеси  өтүп,  700 боз үй тигилип, 70  элден коноктор  чакырылып,  зыяпатына жумурай журт  тик турган болчу.  Арбакты сыйласаң  ошондой сыйла. Калп эле сыйламыш болуп, сөзгө калтыруунун кажети  жок болчу. Кийин бул маселеге кайрылган адам болбоду. Ал жерге күмбөз куруп, 2020-жылдын   август  айынын 29-күнү, мамлекеттик деңгээлде, Алчикен уулу Ажибек  датканын  мааракесин “Манас Ордодо” -  өткөрүү ишин колго алсак,   мүмкүндүк болчудай көрүнөт.  
          Шакардын  Ырысбайынан: Солтобай, Меңдибай. Солтобайдан: Айкынбай, Теңизбай, Аргын. Айкынбайдан Таласбай,Таласбайдан  Медет,Ырысбек. Медеттен Сагынбек, Сагынбектен Каныбек,Аскарбек,Таалай,Нурканбек. Аргындан: Бейшебай, Аманкул, Сулайман. Бейшебайдан: Болот, Марат, Көлбай. Аманкулдан Сарыбар, андан Нурбек, Касымбек, Мирлан.  Сулаймандан  Билан. Меңдибайдан:   Тайлакбай, Жаркынбай. Тайлакбайдан:  Сакоо, Ороз,  Мати. Ороздон:  Жумабек, Касымаалы, Касымаалынын  баласы  Өзүбек андан Марат, Мурат, Кубат,  Максат. Мараттан Мирлан.  Жаркынбайдан:  Алымкул, Бузур, Дүйшөн. Дүйшөндөн: Илиас.
          Үмөтбайдан Ормон, Субан. Ормондон Орозаалы, Жумаш,  Кенжегул. Жумаштан Калык. Субандан Балкыбек Багышбек. Балкыбектен Молдобай, Молдобек, Жөкөн. Молдобайдан Мырзабек, Базарбек. Молдобектен Калман, Акматбек. Жөкөндөн Жусупбек. Мырзабектен Таалайбек, Сыргабек, Мирлан. Базарбектен Кемел. Калмандан Ислам, Муса,  Исраил, Иса. Акматбектен Улукман, Руслан, Абас,  Мурас.  Жусупбектен  Самар, Улан,  Фархад,  Аскар.
          Айтбайдын  Токторунан: Эркинбек,  Жаныбек, Кожобек, Байбек,  Чойбек, Шайбек. Жаныбектен:  Бокбай.  Бокбайдан: Төлө,  Көкүм. Төлөдөн:  Эсенкул, Эшенкул. Эсенкулдан: Эсенжан, Бекжан,  Таласбек, Сыргабек. Эшенкулдан:  Насир, Самат.   Көкүмдөн:  Ырыскелди,  Жыламыш. Ырыскелдиден: Орозбек. Жыламыштан Кушубак. Чойбектен: Асылбек, Жумабек. Асылбектен: Абакир, Мырзакул.                 Шайбектен:  Ташмаат, андан Мамыр, Темир, Бегим, Кенжегул. Мамырдан: Калмаат, Таалайбек,  Турусбек.  Темирден Уранбек, Уланбек. Бегимден  Чынарбек, Самарбек,  Шабданбек.  Кенжегулдан   Баяман,  Улукман,  Асан,  Үсөн.
      Токтоназардан:  Керимбек,  Кубатбек,  Козуке,  Бает,  Акбаш,  Байсалбек,  Медетбек.  Кубатбектен:  Садык андан Айылчы андан  Айдарбек, Кадырбек. Акбаштан : Түлөөберди, Беделбай. Медетбектен:   Жолдош,   Төрөкул.  
            

Акылбектен: Итике, Кенжебек, Иманаалы, Нусубаалы, Абыке, Шамке, Жанаалы, Муратаалы, Кедейбай. Итикеден: Жуматай, Маматбек. Иманаалыдан: Абдылда, Нусубалыдан Кынат, Жанаалыдан Саадак, Саадабай. Жуматайдан: Расылкан, Мүзүркан, Мунаркан. Маматбектен: Жаныбек, Калыбек, Каныбек, Асан, Асанбек, Бактыбек. Абдылдадан: Базарбек, Назарбек, Дүйшөнбек, Жолдошбек, Догдурбек, Жардамбек, Шабданбек, Нурбек, Жолборсбек. Кынаттан: Атай, Афтандил, Аблай. Атайдан Меңдикул, Алымкул. Алымкулдан Бейшенбек.

        Чалике уруусунун  орун алышын карап көргөнүбүздө: Чаткалда -100 түтүн, Кызыл Үңкүрдө -  30 түтүн. Ноокендеги Алиевдер – 30 түтүн. Ноокендеги шалкелер, чаликелер - 30 түтүн.  Воронцовкада - 60 түтүн.  Кара Арчада 100 түтүн. Талас шаарында – 40 түтүн. Бишкек шаарында – 100  түтүн. Ысык Көлдө  –  200 түтүн. Талас  районунда -  200 түтүн. Токтогулда - 10 түтүн. Мургабда –  .    Жизакта ? Пахта-Абадда-? Ангренде- ?   Кызылойдо - ? Каражүлдө? Акмоло обл-?  Алайдын  Күлчөсүндө- ?  
               ЖАНКУШЧУДАН  ТАРАГАН -ЧАЛИКЕ  УРУУСУНУН  САНЖЫРАСЫ.  

        Илгери, илгери элибиз теңирди тутунуп, жер көтөргөн “көк өгүзгө” сыйынып турган учуру  болгон  экен. Ошондон улам , Өгүз журту атанган болчу. Мындан 4215 жыл мурда, Алтай жергесинен чыккан, Кыргыздын  Бөрү тайпасынан  улуу кагааны  Бурут, тарыхта Ву-ван,  40 урууду өзүнчө бөлүп, дагы  бөрүгө  тиешелүү 15 урууду бөлүп алган.Бул 15 уруу гиперборей жэрине барып келген, өздөрүн Кырк Өгүздөн тараткан, бөрү атына көчүп алган уруулардын бирикмеси болгон. Калган 1700 дөн ашуун урууду, бөлөк хандарга бөлүп берген экен. Андан кийин бул эки тайпа биригип, жалпы саны 55 урууга жетиптир. Ошол кырк уруу кийин бөлүнүп, өздөрүн жер көтөргөн көк өгүзгө сыйынган, Кырк Өгүз журту деп атап алган экен.  Ортодо бир топ мезгил өткөндө  Искендер Зулкарнайн жаангер чыккан экен. Искендер дегени - Си кандар б.а. Ча кандардын тегинен болгон. Анын атасынын  Билги  деген даражасы бар эле. Бөлөк элдер , ал сөздү буруп , Филип деп атап алышкан. Искендердин күчү , анын сегиз катар болуп тизилген аскеринин ,биринчи катарынын найзасынын узундугу эки метр болсо, акыркы катардыкы сегиз метр болгон.Бир эле убакытта  сегиз найза бир урулган.  Искендер  басып алган элдерге ылайыктап , өз адамдарынан, тайпалардан эл таштап кеткен.  Маселен , Индия жерине гаттарды таштаса, Ысыккөлдүн Тоңуна ,өзүнүн мекениндегидей кылып  шаар салдырып, өзүнүн жакын адамдарын, Гот  деген жалданма аскерлерди, Көтмалдыга жайгаштырып, бийликти сактап туруу үчүн калтырып кеткен экен. Бийликти ошолор жүргүзчү .Салыкты ошолор чогултчу. Салган шаарынын аты Чигу – экен. Ал жерде жашаган элди – кытайлар – Цигу деп жазган экен. Кийин ал  өзүнчө бир тайпага айланып- кийин ,Энисейлик кыргыздардын бир тайпасы катары белгилүү болот.  Көп убакыт өтпөй, ал тайпага, жергиликтүү эл, Тыргоот деген ат коюптур. Биринчи  Түрк падышасы болгон Койлунун бир тууган агасы Кутуус бул элдин биринчи ханы болгон. Ал хунндардын чыгыштагы кароол каны эле. Ошондон баштап бул элдин башчысын король деп атай баштаган. 	Манастын тушунда тыргооттор , мурда 300 жылдай жашап кеткен , жерлерге кайтып келишкен. Байыркы Талашта олтурган  кыргыздарды чапкан болчу. Манас эпосундагы Алооке кандын дал өзү болгон. Мен мындан 22 жыл мурда эле Манас ата  тарыхы деген чакан китепче жазып, ошондо эле Манас тарыхый адам экенин айткан болчумун. Бирок      Манастын тарыхыйлыгынын айрым аткаминерлерге  кереги жок экенин, мезгил өзү көрсөттү. Манастын тарыхыйлыгына бут тоскондордун  оңуп кеткени болгон жок. Манас атабыздын арбагы тирүү болсо, көрүп, билип тургандыр. Арбакка койдум. Манастын заманында , Манаска баш ийген уруулардын саны 55 болгон.  Кырк өгүз деген сөздөн кийин  Кыргыз деген сөз келип чыккан.  Бөлүнүп  калган  15 уруу эл, жүрө – жүрө  Үйкур атына оогон экен. Ал уруулардын тең жарымына жакыны  кыргызга тиешелүү уруулар болгон .

Бир учурда, тиги батыш жактагы, Жер Ортолук денизден агып кирген суунун жолу, бүтөлүп, деңиздин деңгээли акырындап төмөндөп, кыш болбогон жер аймактары ачыла баштаган. Жалпысынан Өгүз атанган журттун көпчүлүгү, ал жактарга көчүп барышкан экен. Барган журттун 15 уруусу олтурукташкан жашоого өтүп, дүйнө мүлкүн үйө турган үй куруп жашаган. Алар акырындап үйкурдан Уйгур атына көчүп кеткен экен. Калган журт ,көчмөн турмушун уланта бериптир. Дениздин денгээли улам төмөндөгөн сайын, көптөгөн ой жерлер ачыла баштаган экен. Ортодон Миң Ой чөлкөмү ачылган экен. Ал сөздү бүгүнкү күндө, Минойская цивилизация деп атап жүрүшөт. Бирок миң ой жери деп, түндүк муз океаны тарапты көрсөтүп жатышат. Ошол мезгилде 10 ойду башкарган адам Ной аты менен белгилүү болгон. Мындайча айтканда он ойду башкарган адам, бийлик даража күтө алган. Андан тышкаары дагы Кара Ногой деген тайпа болгон. Кара дегени көп деген маанини берген. Сары Ногой деген тайпа, суу тартылып, жер ачыла баштаган мезгилде, Миңойго барган тайпалардан болгон. Алардын өңү – түсү көбүрөөк өзгөрүүгө учурган экен. Көчмөн турмушун уланткандар Өгүз атын сактап калыптыр. Эчен кылымдар бою, алар Миңойду мекендеп турушкан экен. Ошол учурда мин ой чөлкөмүнө көчүп барган журт, Өгүз атынан Бөрү атына көчүп кеткен , себеби орус тектүү элдер Өгүздү- Вол деп атайт. Ортолорунда болуп өткөн көптөгөн согуштардын айынан, Вол эмес эле - волк дешип, жаңы эл аты пайда болгон. Күтүүсүздөн болгон топон суудан качкан элдин ичинде 7 уруу бүлө – деген эл, Эфрат менен Тигр дайраларынын ортосуна көчүп келгени тарыхта жазылып калган. Бүлө дегени Бөрү деген сөз экен. Бир мезгилде ал дайралар да ташкындап кирген учурлар болгон, ошол себептенби ал 7 уруу эл, Текес деген бийик тоолорго көчүп келишкен. Ошол учурда Ысыккөл жок экен. Анын оордунда кең өзөн болуп, ортосунан Жандайра - деген агын суу агып жатчу экен. . Жанагы 7 уруу элдин айрымдары ал дайраны бойлоп конуш алган . Ортодон бир топ убакыт өткөндө, Жандайранын агымы бүтөлүп , суунун деңгээли көтөрүлө баштаган. Суу ташкынынан эки жолу запкы көргөн журт, дагы бир жолу мекенин тыштап көчүп кетүүгө мажбур болгон. Алар жүрүп олтуруп, чоң агын сууга туш болушкан. Ошол жерди мекендеп, ал суудун атын Жандайранын атынан - Жансуу деп атап алышкан экен. Кудайдын буйругубу, ушул Жандайранын атынан көптөгөн элдердин аты келип чыккан. Жадегенде Инди жериндеги Ганга дайрасынын аты, Гансу чөлкөмүнүн аты да ушул Жандайранын атынан келип чыккан. Жандайранын атын өзүнө мурастап калган элдердин бири - Жанкушчулар болгон. Кийин ал суудун аты өзгөрүп Янцзы болуп калды. Кушчулар башында болгон көчмөн уруулар бирикмеси , Тибет тоолорундагы жылуу жактарда көчүп-конуп жүрүшчү экен. Жансуу чөлкөмүн байырлаган кушчулардын бир бөлүгү, кийин Жанкушчу атыгып кетишкен. Өгүз журту, замандардын өтүшү менен: Кара ногой, Сары ногой, Кушчу, Бөрү, Чаа, Каңгы, Кангит, Аз, Сак, Скиф, Шумер (Суу мар) ж.б. элдерди жараткан. Бул аталган элдер байыркы Рим, Грек тарыхында орун алган элдерден алда канча мурда болгон элдердин катарына кирет. Ошол Өгүз журтунун кырк урууга өсүп чыккан учурунан баштап, “Кырк Өгүз” журту атанып, анын атын түздөн – түз мурастап калган тукум - Кыргыз элиине 4200 жылдан ашуун убакыт өттү. Бул мезгил аралыгы Кырк Өгүз журтунун тарых бетине түшкөндөн берки өткөн убактысы. Андан аркы мезгили да болгон да. Албетте Бөрү кагааны 40 урууду бөлөөрдөн мурда эле, аталган 40 уруу жашап келген. Жансуу дарыясынын орто агымынан нары, дайранын аты, Жан суусу - Чанцзсы аталып, өзгөрүп кеткен. Жан деген сөз Чан болуп өзгөргөн экен. Азыркы кездеги аталышы Янцзы. Жан дайрасынын атынан келип бутактап, бир топ элдер пайда болгон. Алсак- Чаа, Чаян - Цян, Хян, Кян, Ган, Гянгун ж.б. аттарын алып жүргөн - элдер жаралган. Мына ушул тайпалар, учурунда Жансуулук кушчулар б-а Жанкушчулар болушкан. Кийин чоң бийлик Ча тайпасынын колуна өткөн. Бул элдер өтө өнүккөндүктөн, айрымдары батыш жакка барышканда, аларды кудайдын тукуму, теңирден келген, “үч сүрөө” кудай үйүнөн келген келгиндер катары, кабыл алышкан экен. Сурье дегени күн деген маанини билдирип турган. Булардын “Чагаан күн”- деген майрамы болуптур. Мексикага ооп барган эштектер (ацтеки) бул майрамды “чанкин “ майрамы деп коюшчу экен. Жазгы актын майрамы б.а. азыркы Нооруз майрамы экен. Бул айтылган ойлор азырынча менин жеке пикирим болуп эсептелет. Бир учурда Жансуу дарыясы аккан нугун өзгөртүп, чоң суу алааматы болгон. Ошондо Кушчу падышасынын ордосунда кызмат өтөп жүргөн Ги деген кызматкер хан, ошол суу каптоодо бузулган жерлерди оңдогон элди бөлүп, Көкөноордун түндүк жагындагы ак карлуу тоолору бар, көк майсаңга элди көчүрүп барган. Аны эли Гишеркан деп атап алышкан экен. 30 метр Аска ташка ага арнап эстелик чегишкен болчу, ал эстелик ушул күндө деле турат, бирок кимге арналганын биле беришпейт.

  Ал чөлкөмдөн башталган  дайранын башаты, Тибеттин жогорку тоо баштарына туура келип,  Жансуу дайрасы өз жолун чыгышка карай улачу .Ошондой эле  Жансуу деген сөздөн келип чыккан сөз - Ганьсу.  Ал эми  ошол чөлкөмдөн  өз жолун  батышка карай улаган дайра  байыркы Талас суусу болгон. Ал дайра бир аз жол  басып , анан  нугун  түндүккө буруп , Сол тооду аралап өтүп  Талас (Чаян)  өрөөнүнө чыккан. Ал байыркы Талас суусу болгон. Азыркы күндө  ал жер алыста калды. Мен айтып олтуруп чарчап бүттүм, эч кимге байыркы ата бабаларыбыз  мекендеген Талас суусунун кереги жок экен.  

Т.Сыдыкбековдун “Көк Асаба” романында, кыргызда - Чаа уруулар бирикмеси болгондугу жазылган. Убакыттын өтүшү менен Чаа элинин аты Чаянга өзгөргөн. Аны бөлөк элдер Цян деп - буруп айтышкан. Эл дүркүрөп өсүп, өзүнчө падышалык куруп, эл башында Чаа Тагай Гунн болгон. (Тхай-гунн ван, шань, цянь) сөзмө сөз которгондо, Чаян тукумунан б.а Ча тукумунан чыккан – Тагай -тоолук гунндардын улуу ханы Ци үйүнүн б.а. Чаа үйүнүн негиздөөчүсү . Бичурин 1 том 23-бет. Тхай Гао Цзудан(Тагай Кара- хандан) башталган түпкү ата-бабаларыбыз бийлик кылган. Н.Я. Бичурин 3-китеп 33-34 бет. Ошол Чет Бейжиндин батыш тарабында дөңчө бар, Тагайдын көрстөнү деп аталат экен. Кара хан өзүнүн ордосун Лоян шаарынан Чан Аньга көчүрүп келген экен. Ал шаарды кыргыздар Чет Бейжин деп коюшчу экен. Чаа Тагай Гунн, Чаян уруусунун түп атасы, “Чаян” үйүнүн негиздөөчүсү болгон. Тагай деген сөз ал убакта “тынчтык”- деген маанини берген. Ошол тукумдан кийин бөлүнүп чыккан бутактан - Богорстон (Бөгү арстан) кагаандын бийлиги астында турган Эштек, Чаян, Кыян, Кыпчак, Дуулат, Хазар, Калча ж.б. тайпалары болгон. Бийлик башында келген канышадан өрүш алган тукум б.а. ча хандардан уланган канзаадалар тургандыгы байкалат. Бул бийлик бутагынан уланган Темиркандын тажик жеринде орноткон бийлиги да кирген деп айтууга негиз бар. Манас эпосунда Жакып албетте Чыйырдынын талабы менен , Чыйырдынын тегинен , Темиркан кызы Каникейди Манаска алып берген. Эпосто Каникей айтат- Темир кандын кызымын, Каныкей долу өзүмүн- Долу сөзү бул Туулга тукуму, аны бийлеген чалике тукуму болуп такталат. Каныкей кыргыз кызы деп мурда бир айткан элем.Убагында Чыйырды да Чаян кандыктан келген каныша болгон, ошол эле кандыкка тиешеси бар журттан келген Каныкей болгон. Бөгү кагаан өз бийлигин Таластан жүргүзгөн экен. Андан кагаандык бийлик Шегуй кагаанга өткөн. Шегуй дегени “ Он Ок” бийлиги болгон. Шегуйдун бийлиги кулагандан кийин, Или дайрасы тарапта жашаган түргөштөр, Чүй, Таласка көчүп келишкен. Түрк аттуу каганатты түптөшкөн. Ошол учурда Инди жеринде Чалуке династиясы өсүп чыккан. Династияны негиздеген Улуу Бек Арстан наамын алып жүргөн - Булакешим болгон. Ал династия, 4 падышалыктан туруп, 600 жылдай убакыт ичинде 74 падыша өткөн. 5 – 12 кылымдар аралыгында ортонку Инди жеринде өздөрүнүн өлкөсүн курушкан.

          Ошол Эштектен Чаа, андан Талкан, Бөлөкбай, Жоочалыш, Тата уруулары бөлүнүп чыккан. Азыркы күндө алар Чүй боорунда жашашат. Баштапкы чагында Чаян тукумунан Сол Чаа бийлиги калыптанган. Мамыр, Барсакелбес чөлдөрүнүн түштүк жагындагы, б.а. сол тарабындагы Керейиттерди  Чаян кандыгына кошуп  күчтүү империя  курган. Императорду  Фу Си деп аташкан, б.а  Сол Чаа деген түшүнүктү берген.  Мамыр, Барсакелбес чөлдөрүнүн түштүк  жагындагы, сол тарабындагы тоолорду мекендеген  уруулардын жалпы аталышы  Сол тоолуктар болуп, андан уланган бир бутак - Солто уруусу, бүгүнкү күнгө  чейин, Кыргыз элинин курамында жашап келет.   Алп Солду тарыхта  Фу Си деп коюшкан. Бул даражаны алып жүргөн адам, чаяндар - ажыдаарды ыйык тутканы  айтылып калган . Кийин  бул табынуу бир аз өзгөрүп, жылаанды ыйык көрүүгө алып келген. Бул тукумдун дагы бир өзгөчөлүгү  тамырында жүгүрүп жаткан канынын  түсү  ачык кызыл түстө болгон. Ар кандай уу заттар реакция  болууга алып келген. Анын ичинде алкоголь  ичимдиктери  канга  терс таазир берип кан кабыл алган эмес.
   Жез идиштен тамак ичүү менен  адамдын денесинде өзгөрүүлөр болгон.    Жезди  адамдын өмүрүн узартуучу   зат катары кароого болот. Болжолу кандын кызыл бөлүкчөлөрүнүн  жашоосу  узарып,  ошондон улам адам өмүрү узарган окшойт.
       Өз мезгилинде Чаян падышалыгынан Ала Тоого бир канча  жолу каныша келген.  Жаңы падышалык түптөөгө чоң аракеттер көрүлө баштаган.Бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулар атап келген Усунь деген элдин  өзүнүн так аты,  Онсуу эли болгон.   Онсуу элинин  башкаруучусу, кыздын калыңы деп  1000 жылкы айдап Гянь  канына  барат. Ал убакта Жан Суулук  кушчуларды Гянь деп койчу экен. Көрсө жан деген сөздөн гянь деген сөз чыгат тура. Ошондон улам Гян гюнь деген сөз “Жан облусу” болуп окулат. Ошол эле Гянь  сөзү да  өзгөрүп Цяньга айланган учур да болуптур. Н.Я. Бичурин 1- том 24-бет. Каныша келген учурда  чаяндан келди деп эстеп калыптырбыз. Тарых Кан-Ча-айым апабызды Си-гюнь деп жазды. Си дегени  Ча, Ча элинен келген каныша деген маанини билдирип турган. Ошол кезде Ча - Чаян мамлекетинин үстүнөн башкарган тукумдун өкүлдөрүнүн бири болгон  Жансуулук Кушчулардын кол башчысы Гян - дунун кызын, Он Суу элине жөнөткөн экен.  Канышанын өзү менен кошо ала келген 500 бала, 500 кызы,  өзүнүн туугандары болгон. Ошондон улам Чалыке уруусунун түпкү теги  Жан кушчуга чыгат. Кийин Онсуу эли Усьун атыгып кеткен. Ошондо Кан-Ча-айым апабыз барган Онсуу элинин  башчысы, боз үйдө жашап, эт, сүт менен тамактанчу экен. Гуньмо  өзү жашы өтүп калган адам болуптур. Тарыхта Канчайым апабыздын жазган ыры сакталып калган. 

Орусчадан которгондо мындай экен:

       Мени  туугандарым ,
Алыс жакка беришти.
                  Усьундардын падышасы келишти,
                  Бөлөк эл, тегерек үй,  кийиз менен жабылган, 
                  Эт жеп, сүт ичкен адам экен карыган,                                    
                  Ата – журтту ойлосом,                                                                                 
                  Жүрөк сыздайт,кайра кантип кетемин,
                  Жапайы казга мен айланып,
                  Тууган жерге жетемин.
          Апабыздын келиши менен,  Он Суу элине  бак келген. Чоң бийлик келген. Мурда ал элде, андай  бийлик деңгээли  болбогон. Апабыздан, аны менен кошо келген, беш жүз бала, беш жүз кыздан   Чалике тукуму калды. Роман  сөзү менин байкоомдо, Манас эпосундагы Ырамандын тукумдарынан болушу да мүмкүн. Ыр Оми -  Өмүр  сөзүнүн тескери окулушу, экени байкалат.  Мына ушулардын баарынын  башталышында турган Кан - Ча - айым апабыз болгон.  Кан – Ча - айым Апабыз “Кызыл өзөн” деген жерде өзүнө атайын ордо курдуруп, жанында карманган, Чаян кандыктан келген  500 бала, 500 кызы менен  өзүнчө турчу экен. Бул жердин болжолу Ысыккөлдүн алдында калган байыркы Чигу шаары  болгон. Башкаруучу Гуньмо үч айда   бир келип , көрүшкөнгө  акысы болуптур. Башкаруучу  жашынын өтүп калганына байланыштуу, Кан-Ча-айым апабызга, өзүнүн оордуна - небересине  баш коштурууну   айтат экен. Көп кеңешип жатып макул болушуптур. Ошол учурда   башкаруучу каза болуп калып, башчынын небереси Лйегя-оми бийликке келип, каныша ошого турмушка  чыгыптыр. Менин болжолумда Лйегя – дегени Илелик (Н.Я. Бичурин 2-том 315-бет.) б.а Или жеринен деген маанини түшүндүрсө, оми - дегени, илгеритен эле  өмүр деген  сөз болуп, Амур дайрасын  билдирип турган. Ошол  Или дайрасын Иля деп аталганы Н.Я. Бичурин 3-китеп 179 - бетте жазылат. Өмүр деген  сөздүн кыскарган түрү оми болсо, анда орустардын Илья Муромец  деген баатырынын атына  окшош болгону көрүнүп турат. Усунь элинин биринчи Гуньмиси ушул адам болгон. Алар Канчайым апабызды  Василиса деп атап алышкан экен. Бул сөздү талдап көргөнүбүздө “Ва” – “ван” деген  маанини билдирип турган. Андан ары “си” дегени “ча” деп окулса  “ли” дегени “сак”  деген маанини тушундуруп турганы ачык. Кыргыз тилинде  Улуу хан Чали канышасы  экени тастыкталат. Көп өтпөй апабыз каза болуп калган экен.  Андан соң   Чаяндар  Онсуу элине,  теги чаяндан болгон ,  Чу элинин улуу ханынын  небере кызын канышалыкка жиберген. Андан башчы  бир  балалуу болгон.  Башчы каза болоордо,  бийликти  атасынын инисинин баласына өткөрүп кеткен экен.  	Мына ушул  жерден  санжырада айтылган Ак уул, Курманбек эпосундагы Аккан достун  кайсы тектен экендиги  белгилүү  боло баштайт.
         Ал эми үчүнчү келишинде, Чаяндардан (Цян) Алтайга келген каныша - Манастын энеси Чыйырды болгон. Н.Я.Бичурин 1-том 240-бет. Ошол себептүү Манас эпосунун 48-вариантында, Чыйырды апабыздын аты Чаакан деп берилип келет. Б.а. Чаа кандыктан келген каныша болгон. Ошол тушта, Чоң Ала Тоодо- Сак деген эл жашаган. Айрым бөлөк  элдер аларды Ли деп коюшкан. Ошентип, Чаа хандыгынан келген биринчи, экинчи каныша, Сак элине келип кошулуп, жаңы курула баштаган өлкөнүн  аты “Чали” болуп, ал сөзгө түпкү тектери болгон, Жан Суулук Кушчу падышасынын тукуму эске алынып, Жан деген сөз уланган. Ча Ли Ян деген сөз келип чыккан. Манас эпосунда: “Ушу  турган  Бейжинге,  Чалиярдын чамасы келбеген” – деген  ыр саптары кездешет. Ошол эле учурда Чаа деген сөз  айрым элдерде  Си, Ци деген маанини  туюнтуп, жаңы ордо куруп жаткан Чалиян өлкөсүн - Силиян деп атагандар да болгон. Ала Тоодо Цигу деген эл жашаганы окумуштууларга белгилүү. Ча сөзүнүн Си, Ци деген түшүндүрмөсү бар экендиги тууралуу ойду, өзүмдүн изилдөөлөрүмө таянып айттым. Cи хан дегени Ча хан болуп окулат. Ошол эле сөздүн  Цянь хан экени Н.Я. Бичурин 1-том 25-бетте айтылат. Мына ушул сөздөрдүн түшүнүгү  белгилүү  болгондон кийин, илимде чоң алга жылуу болоорун, алдын ала айтып койууну эп  көрдүм.  Орустар Миндуулаттан  бөлүнүп кеткенде, өздөрүн Силиян чөлкөмүнөн келдик деп айтышкандыктан, Славян атка конуп кетишкен. Орус элинин  түпкү тектери  Сей элинен болоорун  өзүмдүн “Тарыхка чейинки Русь” деген китебимде жазган болчумун. Манас эпосундагы Масейил эли  .	
        Или дайрасынын баш жагынан,  ага келип кошулган  дайранын аты, ал мезгилде “Каркыра Суусу”- деп аталчу. Тарыхка Хурь-хара-усьусь дайрасы  деп кирген. Н.Я. Бичурин 3-китеп 61-бет.  Ал жерде жашаган элди кытайлар Шуан-хэ деп аташчу экен. Адегенде Гйешуанна, андан Гуйшуан, андан өзгөрүп  Шуанхе болуптур. Котормосу Кушчу . Бир бөлүгү  Венгр болуп кеткен экен.  Хурь-хара-усусьтан  хара деген сөз түшүп калып, Хурусь  болуп кыскарып, андан  Русь деген сөз жаралган. Орус окумуштуулары  Русь деген  сөздү Русло деген  сөздөн чыгарышат. Каркыра Суусу деген, сөздөн Русь сөзү  чыгаарын билишкен эмес.   Жакындап  барышкан - бирок так эмес.  Мына ушул суунун боюнда, ал мезгилде жашаган эл - орустар болгон.  Төрөбек Оторбаев, “Тарыхка чейинки  Русь”  китеби  305-319 бет. Бишкек. 04. 03.  2015-жыл. Ошол тушта Чоң  Ала Тоодо жашаган Сактардын, Каңгылардын ж.б. элдердин үстүнө, мурда Жан Суудан бөлүнүп кеткен кушчулар, байыркы Талаш (Чжанйе) чөлкөмүндө көп кылым жашап, анан Өгүз хандын тушунда, ага баш ийген “Батыш акылман хан” тарабынан, байкоосуз жерден чабылып, жер которуп, Cыр дайранын түндүк  жагына, Тажик жерлерине, Алатоого, Или дайрасынын аймагына чейин  тарап, б.з.ч. 174-ж.  түпкү ата мекенине көчүп келиптир. Он Суу эли менен жамааташ жашап , б.з.  6- кылымына чейин  бирге  турду. 630-650 жылдарда болуп өткөн граждандык  согуштан кийин, Миңдуулатты жуңгардагы уйгурлар басып алган экен. Кытайлар аларды Юйебань деп койчу экен. Алар Илиде турганда Юйебан, Йе-Йе аты менен аталганы тарыхка түшкөн. Юйебань  убагында мамлекет түрүндө болуп, “Бан үйү” деген маанини берип турган. Бань деген сөз, көз каранды (вассал)  мамлекет дегенди билдирген. Н.Я.Бичурин 2-том 68-бет. 1-том 355-бет. Андан соң, ал өлкөнү  Туулга үйү  каратып алган.  Кийин Туулга үйү да чыгыш - батыш болуп  экиге бөлүнүп кеткен болот. Падышалык адегенде кушчулардын колунда болуп, кийин Чаян кандыктан келген канышадан тараган тукумга өтө баштаган экен. Ал жерди орустар Чубань,  деп атап келсе, кыргыздар ал үйдүн ээсин - Чубак дешти. Манас эпосунда  - “Банды уулунан канча жан, урушуп өлдүк Манастан” – делет. 
       Орустардын  Йева энеси, Йе-Йе жеринен чыккан деген ойду  изилдеп таап, китебиме да жаздым. Бул  жерде жашаган Цян б. а.  Чаян журту  байыркы Талашта, б.а Байыркы Чжанйеде жашаганы тарыхка түшкөн.  Менин жеке пикиримде Йева, Усуньдардын падышасы Кара Дайралык  Күнбайга,  Чайан кандыгынан аялдыкк келген  Канчаайым – Малика -Чалыке болгон деп айтууга негиз бар. Ирандыктар  падыша дегенди “малик” деп коюшат экен. Алар  падышалыктын аталышына  кара дариялык орустардын аталышын уңгу  сөз катары айтышканы  байкалат. Мохе сөзүнөн  мо алынып, ага сак деген сөз - ли уланып, “молике” деп айтышкан көрүнөт. Ал эми падышалыкты  куруп жаткан, канышанын жааты, аз санда болгонуна карабай, падышалыктын аталышын, Ча элинин аты менен баштап  айтканы дааналанат. Ошондон улам Малике деген сөздүн оордуна, Чалике деген хандык пайда боло баштаганы көрүнөт.
       Адегенде, кыргын согуш Хан-ча-айымды талашуудан келип чыгыптыр. “Чоң үй ээси билги  – Чаян кандыгынан келген канышанын, “Чоң үйгө” ылайыктуу экенин айтып, усуньдардан канышаны алып койуу  аракетин баштаган. Ошондо каныша Канчаайым апабыз, атасына чоо жайды айтып,  түшүндүргөндөн кийин, Чаян кандыктан  көп аскер келип, байыркы Талашта, анын айлана тегерегинде олтурган  кушчуларды ж.б. урууларды  чаап, батышка сүргөн.  Усундардын башкаруучусу батыш жагынан  кол менен каршы аттаныптыр. Ошондо  кушчулар Или дайрасынын түндүк жактарына, Ала Тоо чөлкөмүнө, Дахьяга   сүрүлүп  келишкен экен.  
      Он Суу элине Цилими (Чалими) бийликке келген. Ал көтөрүлүшчүлөрдүн колунан каза болгондо, анын оордун тартып алган эмеге, алтын  мөөрдүн оордуна жез мөөр берилген экен. Көп өтпөй эле кушчуларды чапканда катышкан  “Он суу элинин” велможасы өзү чабылып, Или дайрасы,  Жетисуу, Чу чөлкөмүнө  сүрүлүп келген. Алар келгенге чейин эле Или, Жети суу аймагын,  батыштан – чыгышка, андан  мурда, Юлий Цезарьдын убагында  Рур  бассейнинен  чыгышка  жер ооду болгон  Рюриктер - жердеп калган болчу. Чыгыш бөлүктү түзгөн: Ди, Динлин, Пуллей, И, Мохе-чернореченские, Гуси, Уге, Синло, Мо, Сушень, Лимо,  Гуньми, Мин (Миң), Дили,  Чернагорцы, Белогорцы, Лобдуктар,  Ичжы,  Цзюйми,  Йеди,  Идань,  Балты, Чуван, Прусы ж.б.  тайпалардын курамында  орус тектүүлөр басымдуулук кылган. Тайпалар   Рюриктерге кошулуп, орус тектүү элдердин күчү арта баштаганы байкалат. Албетте айрым тайпалар  сак уруулары менен  аралаш  жашаган.  Эгерде  ошол аймакта  жашаган:  кушчулар, түргөштөр, карлуктар, кыпчактар, жүйүттөр, бугулар, булгаарылар, чаяндар, рюриктер, кесек, найман, тейит, сабир, уар сыяктуу тайпаларды,  көптөгөн майда  урууларды эсепке алганда, түзүлгөн “Он суу  каганаты б.а.  Усунь  каганаты зор күч менен  тарыхый мейкиндикке чыккандыгы көрүнөт. Адегенде алар түзгөн падышалык Чалияр (Силиян) болсо, кийин Дулу, Нушиби болуп бөлүндү болду. Дулу тарабындагы орус тектүү элдер, Силиян сөзүн өздөрүнө   алып калышкан. Ошондон Славян атанып кетишкен.   Туулга үйү  жалпысынан  Дулу деп  аталган болчу. Мына ушунча элдердин  биригишине биринчи из салган, Чаян элинен  келген  каныша  апабыз  Кан-чали-айым –Ван-силиса  болгон экен.  Тарыхта апабыздын аты Си-гюн деп берилген. Си дегени баягы эле Ча, ал эми гюн –дегени облус деген маанини билдирет.  Кийин “Он Суу” элине каныша болгондо, Йе сөзүнө ван деген сөз уланып, өзүнчө бир даражаны билдирип туруптур. Даражасы жагынан  падышадан кийинки   орунда болгон б.а. Кушчу падышалыгынан кийинки орунда болгону билинет. Ошентип Йеван деген сөздөн- Йева аты  келип чыккан экен. Орустар  Йе-Йеден б.а.  Байыркы Талаш болгон жерден келген каныша - деп айтканы көрүнүп турат. Башында  байыркы Талашта (Таласта) турган “Он суу” элинин  башчысынын аялы болуп, кийин эли чабылганда  Или,  Жетисуу аймагына келгенде -  Йе ден келген каныша дешип, анын аты Йеван болгону байкалат. Н.Я. Бичурин 2-том 322-бет. Бул аталыш орустар  тарабынан болгону билинет. Канышанын, мурда  Чаян элинен келгени унутулуп калган экен.  Ошондой эле шартка Иван деген сөздүн келип чыгышын айтууга болот. Бул сөз  И  элинин улуу ханы деген маанини берет. Или дайрасынын аты эки сөздөн  турган: И жана Ли.  И - мамлекеттин аты, орустардын өлкөсүнүн аты. Ли – Сактар болгон. Бир учурда  ушул аймактын элинин атынан чыккан, Илья  баатыр болгон. Или дайрасы  чек ара  болуп, түндүк жагында орус, карлук, түргөш, кушчу, кыпчак, жүйүт ж.б. элдер болсо, түштүк жагына  Чу-Талас - Тяньшань чөлкөмү туура келген.  Бул жердеги тоолорду , ал мезгилде “Небесные горы”- дешсе,  Падышалыкты” Небесные  царства”- дешкен. Онсуу элинин айрымдары, өлгөн  адамдарды: “царства ему небесное”- деп  узатышчу  экен. Эки тарабында тең орус тайпалары болгон экен.
      Ошентип, батыш аймакта  көптөгөн элдер чогулуп, чоң хандык пайда болгон. Ошондон улам, кийин  Катта хан (Катаган) деген  эл аты келип чыккан. Санжыра бул элди Кара Теңеш, кытайлар “Чоң үй ээси билги” - деп атады. Тарыхта “Большой  Юечжы” деп аталып, ошол аталышты кытайлар өзгөрткөн эмес. Башында Кара кушчу, Чон кушчу атын алып жүргөн элдин аты өзгөрүп кеткен. Биз “Чоң үй ээси-Билги”-деп айтуунун оордуна, Катта хан б.а. Катаган деп айтып калдык.  Бул ой  биринчи айтылып олтурат. Ошол күндөн баштап, мурда  Чалихи падышалыгы түптөлүп жаткан болсо, катагандардын күч алышы  менен падышалыктын аталышына, хандык деген сөз уланып айтыла баштаган. Мурда падышалыктын атына кошулуп айтылган Хи, Ян, Ми деген сөздөр, Хэу деген сөз  менен алмаштырылган. Ошентип: Чалыке, Чалукья, Чалияр, Силиян, Цилихи, Чалиян, Цилимий деген сөздөр Чалике деген сөздүн өзгөргөн түрүнө кирет.  Бул өзгөрүүлөр Манас атабыздын тушунан баштап ишке ашырыла баштаган эле. Ке тыбышынын Кыргыз атуулдарынын атына уланып айтылуусун - Манас өзү  Жолойго айтып - кийриген экен. Н.Я. Бичурин. Байыркы заманда Орто Азияда жашаган элдердин тарых жыйнагы. 1-том 102-бет. Ошондон улам, Чалике, Асанбек-Асаке, Үсөнбек-Үсеке болуп айтылып калган экен.  Ке деген сөз  Хэу деген сөздөн кыскарып, хан деген  маанини билдирип турган. Бул тууралуу айтканыма көп болду, бирок  окумуштуулар ишене бербеди окшойт. 1992 - жылы Манастын тарыхый инсан экендиги тууралуу “Манас  Ата  тарыхы”-  китебимде  да көп жаңылыктарды  айткан элем. Ошол кездеги окумуштууларыбыз бир сыйра дүрбөлөң  болушуп, анан  ой  өзүнүкү  болбогон  соң,  тынч  алып  калышкан  болчу.
        Кийин Чаа Тоо, Зашаң Көл, Кызыл Ой, Чаян деген жерлерде жашаган, Чаян эли да, кушчудан тараган журт болгон. Алгачкы белгилүү болгон учуру, Жансуу деген чөлкөмдө жашаганы үчүн - “Жанккушчу”- деп коюшкан.    Ала-Тоодо, Сак деген эл жашап турган. Канышанын тегерегине, аны менен бирге келген 500 бала 500 кыздан тараган падыша тукуму болгон - чаликелер,   Бугу, Рюрик, Кыпчак, Карлук, Кушчу, Мохе, Булгаары, Түргөш, (Фуфоло) – жүйүттөр кирген. Жүйүттөр Иртыш дайраларынын бойлоруна көчүп келгенде, ага жергиликтүү  Миңдуулаттын  башчылары:  “Хэу- лэу-Фуле”- кыргызчага которгондо “Теги бөлөк б.а. теги Чаян кандыктан болбогон, Иле жергесиндеги  - Бөрү  ханы.  Ал эми Вей династиясынын тилинде - Улуу теңир уулу -деп коюшчу  экен.  Бүгүнкү  күндө эврейлер өздөрүн  Ашкуз, Ашканез деген  тектен тараганбыз дешет. Бирок ал тек эмнени билдирээрин - биле беришпейт окшойт. Жүйүттөр эврейлердин ата бабаларынан болушкан. Ал мезгилде  Жүйүт, Фуфоло – атында жүргөнүн өзүмдүн изилдөөлөрүмө таянып жаздым. Фуфоло деген сөз, Сол бөрү  деген түшүнүктөгү   сөз болуп чыгат да, түбү  кыргызга   тектеш   тайпа экени билинет.  Мурда  мындай көз караш  болбогон. Менин 2015 жылы  чыккан  китебимде, Эврей элинин түпкү теги жөнүндө  кенен  сөз  козголот.  Көлөмдүү  очерк   китебимден  орун  алды.
  630-жылдарынан баштап,  Кытай тарыхы Нушиби деп койгон  Чу-Талас-Тяньшан тарап өзүнчө бөлүнүп, борбору Талас болгон. Буларды  “Он Ок” тукуму деп койгон. Он уруудан туруп, ар бир уруу бирикмесинин башчысы – кагаанга чогулушка келгенде колуна, өзүнө баш ийген канча уруу болсо –ошончо жаанын огун  ала жүрчү экен. Ошондон Он Ок аты келип чыккан.  Он Ок деген сөздү кытай тилине которгондо  Шеху   болот. Б.з. 555 - жылы Таластын Миңбулагын  жердеп, журт башкарган Шегуй кагаанды эске алганда, ал түзгөн өлкө, он уруудан турганы  көрүнүп турат. 
        Ал эми экинчи тарап Туулга тукуму атка конгон. Ошол туулга деген сөздү, айрым элдер дулуга деп айткандыктан, ал сөз кийин  Дулу болуп  өзгөрүп, тарыхка түшкөн экен. Андан кийин ал сөз  ки-долу болуп өзгөргөн.  Кидолунун дагы бир түрү бул Анадолу. Энеси туулга үйүнөн келген каныша деген маанини билдирет.Анадолудан  чыккан сөз Анатолия. Туркиядагы жердин аты. Анадолу Туулга падышаларынын урпактары болот. Чалике падишахтарынын  тегинен болот. Дулуну Тукюйе дейт. Н.Я. Бичурин 3-китеп  176-бет. Санжырада Миңдуулат болуп айтылып калган.  Кийин Миң тукуму - Хазар деген атка көчкөн. Жайыл менен  Миңтуулга тайпасынын ортосунда болуп өткөн 20 жылдык граждандык согуштан кийин,  Миндуулаттан бөлүнүп кеткендер да болгон. Алар мамлекетин Хазар б.а “Миң” деп атап алышкан экен. Данапар дайрасынын куймасына жакын жерде, байыркы Киев шаарын кура башташкан. Баштапкы чагында ал калаанын төрт тарабында  эшиги болуптур. Эл аны  “Өгүзкана” деп коюшчу экен. Шаарды курганга , хан тукумунан болгон үч адам ынтымак куруп, иш баштаган. Аларга,  Кий - Чоң Ала Тоодон болгон Ки- хэу, падыша тукумунун өкүлү экен.			  Шеху - Он Ок падыша  тукумунун өкүлү- Шегуйдун тукуму болуптур. Н.Я. Бичурин 2-том 68-бет.
       Хориф -  Кутуустун урпактары, Манас эпосундагы  Алооке хандын урпактары, б.а  “Чыгыштын  кароол ханынын”   тукумдарынан  болушкан.  Алгачкы король тукумдарынын урпактарынан болгон. Булардын кароль деген сөзү, Хунндардын “Чыгыш менен батыштын кароол кандарынын”  атынан келип чыгат -  деп чечмеледим. Жогоруда айтылган ой толгоолор азырынча менин жеке оюм,  кийин бул айтылган ойлор  туура болуп чыгаарына мен ишенемин.
        Учурунда  Чаян элинен канышаны ээрчип келип кошулуп, бийлик башында болгон  Чалике тукуму, Миндуулаттын башкаруучу төбөлдөрүнөн болушканы   белгилүү болот. Түпкү журту Жан Суулук  Кушчу  экендигин башта айткан элек.
        Дуулат тайпасынын башчысы  Шехуну,  Ябгу хи- хэу  деп атап коюшкан, кытай  “Йеху”деп атап алыптыр. Ошол Туулга үйүн Кытай тарыхчылары “Тугю”, “Тукюе”  деп атаган  дейт. Бул аталыштар баштапкы чагында Түрк, Түрк үйү деген мааниде болгон. Айрым  тарыхчылар  алыстагы эл деп, болжоп, которуп койгондору да болгон. Тугю, Тукюе  деген сөздөрдүн эң алгачкы мааниси Туулга, Туулга үйү деген маанини түшүндүргөнүн өзүмдүн 2015 - жылы чыгарган китебимдеги  изилдөөлөрүмө  таянып айттым. Түрк деген сөздүн түп мааниси -  Туулга болуп чыгат, мындан мурда мындай чечмелөө болгон эмес. Ушул элдердин тарыхын кытайчадан которуп жазып чыккан Н.Я.Бичурин да, эмне себептен бирде Тугю болсо, бирде Тукюе болгонуна түшүнө бербегенин өз эмгектеринде айткан болчу. Түрк деген сөздөн Тугю чыгат деп болжогон болчу. Чындыгында Тугю сөзү Туулга  деген сөздөн чыгат. Ал эми Тукюе дегени Туулга  үйү деген манини билдирет. Или дайрасынын түндүк жагындагы жер чөлкөмүнүн түзүлүшү туулгага окшош болгону үчүн -  Туулга аты келип чыккан экен. Ойду андан ары улаганда, Түркия  деген сөздүн чечмелениши  Туулга экендиги эми белгилүү болот. Ал эми орустар батышка бөлүнүп кеткенде, барган жеринде “Биз  туулганы таштап келдик” - дегени тарыхта калып калган. Батышка оогон Рюриктен тараган тайпа  Новгороддун түндүк батышынан орун алган экен. Бул тарыхый шарт Рюриктин сегизинчи урпагы болгон, Ярослав Мудрыйдын тушунда болгон. Америкадагы  Славян тукумдары, Ярослав  Мудрыйга арнап  чиркөө салышып, анын ичине  жолум үйдөй болгон чоң туулга  жазашып, анын бет маңдайына  Ярослав Мудрыйдын сүрөтүн тагып коюшкан. Орустар ушул күнгө чейин  эмне себептен Туулганы таштап келген эл экендигин - билбей келишет. Ошол тушта  түндүк жакта качкынга айланган элди “Варяг” деп коюшкан. Бул сөздү Миңдуулатта жашаган  элдин орток тили болгон Кыргыз тилине которгондо  “Жапайы топоздор” болуп чыгат. Ошондой эле Волга дайрасынын аты да Вол  деген сөздөн  чыгып, “Өгүз” деген маанини берет .  862 – жылдардан тарта  бирдиктүү Русь мамлекети түзүлө баштаган . Бул жерде улуу ачылыштар  бизди күтүп турганы талашсыз. Ушул менин айткан оюмду жерге таштабай изилдөөнү  уланта турган адамдар табылаарына мен ишенемин.
        Ортодон бир топ убакыт өткөндө, бул куралган өлкө экиге бөлүнүп кеткен болот. Түндүк тарабы туулга б.а. “дуулат” тайпасы болуп,  түштүк жагы  “он ок” б.а. “жайыл” тайпасы болуп кайра  түзүлөт. Ар тарабында  бештен уруу болот. Адегенде, журтту Кан ча айым канышанын ага туугандарынан чыккан,  “сол үйүнүн улуу  жолбашчысы” Чалими падыша б.а. Чалике убактылуу башкарган болот. Ми деген сөздүн чыгып калышынын себеби, каныша Он суу (Усунь)  велможасына турмушка чыкканын эске алганда, ми деген сөз, Миң тукумуна тиешелүү , орустун бир тайпасынын  аты    экендигин байкоого болот. Ал тайпанын башчысы, Или дайрасынын оң куймасы болгон,  “Чилка” суусунун боюнда олтурчу экен. Балибай - туулга  падыша  өлгөндө, анын аялы ордодогу  туугандары  болуп, бөлөктөргө айтпай  анын баласын - Чабол Чалихини  туулга падыша кылып көтөрүп жиберишет. Салт боюнча  падишах  кайтыш болсо, такка иниси олтуруш керек болчу. Ошондон  улам чатак чыгып,  эл бөлүнүп кетти. Жайылдан Миндуулат бирото эле  бөлүнүп чыкты. Санжырада Жайылдан тараган Миңдуулат болуп айтылганы ушул себептүү болот.  Ушул эки тууган эл 630  -  650 жылдар аралыгында,  20 жыл бою согушуп, жер ээн калган экен. Ошондо,   Дөлөнкан  күчтөн тайып,  алсырап турган кыпчак, кесек, найман, тейит, карлык,  кушчу, аба-ар, саруу, фуфоло, сабир, уар  сыяктуу Миндуулатка тиешелүү урууларды  тыйпыл  чапкан. Тарыхта, Дөлөн кандын аты - Тули хан  деп  жазылыптыр. Бул жаңы көз караштарды өзүмдүн изилдөөлөрүмө таянып айттым. Курманбектин  өткөнүнө 500 жыл болду деп той берип таштады элек , эми кандай болоорун  билүү кыйын. Бул учур Курманбектин заманы болгон экен. Элдин бир бөлүгү болгон -  Аккан достун эли, Никола баштаган орус тектүү элдер  – батышка   Булгаары тайпасынын жерлерине , Новгород тарапка  ооп кетти. Миң тукуму  түштүк тарапка, Астархан тарапка  ооп, Хазар мамлекетин түптөөгө киришти.  Жаңы түптөлүп жаткан  Булгаары тайпасы,  ушул баш аламандыктан  пайдаланып,  миңдуулаттан бөлүнүп кетти. Түндүк жакка Дуулаттын улуу колбашчысы -  солдун уулу Чабол Чаликени ээрчиген  кушчулардын уруулар бирикмеси  -  Cеленга, Энисейге чегинип кетишти. Ал жерде:  Ча көл, Чаган суусу, Каратал, Каракушчу, Чаулуту, Эдер, Эгин, Буксуй (Суук Суу), Улактай көл  деген жерлерде, эчен кылымдап  күн  кечиришти. Тарыхка  алар  Алтай, Энисей  кыргыздары катары жазылган. Кыргыздардын 6-8 к. аралыгындагы жашаган  учуру, тарыхка  “Чаа таш” маданияты -  деп түшкөн. Алар мурда “хилер”  атанып жүрүшкон, Жайыл тайпасы тарабынан кушчулардын башчысы  Түтүк өлтүрүлгөндө, кушчулар Жайылдан бөлүнүп, Кучженхи  атына көчүп алышкан экен. Кийин Хилер атына көчүп  алышы  б.з 662-жылдары болгон экен. Бул учур Енисейдеги кушчулардын кайрадан Жайыл тайпасына  кошулганын  билдирип турган. Хи деген сөз Ала Тоолук  падышаларга б.а. Жайыл тайпасына  тиешелүү  падыша деген сөз экен. 5 – 6 кылымдар аралыгында Чаликелер баш болгон , Миңдуулат менен Жайылдан чогулган 16 уруунун  аскерлери ,Индияны каратып, 4 падышалык курганына байланыштуу, падыша, падишах  деген наамды , Миңдуулат менен Жайыл тайпасынын  эл башчылары  да  алып жүрүшкөн. Тарыхта  падыша деген сөз  хи деп жазылган. Бул наамдын  пайда болушу, Индия менен Миңдуулаттын ортосунда байланыштын болгондугунан кабар берет. Элдин хи атына көчүшү, Индиядагы Чалыке династиясынын өкүлдөрүнүн Жайыл менен  Миңдуулатка келишип , бийлик масалелеринде катышынан  башталган. Мурда, Кошойдун учурунда , кушчунун каны  кан Кошой болчу. Кандык бийлик  ,падышалык болуп өзгөрүүгө учураган.  Бийлик талашуу башталган экен. Ошондо  Балибай хан өлүп, анын аялы чалыкенин кызы, мүмкүн Индиянын падишахтарынын кызы- Миңдуулатка   өзүнүн уулун падыша көтөрүп таштаган. Салт боюнча иниси такка олтуруу керек болчу.  Ошондо эки тайпанын ортосунда башталган согуш  20 жылга созулган болчу. Согуш  нушибинин жеңиши менен аяктаган. Миңдуулатка караштуу эл , туш келди тарап кеткен экен. ОРУСТАР БАТЫШКА, түштүккө, кушчунун айрым уруулары, анын ичинде чалике уруусу түндүккө Энисейге көчүп кетишти.  Дагы көп эл Индияга Чалыке падышалыгына барып кошулуп, Чаликенин империясын күчтөөгө чоң салым кошкон. Ортодон бир нече кылым   өткөндө ошол Чалыке  тукумунан  чыккан Кубат бийдин падишах деген наамы болгон.   
       Ошол учурда Алатоодон Японияга  Химико аттуу каныша  турмушка чыккан. Японияда  Кансай деген жерде Сематай аттуу шаар болгон.Так айтканда Сйе-матай, бул сөздөн йе сөзү бар. Байыркы Талаштын аты – Чжан - йе. Облустун аты Ганчжэуфу болгон. Өмүр (Амур-Оми) дайрасынын (Бей) түндүк тарабынан  келген  Дөөлөстөрдөн чыккан Агабийлер (Абейгими)  бийлик кылган. Кийин алар Жапан элинде  бийлик жүргүзүшкөн.     

Болуп өткөн так талашуу согуштары Миңдуулатты телчиктирбей, кулоосуна шарт түзгөн. Адегенде, Шегуй тактан кулатылган соң, Миңдуулаттан бөлүнүп чыккан Түргөштөр, Чоң Кемин суусунун боюндагы Суябды борбор кылып, Чүй, Таласка көчүп келишкен экен. Мына ушул жерден баштап, Туркия элинин тарыхы башталат деп айта аламын. Андан кийин 751-жылдагы чоң согушта, түргөш тарабы жеңилип калган соң - алар, Синцзянга ооп кетишти. Түргөштөрдүн тогуз уруусунун андан кийинки баскан жолун тактоо талапка ылайык келет. Ушул жерден Түрк элинин алгачкы тарыхы башталат деп айтууга негиз бар. Көчүп барган түргөштөрдү жергиликтүү эл Тюкиши деп атап алган экен. Бошоп калган жерге, Тарбагатайдан мурда көчө албай калып калган 200 миң адамдан уланган, Карлук эли көчүп келишкен экен. Карлуктардын Тургул Карахан деген башкаруучусу болуптур. Ал кийин элин көчүрүп кеткен. Барган жеринде , курган шаарына - Анын аты олия- деп ат койгон экен. Эл ,Тургулду Олуя ата деп атачу экен. Күмбөзү Тараз шаарында. Мүмкүн Осман империясынан кийин, Туркияда бийликке келген Эр Тургрул - ушул адам болгон чыгаар.

          Чалике  уруусу кушчулар менен бирге Энисейдин бир куймасы болгон, Селенга дайрасынын  бойлоруна жер которуп,  17 - кылымдын 80-жылдарына чейин,  Энисей менен  Үчтурпандын   аралыгында орун алган   жерлерде, көчүп-конуп  жүрүшүп, күн кечиришкен  экен.
          Эми Чалике уруусунун  аксакал, карыяларынын  айтканына кайрылсак,  бешинчи  кылымдарда ,канышадан тараган, аны ээрчип келген  Чалике уруусунан чыккан  канзаадалар элдин бир бөлүгүн ээрчитип, түштүккө  казатка  кеткен экен.   Бешинчи кылымдын орто ченинде  ортонку  Индия чөлкөмүндө Чалыке атанган төрт  падышалык болгон экен. Өзүнчө династия түптөлүп , бешинчи он биринчи кылымдар ортосунда , жетимиш төрт падыша өткөн экен. Алар  жүздөн ашык храмдарды курушкан. Ал эми Энисей, Ангара чөлкөмүнө кеткен кыргыздардын катарында,  чалике уруусунун өкүлдөрү  болушкан. 						Ортодо эчен убакыт өтүп, уруш талаштарды башынан көп өткөргөн кушчулар  эми Үчтурпан  да бизге жер болбой калды, уй түгүндөй көп калмак ме¬нен согушуу акылсыздык -  деп, Үчтурпандан түштүккө – Баркөлгө көчкөн  дейт- К. Сыдыкова. Эл андан кийин Акчийге, Какшаалга көчүп келишиптир. Кушчулар Какшаалды мекендеп турганда, Kубат бийдин  уулдары   Абайылда, Берик деген адамдар , Кара Чийди борбор катары тутушуп, ошол жерде жашашчу экен. Элибиз ал жерде көптөгөн жылдар жашашкан.  Кийин өз ара чактакташып бөлүнүп кетишкен. Чырдын башы Үч-Меркечте турган Абайылда, Бериктин аталаш туугандары Чоко менен Токтокүчүк, аштыктан салынган салыкты, “ушул деле жетишет” - дешип, толук төлөбөй коюшат. Аштыктын чени жерге орнотулган,  бийиктиги 3 метр келген казык экен. Аштыкты ошол казык көрүнбөй калганча төгүүлөрү керек болгон. Айтылган чен толбой калыптыр. Берик айткан сөзүн жерге таштап койгону үчүн кек сактап калат. Кийинки жылы бир ашта Чокону  конокко алып, чоң селкинчек орнотуп, колуна бүркүтүн карматып “Селкинчекти таң аша тепсең, бүркүтүң алгыр болот”- деп,  түн бою Чокону ыргакка  түшүрүп, ыза кылат. Чоко таарынып, ашка күтпөй бастырып кетет. Жаз да келет. Чоко Меркечтен аттанып, бүркүтүн колго кондуруп алып, Кара Чийдеги -  Кара Сегин деген жерде, элге арык чаптырып жаткан Берикке атайлап барып жолугат.  Берик, бүркүттү алып көрөйүн  дегенде, Чоко: “Бул кара кашка тынар, муну көрүнгөн эле киши кармай бербейт”-деп, элдин көзүнчө  Бериктин шагын сындырган экен. Берик өзү баатыр адам болгон. Арык чапкандар  Чокону кармай турган болгондо, ал күңгөй тарап менен качып, Үчтурпанга барат. Ал кезде Үчтурпан кичирээк шаарча  экен. Баш Чакмадан тартып, суунун бою кең жайлоо болуп, ал жерде Калмактардын бутканасынын кудаят – делген, төрт жүздөй аты багылчу экен. Чоко бул аттарга сырттан көз салып жүрүп, бир күнү Жаркөпүрөдөн айдап өткөрүп, Отбашыга чогултат. Ал күнү, Какшаалдан Үчтурпанга бара жаткан жолоочулардан, “Буткананын аттарын Абайылда менен Берик айдап кетти”- деп кабар айттырат. Андан кийин ал, жылкыга тийип,  уурдалган жылкыларды  жиниккенче катуу айдап, баспай калгандарынын  башын кылыч менен кесип, тумшугун аттын чатына тыгып коюп, жүрүп олтурат. Артынан чыккан калмак куугунчулары, өлгөн аттарды көрүп таң калышат. Андан соң: “Калмактарды да ушинтип башын кесип, артына тыгам деген белгиси - деп түшүнгөн”  калмактар, элине кабар кылышат. Ошондо, Чоко калган аттарды андан ары айдап, Чал деген жердеги кашаттын башына өргүтүп коюп, эки жолдошунун бирин Абайылда, Берикке жиберип, Калмактардын атынан: “Согуша турган жериңди айт”- деп кат жазып жөнөтөт. Чоко өзүнүн  жакын туугандарын  көчүрүп, Тешикчапты ашып Ыссык Көлгө көчүп кеткен экен. Азыркы Бөкөнбаев айылындагы Кутчулардын айрымдары,  ошондо бөлүнүп кеткен Чалике  туугандарыбыз болгон. Ал эми К. Сыдыкова айткан сарбагыштардын  40  үй-бүлөсү, кушчуларды ээрчип кеткен. Ал учурда  5000 ге  жакын сарбагыштар, Ыссык Көлдү тегеренип, көчүп-конуп жүрүшкөн. Үркүндө алардын көпчүлүгү  Анжиан тарапка ооп кеткен эмес. Чоко менен Токтокүчүктөн тарагандар Жан Кушчунун Чалике уругунан болушкан.  Ал эми Чулдук, Жыргалбайдан тарагандар, кийинчирээк Таластан барган, Жан Кушчунун Чалике  уруусунун  адамдары болчу. 
         Калмактар менен башталган чатак уланды. Эми Какшаал да жер болуп бербеси ачык болгондо,  Дуулат тайпасынын кушчулары, Абайылда, Берик, элди Анжианга, андан соң  Таласка  көчүрүп келип жайгаштырганын -  Усейн ажы  айтат. Талас чөлкөмүнө көчүп  келгендердин  бир бөлүгү, ушул күндө  Кара- Арча деген жерде   жашап жатышат. Ыссык Көлгө баргандары да болду. Элдин басымдуу бөлүгү Талас  өрөөнүнө 1680-жылдары  көчүп келди. Ортодон бир топ убакыт өткөндө, чачылган кушчулар, ар кандай ат менен кайрадан чогулган экен. Көк кушчу, кара кушчу, лалым кушчу, сары кушчу,  таз кушчу ж.б. аттарга конушуп,  элге кошула баштаган. Кушчу уруусунун генеалогиясын  аңдап, карап көргөнүбүздө, эң байыркы катмарды - Өгүз журтунан бөлүнүп чыккан,   Жансуулук кушчулар аты  менен белгилүү болгон -  Жан кушчу уруусу болуп чыгат. Эми санжырадан түбөлүктүү өзүнө тешелүү оордун ээлейт.  Андан кийин Көк кушчу –Көкөноорго барган кушчулардын конгон  аты, Кара кушчу  - Суйчжефу, Ганчжефу, Ляньчжеуфу  ж.б. облустарда болуп келгендиги тууралуу маалыматтар  көп. Анын бири Н.Я. Бичурин. 3-Китеп 16-бетте айтылат, “Элдин зору кушчу” - атына конгон  Каракушчулардын аты. Анын ичинен Ганчжеу фу -  Байыркы Талаш. Сары Көлдүк кушчулар  б.а Шаранорго барган кушчулар ал жерде 18 кылым жашап, кийин  элдин көчкөнүнөн- калган журттардын башын бириктирип, хандык кылып турган   Шараноод тайпасы  болгон. Андан кийин  ал чөлкөмдө калып калган кушчулар,  ойрот  атына көчүп кеткен.   Лаалым кушчу – кушчулардын  айрым урууларынын Илеге барган кездеги  аты. Андан кийин чыкканы Кутчу  - Ысык Көлгө барган кушчулардын аты. Андан кийин  жакынкы мезгилдерде аты жаралгандарга:  Таз кушчу,  Дондор  кушчу, Аман кушчу, Айрым  кушчу, Чөл  кушчу, Дашказан кушчу, Тынай  кушчу, Али  кушчу, Ашагы  кушчу, Сарт  кушчу  ж.б.кирет.
          Кутчу атынын пайда болушу тууралуу, өзүмдүн жеке оюмду айткым келет. Кытайдын  төрт облусун  кыдырып келген кушчулар, кийин Чоң Ала Тоого келгенде, тоо арасынан  “кут” издөөнү билишкен. Менин жеке көз карашым боюнча алганда, “кут” деп  маралдын мүйүзүн айтышкан. Маралдын мүйүзүнө кан толгон  мезгилде, мүйүздү түшүрүүгө марал абдан аракет кылат. Мүйүзүн  ташка сүрүп олтуруп түшүрөт.  Мүйүздү таап алгандар чоң олжого ээ болгон. Ошол мүйүздү эл “кут” деп койчу экен. Кытайдан келген соодагерлер бир кило мүйүзгө, бир кило алтын берип кетишчү экен. Кут тапкан үйгө кут  кирген, байлык кирген. Бирок тынчтык, бейкуттук кеткен. Кыргыз журту кут тапкандан, бейкуттукту жогору койгон эл болгон.  Куттун сыры мына ушундай. Ошондон улам, Ыссык Көлдөгү  кушчулар, Кутчу атына  көчүп кетишкен. Бүгүнкү күндө  мүйүздөн  пантокрин деген дары  жазалат.
           Ортодон көп убакыт өтпөй,  кыргыз жерлерине калмактардын чабуул  койуусу күч алган. Элди чаап кетмей,  жылкы тийип кетмей - деген жагдайлар  күндөлүк  болуучу окуяларга айланган экен. Согуштар башталып,   1690 – жылдардан баштап  эл түштүккө кете баштаган. Элдин артка, өз  мекенине  кайтышы, Кубат бий өлгөндөн кийин  болгон. 1756-1780 жылдарга туура келген. Таласка, өз ата мекенине кайтып келген кушчу  уруулары Каракушчу, Көккушчу, Тазкушчу, Чалике, Чилжуут, Сакалды, Чейне, Оңочор, Кагазды ж.б.    
           Кушчунун Чалике уруусунан  чыккан  Сокку ур бий , Үчтурпан жакта жашап турганда, Куртка бий менен койлору короолош, өздөрү ынтымак  курушкан экен. Бул эки тайпанын түпкү  теги бир,  ар мезгилде сөөк жаңыртып, кыз алып,  кыз берип  - куда-сөөк болуп келишкен. Моголдордун Махмуд султаны менен Сокку уруучу  бий  куда болгон. Махмуд султан, Султан Бабырдын  атасы  Омор Шейхтин улуу агасы болгон. Сокку ур бийдин кызы Махмуд султанга турмушка чыккан. Махмуд султандын Нойгут эли койгон аты Кылыч кан болгон. Ортодо моңолдун  Махмуд султаны  менен Ахмед хандын ортосунда так талашуу болгондо,  Сокку ур бий,  кушчу менен чаадан  7 миң аскер курап, Ахмед хан олтурган Жаркентти 20 күн курчоого алып турганда, Кашкарлыктар кетип калышып, Сокку ур бийдин аскери артка кайтышкан экен. Аны эл Сокку - улук деп аташчу экен. Кийинки жылы болгон чабуул ийгиликтүү болгон.  Кылыч канды-[ Махмудду] ууландырып өлтүрүшкөндө, элинен кеткен  Султан Бабыр,  Индияга барып, ал элге  падишах болгон. Кылыч кандын    уулдары  Дайыр менен Көкөнү жана кызын   - Сокку ур бий өз колуна алып, эки баланы качырып жиберген.  Балдар  Ак Дөбө деген жерге келишкени тарыхта айтылат. Тарыхта Дайыр (Тахир) таарынып  казактын  Жалайыр уруусуна туруп калганы  баяндалат. Ошол мезгилде Казак элине  биринчи хан болгон Тахир болгон.Тарыхка ой жүгүртүп көргөндө , ошол Кушчунун Чалике уруусунан болгон Сокку ур бийдин  кудасы, нойгуттардын  султаны -  Махмуддун бир тууган иниси Омор шейхтин уулу Султан Бабыр, Алтын бешиктин урпагы экени белгилүү. Бийлик өңүтүнөн  карап көргөндө, Султан Бабырдын теги могол султандарына чыгаары байкалат. Бийлик нугун  андан ары сүргөндө  Акуулга чыгып, Ак уулдун теги Миндуулатка чыгып,  Текти андан ары  сүргөндө Сокку уруучу бийлерден чыккан Индиянын  падишахы болгон  Тагайга  чыгат. Андан ары барганда  ал тек  Чаян кандыгынан келген  канышадан башталаары тастыкталат.														 Элдик нуктан карап көргөнүбүздө, Могол ооматын негиздеген  Аксак Темир  барлас  уруусунан болгон. Барлас деген сөздү иликтеп көргөнүбүздө, ал эки сөздөн турат. Бөрү жана ас, б.а. бөрү менен ит тайпасы экени тастыкталат.  Илгээри бөрүит дебей  Бурут деп айтышкан экен. Бурут  тайпасы  бул Манастын теги, Кыргыз элине тиешелуу тайпа. Ошол себептүү аксак Темирдин түпкү теги Кыргыз элинен болот. Кыргыздын  байыркы Сак бутагына тиешелүү экендиги дааналанат.
           О. Сыдыковдун айтуусуна караганда, Кылыч кандын Болот кан деген уулунан Көкө, Тахир деген уулдары  Ак Дөбөдөн келгенин баян этет.  Бул окуя 1636-жылдары болгон.  
           Андан көп өтпөй Сокку ур  бий Таластагы кушчулардын  уруусуна тиешелүү Калба жайлоосундагы Итагар суусунун боюндагы , чоң атасынын конушуна келген. Ушул мезгилге чейин окумуштууларга, илимпоздорго, санжырачыларга белгисиз болгон бир нерсени айта кетейин: Ал “Сокур бийдин” аты тууралуу. Ушул күнгө чейин белгилүү болгондой Сокур бий десе, көзү сокур болгон адамды элестетебиз. Чындыгында андай болбогон. Кушчу уруусунда Сокку ур бий деген наамдын пайда болуу тарыхы, алыскы тереңге кетет. Илгерки заманда, Манастын көзү өткөндөн кийин, Ала Тоолук Кыргыз эли, анын ичинде кушчулар, элди бириктирүүчү деңгээлге өсүп жеткен. Армян жазууларында кушчулар- Кушан деп жазылганга байланыштуу , тарыхта кушчу аты жоголуп, кушан аты калды. Кушчулардын башында, Канишке деген  падыша  турганы тарыхка жазылган. Канишке деген сөз, менин чечмелөөм боюнча, Кылыч падыша болгон. Илгерки заманда курал болгон  кылычты – “каничме” деп  атагандар болгон экен.  Үчтурпандагы Нойгут уруусунан  чыккан  Кылыч падыша Чадолунун б.а. Миңдуулат бөлүнгөндөгү беш чаа биригип түзгүн  Чалике  падышалыгынын биринен  уланган Чадолу  б.а. Ча - Туулга падышасы башында болгон  Бугу,  Жанкушчу, Каракушчу, Жоош, Мунгуш,  Басыз,  Мундуз, Саруу, үч уруу Карлык, Нойгут, Саяк,Тейит, Кесек, Найман ж.б. урууларынан турган аскери каңгыларды чаап, Оогон жерине жеткенде,  өзү ал жерде калып,  кол башчысы Тагайга  (Тарыхта Цилихи иначе Чалике, “Сокку уруучу бий” наамын берип, Индияны чабууга жөнөткөн. Н. Я. Бичурин 2-том 228 бет.  Ал ашуулардан ашып өтүп, ортоңку Индияны каратып, калган төрт Индияны өзүнө кошуп, бирдиктүү мамлекет куруп, өзү ошол элге падишах болгон. Ортоңку  Индиянын  ээсин  Цилихи б.а. Чалихи (Чалике) деп аташкан. Ордо курган жери  Ча-Абанын – Калаасы деп аталчу. Тагай түстүү айнектен жасалган тактыда олтурчу экен. Үчтурпандагы  Сокку уруучу бийлердин  санжырадан орун алуусу ушул себептүү болот. Кийин  Үчтурпан аймагында  сокку уруучу бийлерден тараган  бир  урпак  өздөрүнүн тегин  Сокку-улуктан таратып алышкан экен.  Бул тууралуу  Осмонаалы Сыдык уулунун  Уфа шаарында чыккан китебиндеги санжырадан кездештирүүгө болот.  “Сокку  урчу бий” наамы, ошол учурдан баштап, Үчтурпандагы  кушчунун Чалике уруусунан  чыккан бийлерге берилип келген. Уруунун өзүнө гана тиешелүү, уруулук даража болгону, илимге эми белгилүү болот. Кубат бийдин ата тегиндеги Сокку ур бийлер  ушул тектен келип чыгат.
          Ошондой эле он ок тукумунан чыккан кагаандын атасы Бөгү, Таласта турганда, ал  өзүнө “Чаа бий” наамын кабыл алган.  Саруудан аял алган экен.  Тарыхта  “ша” деп жазылган учурлары кездешет. Чаа элинин атынын бөлөк элдер тарабынан өзгөртүлүп айтылышы  болуп эсептелет.  Ошол мезгилде жаңы көз жарып жаткан Хазар өлкөсүнүн башчылары, “ша”  атын “шад” деп өзгөртүп  алышкан. Ошол  учурдан баштап,  ал сөз кыргызда  чаа   аты менен жашап келет.
        Таласка келген Чалике тукумунан Томон, андан Токтоболот, андан Дорбо- Күмүш чокмор , андан тараган Эгембердинин Сокку ур бий деген  наамы  болгон. Андан Калча, Назарбек туулган. Калча бийдин Кубатбек деген  уулу болгон. Назарбектин Тумак, Беки, Шакар деген үч уулу болгон. Тумактан Куржун, Тагаймат, Жоош. Куржундан Чулдук (Бото), Чулдуктан Жыргалбай, Жангил, Малдыбай деген  үч уулу болгон. Ушул үч атадан тарагандар  кутчунун чалике уруусунан, түп атасы  Томондон тараган тукумга кирет. Ыссыккөлдүн Бөкөнбай айылында 400 түтүн эл болуп олтурушат. Ал жерде Чоко, Токтокүчүктөн тараган чаликелер да бар.
        Шакардан Айтбай, Ырысбай, Үмөтбай деген үч уулу болгон. Айтбайдан төрт бала  Токтор, Токтоназар, Таабалды, Акылбек - ал  эми Айтбайдын багып  алган баласынын аты   Жээнбек болгон. Токтордон  Эркинбек, Жаныбек, Кожобек, Байбек, Чойбек, Шайбек болгон. Эркинбектен  Бокбай, Төлө, Көкүм. Чойбектен  Асылбек , Жумабек. Шайбектен  Ташмат.
         Токтоназардан Керимбек, Кубатбек, Козуке, Бает, Акбаш, Байсалбек, Медетбек. Кубатбектен  Садык  андан  Айылчы. Медетбектен,  Жолдош, Төрөкул.
         Таабалдыдан  Белек, Оторбай, Кедейбай, Кудайберген. Оторбайдан  Турсунбай, Жумабек. Турсунбайдан Садырбек. Жумабек  Чатбазар  район болуп турганда, сельпонун председатели болуп иштептир. Кийин согуш аяктаганда   аман эсен элге кайтып келип, Оторбайдын  бир тууганы Кедейбайдын кызы Калыйпанын үйүндө бир ай  жүрүп калат. Ошондо апам  Сыябү менен  табышып, Шейшендин үйү деген  узатасынан салынган, үстүнө күл төгүлгөн чакан тамда  жашап турушуптур. Ал там көчөдөгү  жалгыз чатырчасы бар  там болчу.  Көп өтпөй эле Чоңтокойдун аягындагы  “откосго”  жакын жерден там сатып алып көчүп кетиптир. “Откос” дегени “ат хозяйствосу” деген сөз экен. Көрсө ал жерде  райондо иштеген милициялардын аттары багылчу экен.
      Жумабектин  уулдары: Сагынбек, Төрөбек, Кубанычбек, Кадырбек, Болотбек. 
      Акылбектен Итике, Кенжебек, Иманаалы, Нусубаалы, Абыке, Шамке, Жанаалы, Муратаалы, Кедейбай. 
     Айтбайдын асыранды уулу Жээнбектен Үрүстөм, Тыныстам. Үрүстөмдөн Кудайберген, Назараалы, Ниязаалы, Танабай. Тыныстамдан Алыбай, Жумалы, Сыдык, Жаманкул. Жумалыдан Асанкул  андан Иманбек.Танабайдан Осмон Осмондон Аттокур- андан Шүкүрбек. Ал облустук электр  тармактар ишканасында көп жылдар бою жетекчи кызматтарда иштеди. 
       Үмөтбайдан Ормон, Субан. Ормондон Орозаалы, Жумаш, Кенжегул. Жумаштан Калык. Субандан Балкыбек, Багышбек.  Балкыбектен  Молдобай, Молдобек, Жөкөн. Молдобайдан Мырзабек, Базарбек. Молдобектен Калман, Акматбек.  Жөкөндөн Жусупбек.  
         Ырысбайдан Солтобай, Меңдибай. Солтобайдан Айкынбай, Теңизбай, Аргын. Аргындан Бейшебай, Аманкул, Сулайман. Айкынбайдан Таласбай,Рысбек. Таласбайдан  Медет, андан Сагынбек.  Шакардан  тарагандар  Таласта 350  түтүн эл жашайт. Түпкү  атасы Томон . 
             Учурунда Кубат бий Таласка байма-бай каттап,  Бердике баатыр менен болгон окуялар санжырада калган. Бүргөнүн атасы Итим бий менен достук мамилеси болгон. Хан Бүргөнүн кызы Акшербет, Кубат бийдин уулу Агышайбекке турмушка чыккан. Ажыбек датка Кубатбектин  күйөө баласы болгон.  Агышайбектин бир аялынан тараган урпак, 300 түтүн, Акмоло деген жерде жашашат   деп угабыз. Алар өзүлөрү  кушчунун Чалике уруусунан болоорун  билишеби жокпу, белгисиз. Таластын Кара Арчадеген жеринде, Абайылдадан , Агышайдан, Бериктен тараган, чаликелер  бар. Бериктен тарагандар өздөрүн  Бериктин тукуму деп атабастан Күнчөй атанып жүрүшкөндөрү да бар. Бул уруу  учурунда Күнгес суусунан жогору күнчөлүк өйдө жерде жашаган уруу экен.  Ошондон Күнчөй аталыптыр. Абайылда менен Берик  көчүрүп келген  журт азыркы күндө Кара Арча деген жерде  үч уруу болуп  олтурушат.  Алар өзүлөрүнүн чыккан уруусунун  чалике  экендигин  билишет. 
           Айтбайдын 400 жылкысын кайрып келүү үчүн барган  Тагайматтын  каза болуп калганы уламышта айтылып калган. Кубат бийдин тууганы, калмактардан жылкыны кайрып келе жатканда, каза болгондо, сөөгүн алып келүүгө Сазан баатырды жибергени санжырада айтылат. Ошол мезгилде Саруу уруусунан Сазан деген баатыр чыгып, Тянь Шандын сыртындагы Тарагай деген жерде 10 жигити  менен  конуп-түнөп  калат.  Максаты жылкы тийип келүү экен.  Күн кеч кирип, көз байланганда алыстан жагылган оттун жарыгын көрүшүп, өңүп барып карашса, от боюнда алп мүчөлүү адам эт жеп отурат. Сазан жигиттерине: “Тиги отургандын  жигиттерин  матап, колун байлап, мага алып келгиле, мен бул башчысын байлап алайын”-дейт. От жанында олтурган адамдын арт жагынан келип, учунда коргошун уютулган камчысы менен жон талаштыра салып калат. Олтурган адам “Ах” –деп, колун бир сермеп, Сазанды өзүнө тартып, алдына баланы жыккандай басып жатып, “Ой кудай урган, сен кимсиң?”-дейт. Сазан аты-жөнүн айткандан кийин “Ой кудай урган, сен белең?! Мен ат тээп жибердиби деп чоочуса, көрсө сен тамаша кылып жаткан турбайсыңбы, чоочутайын дегенсиң го? Жок сынап көрөйүн дегем. Сазан: “Өзүң ким болосуң?”-Мен Кушчунун Чалике уруусунан болом, Кубатбек баатыр деген мен болом. Түпкү атам Томон, андан Токтоболот дегендер өткөн кушчудан. Мен ошолордун урпагымын. Тынч сөз угуп олтурган Сазан, эки колун шак коюп, “кокуй тиги  менин жигиттерим, сенин жигиттериңди матап койду го дейм, кокуй”-деп тура чуркап, жетип барышса, Кубатбек баатырдын жигиттери, камырабай эт жеп жаткан болот. “Ой менин жигиттерим кайда”?-дейт Сазан тынчы кетип. Анда бир жигит “тигинде эс алып жатышат”... Сазан барып караса, кийимдери жыртылуу, бети-башы канга боёлгон, жигиттеринин колу-буту таңылуу экен. Ошондо, Кубатбек жигиттерди бошотуп, бир жылкы союп, тамак тартып, ынтымакташкан болот. Тамак үстүндө шашпай олтуруп, кечээ жакында калмактар Кубатбектин тууганы болгон Айтбайдын 400 жылкысын тийип кеткенин, артынан куба барган туугандары жылкыны таап, артка кайтканда, калмак сезип калып, ортодо чабыш болгонун - Кубатбек айтып олтурду. Ошондо, Жоош Тагаймат деген туугандары каза болгонун, Жооштун сөөгү сууга кетип, Тагайматты калмактар жээкке алып чыгып өлтүрүшүп, сөөгүн кара-кузгунга жем болсун деп, талаага таштап койгонун укканын айтат. Ошол калмактарга бирге барсак кандай болот? Эсил тууганым Тагайматтын сөөгү талаада калса, башыбыздан бак учат го?! Ошондо, Сазан баатыр “Сөөктү алып келгенге мен өзүм жалгыз барам. Бул ишти мен аткарып келейин -уруксат бер!”-дейт. Кубатбек: “Жылкыны кайрып бер, сөөктү бер”- деп, калмакка элчилерди жибергенин, алар сөзгө келмек турсун элчилерди бүт мууздап салганын айтып, кейип олтурду. “Болуптур, кызматың дайыма эсте болот-иним. Бу калмактын салтында, өлгөн адамдарды итке талатып, этин жедирмей”-деген жаман адаты  бар, өлүктү ит жебей койсо –узун сабак  сөз кылып, “булардын өлүгүн ит да жебейт”-дешкеничи. Анан Тагайматтын кунун куубасак болбойтко...

Сазан баатырдын каары бетине айланып, жеке аттанаарын айтканда: “Тору күрөңдү алдына тарткыла”- деген Кубатбектин буйругу угулду.

         Ортодон  бир топ убакыт өткөндө,  сөөктү таап, алып келген Сазанга “Бали жигит, азамат экенсиң, жеңилдигиң болбосо, күчүң мендей болгондо, жигиттин шери болмок экенсиң”-деген экен. Сөөктү Топчу баштагы  жайга койгон экен. Ошол күндөн баштап Кубатбек менен Сазан жакын достордон болушуп, далай иштерди акылдашып кылган  дейт.
      Мына ушул уламыштардан көрүнүп тургандай, Кубат бий Талас жергеси менен тыгыз карым-катнашта турганы билинет. Ал учурда элди бийлеп турган  бийлердин, хандардын аялдары көп болгон. Эгембердинин, Калчанын аялдарынан  канча уулдуу болгондугу бизге белгисиз болуп калган. Кубат бийдин  толук санжырасы  Жизак, Мургап, Ангрен тарапка, чөлгө  ооп кеткен тукумдун колунда болуусу мүмкүн. Бизге белгилүү болгону, Эгембердинин Калча, Назарбек деген уулдары болгон.  Назарбек чоң атабыз олбурлуу келип, Кубат бийдин  ордосундагы кадырлуу адамдардын бири  болгон. Кубат бийдин аскери үчүн  курал жазоо иштерин колго алган экен. Туу түбүндө турчусу болгон - деген уламыш биздин күнгө чейин  жетти. Ошол мезгилден бери эл арасында  сакталып калган уламыш кеп бар. Анда: “Намысың кетсе  Назарбекке бар, кубатың  кетсе  Кубатбекке бар” деп айтылып калган. Кубат бий цинге каршы күрөшкө аттанып кеткенден кийин, эки жылча белгисиз болгондо, ордодогу Кубат бийдин жакын адамдары  ана келет, мына келет деп жашырып коюшкан . Качан иштин аныгы билингенде , Эрдене бий,  адегенде эле Назарбекке уу бердирип өлтүргөн экен. Ошол эле учурда Кубат бийдин  уулу Агышайбек   өлтүрүлгөн болчу.  Ордодогу Кубат бийдин туугандары түгөл качып  Жизак, Мургаб, Ангрен тарапка, чөл жакка  жер которуп кеткенин улуу муун айтып келген. Ошондон бери   кабар болбоду.   
            Назарбектин  Тумак, Беки, Шакар деген уулдары болгон. Тумак чоң атабыз, Кубат бийдин тушунда, Ангрен деген жерде бий болгон экен.  Ал жер Чаткалдан батышка ашкан ашуунун  этегинен ары жаткан чоң өзөн экен.
        Калчадан  Кубатбек бий. Анын бир наамы “падышах’’ экени  белгилүү. ‘’Падышах’’ наамы Чалике уруусуна тиешелүү уруулук даража болгон. Анын себебине токтолсок, жогоруда белгилеп өткөндөй, Кушчу уруусунан чыккан  Чаликеге, Ооган жеринде, Кылыч падыша тарабынан Индияга казатка аттанаарда, ага “сокку уруучу бий” наамы ыйгарылган экен. Кийин ал  ортонку Индияны каратып,  андан соң - калган төрт Инди падышаларын өзүнө кошуп, бирдиктүү Индияны түзүп, өзү  падишах болгон. Ал өз тегинин Жан Суулук Кушчулардан болоорун  билген. Ордодогу  падишахтын тарых, таржымалын жазуучуларга, Чалике уруусунун   түпкү тегин сүрүп, тактап жазуусун тапшырган, алар өз кызматтарын  тыкан, жана так аткарып турушкан. Чаликенин, теги  Жан кушчу,  Сокку уруучу бийлердин тукуму жана индинин падишахтарынын тукуму болуп бекип калган экен.  Усейн ажынын айтуусу боюнча:  “Усуньдар байыркы шахтардын урпагы, шахтар байыркы түрк урууларынын бири”-  экендигин айтат. Ошол бир уруунун аты  Чалике. Чайан кандыгынан канышаны ээрчип  келген  500 бала, 500 кыздын усуньдарга келип, ордо куруп калуусунан улам,  чон бийликтин тизгини Чалике уруусунун колуна тийген.  Канышанын аты Малике - Чалике  болгонун араб-иран  тарыхый маалыматтарынан  билдик. Арабдар ошол тушта усундарга келген канышанын аты   Малике  экендигин жазып калтырышкан. Келген каныша  Чалике династиясын  жаратуучу катары,  чалике канышасы аталганы табигый көрүнүш. Ошол эле чаа кандыгынан кыргызга келген каныша Чаакан энебиз экенин эстейличи.  Бир аты Чыйырды болгон да.  Андан кийин көп убакыт өткөндө,  Миндуулатка падышах болгон Чалими Юй Дафу болгон. Чечмелеп көргөндө, “Юй” – деген сөз “үй”, “Да”-деген сөз “улуу кол башчы”, “Фу” – “сол” деген түшүнүктү жаратат экен. Миндуулаттын  падышасы  алып  жүргөн  наамдын теги  да,  Индияны караткан  Чаликеден уланган. Адегенде Сокку уруучу бий, андан кийин Улуу колбашчы, андан кийин  Индиянын падишахы болгон  Тагайдын  теги Жан кушчунун Чалике уруусунан болгон.  Ошондой эле 5 кылымдарда Инди жеринде  түзүлгөн 4  падышалыкты  , Чалыке деп аташканы ,империя түзүшкөнү тарыхта сакталып калган. Ошол  кезде чийилген карта сакталып турат.  Кубатбек да ,өз учурунда , падишах наамын  өзүнө тандап  алган.  Ал мезгилде  хан, эмир, велможа,  чоң бий, падыша,  датка, шад, кагаан ж.б бийлик абалдары болгон.  Падишах деген, Индиянын падышалары  алып жүрүүчү даража  болгон. Кубат бийдин тегине көз салганда мындай. Кубат бийдин атасы  Калча бий, анын атасы Эгемберди - “сокку ур бий”, анын атасы Дорбо - “күмүш  чокмор” анын атасы Токтоболот (Токтоболгу) анын атасы Томон, анын теги  Чалике уруусу, Курманбектин заманына утурлаш, жин жана ди  бийлигинин  атынан Инди сөзүнүн пайда болушу жана ошол элге бийлик орноткон Чалыке падышалыгы ,андан ары  барганда Миңдуулат Чабол Чалике падыша, андан ары жакта Чаян кандыктан келген каныша/ Ванчали-Ван  Цян- Си гюн/- деп  аталган Канча айым апабыз  тузгон Чалияр б.а. Силиян тайпасынан чыккан падышалар, андан ары Алп Солдун башкы  башкаруучусу ,андан ары барганда  Катаганга , андан ары Чаянга, Чаа ханга / Си ханга/ , андан ары Кушчу уруулар бирикмесине, андан ары барганда  байыркы 40  Огуз журтуна чыгат.  
         Илгээри Чалике уруусунун мыктылары   Балачычкан, Калба жайлоосунун баш жагындагы Итагар суусунун боюнда, жайлачу  экен. Ал жайлоодон  түштүккө кетүү үчүн  бир  төтө жол  болуптур. Эки атчан катар жүрө алчу эмес  дешет. Ошол төтө жолго жакын  Төбөй Төр деген жерде , Төбөй уруусунун  байлары кыштоочу  экен.  Ал жол менен  Калба жайлоосунан Бешташка өтүп, андан ары  көлдөн ашууду ашып, түштүккө кетүүгө мүмкүн болгон. Ошол тушта,  калмактарга каршы согушту баштоо максатында , Калча  атабызды Таластын, Чүйдүн  бийлери  биригип хан көтөрүүгө  аракеттенишет.  Абалдын оор экендигин  түшүнгөн  Калча,  элди сактап калуу максатында,  түштүккө кетүү керектигин айткан экен. Калмактарды жактаган  бийлер  Калба жайлоосун  тартып алган соң,  Аксы тарапка эли менен көчүп  кетээр алдында , Калча  элине кайрылып: “Бириң да калба, бириң да калба, бириң да калба”- деп үч жолу айткан дешет. Ошондон  баштап ал  жайлоо, Калба атыгып кеткен. Калбанын этек жагындагы  түзөңдө, ал мезгилде жаңы өсүп келе жаткан кайың, тал  теректер богон экен. Бир жолку калмактар менен болгон салгылашта, эр өлүгү тал - дарактын арасында калып, ошол  жер токой болгончо эч ким басып барбаптыр.  Калча чоң атабыз элин көчүрүп Анжиан, Алайга кеткен экен. Алайдын Кичи Арча деген жеринде, Кубатбек төрөлгөнү санжырада айтылып калган. Убагында ал Фергана өрөөнүндөгү Кушчу, Мундуз, Муңкуш  урууларынын башчысы болгон. Атасы  Калча кайтыш болгон 1743-жылы Кубатты, Сол урууларынын курултайында бий шайлашат. Анжиан  кыргыздарынын башчысы болуп калат. Сүйлөгөн сөзү орундуу, кайраты күч, чечкиндүү  Кубат бий, Кокон ордосу, Букар эмири менен теңтайлашып, тең ата болуп, бардык маселелердин калыс чечилишине жетишкен. Кундуз элине жардам берип, эл батасын алган. Чүй, Талас, Нарын, Ыссык-Көлдөн ооп барган эл, Кубат бийдин сүйөнөөр тоосу болгон.  Кубат бийдин өмүр баяны тууралуу маалыматтар элге кеңири  белгилүү болгондуктан, санжырага киргизилген жок. 

Кашкар, Жаркентте жашаган кыргыздар, калмактардын эзүүсүнө чыдабай жардам сурап кайрылганда, Кубат бий Ферганадан кол курап барып, Калмактардын 40 миң аскерин талкалаган. Ошол эле жылы Кытай аскерлери калмактарды сүрүп, Алайга кирип келгенде, Кубат бий Алайды коргоп калган. Уруштарда жеңишке жеткени үчүн, ал Кашкарга бий шайланган. Көзү тирүү кезинде, бийик мунара орноткон экен. Кашкар эли Кубат бийдин эмгегин жогору баалап, “Падышах” наамын ыйгарган. Шах деген наам Шеху б.а. Ябгу титулуна тең келген. “Ше” - деген сөз кытай тилинен которгондо “он” деген түшүнүктү берип турган. Ал эми “ху” дегени “түрк” деген маанини түшүндүргөн. Ошондон улам, “шах” деген сөз “он түрк уруусунун башчысы” деген маанини билдирип турчу экен. Андан мурда “баатыр бий” деген наамы болгон.

           Анжиандын    Пахтаабад районундагы Миян айылынын тургуну Мамрасул Максым уулунун колунда Кубат бийдин мөөрү, туусу ушул күнгө чейин сакталгандыгы тууралуу аңыз кеп бар.
          1755-жылы Кашкардагы  Жусуп кожо, Кубатбек падишахты  цинге  каршы  күрөшкө чыгабыз деп алдап  чакырганда,  Кубатбек 17 миң  аскери менен Чыгыш  Түркестанга  барган.  Бадахшандын тарыхында  1757 жылы  казактар  Айдыңсууда  Цинден жеңилгенден кийин  , Ойротторду бирге талкалоо үчүн келишим түзүшкөн. Көтөрүлүш чыгарган Ойротторго каршы  аскер бермек болгон. Казактар Ойротторго каршы аттанганда 40 миңдей аскери болгону санжырада айтылат.  Кыргыздардын ТАНДАЛГАН 2 МИҢ ЖООКЕРИ КАЗАК МЕНЕН  БИРГЕ ЖООГО каршы аттанган болчу. Башында казак ,кыргыз, калмак жоокерлери биргелешип Цинге каршы аракет кылып келсе,казактардын Цин менен болгон макулдашуусу ,калмактардын Цинге бирото эле баш ийүүсүнө алып келген. 1757 жылы Аблай хан менен бирге , жунгар-калмак  ханы   Кожоберген, цинге  баш ийип берген. Кубат бий бул тууралуу билген эмес.  Кийин белгилүү болгондо  АБЛАЙДЫН  өлүмүнүн бирден бир себебине айланган. Калмактардын Цинге  өтүшү ,  Циндин башчысы Цянлундун буйругу менен  болуп көрбөгөндөй байлыкты калмактарга берүү менен коштолгон болчу. Кожоберген  1750 - жылы өзүнүн Баклы Кирей уруусу  менен Ишим  дайрасынын боюнда  кыштаптыр. Кирэйиттердин түпкү  аталары Сарыусундан болуп, өлкөсүн убагында Таңкы Кут- Жин- Ди  деп аташкан. Баштапкы чагында кирейиттер, сактардын  курамындагы    уруулардын бири болгон. Кийин калмак тарабында болуп, Тогон деген калмак хандыгын негиздешкен.  Ал мезгилде кирейиттердин башчысын Могуз деп аташчу экен.  Сарыусундан Карабий андан Абыке, андан Кирэйит . Кирэйиттен тараган  Ачмайды менен Абакты болгон. Мына ушул тукумдан тараган,  Байжигит уруусунун башчысы, Байбурак -  тажаал   тарабынан,  алдап чакырылып, Кубат бийдин  17 миң аскери  коркунучтуу абалда калган. Ошол 1757 жылдан -1768 жылга чейинки  Кубат бийдин башынан өткөн окуялары, мага белгисиз бойдон калууда.  Жунгар калмактарынын башчысы Кожоберген цинге баш ийип бергенден кийин, өзүлөрүнөн тараган Байжигит уруусунан- чыккан  Байбуракты, тыңчы катары Кубатбекке жиберип, Кубатбекти алдап, колго түшүрүүнү тапшырган. Кубат бийдин жан сакчылары Шараноот  уруусунан болгон. Шараноот уруусу жалпы калмак  урууларынын үстүнөн бийлик жүргүзкөн . Кубат бийдин  ошол тушта  жеңилишине биринчи себепчи болгон Ойрот калмактары   болгон.Себеби , казактар цинден жеңилгенден кийин , цин менен биригип, калмакты талкалоого макулдашкан. Казакка кыргыздар кошулуп бир жагынан  калмакка каршы аттанса, экинчи жагынан цин аскерлери кол салган. Көптөгөн адамдар кыргынга учураган.Калмактар цинге баш ийип берген. Кубат бийдин жан сакчылары калмактар , Кубат бийдин өмүрүнө коркунуч келтирээри шексиз эле. Жизактык  санжырачылардын айтуусуна караганда, Кубатбек падышах,  ойрот-калмактарынын адамдарынан өзүнө жансакчыларды, кызматчыларды кармаганы айтылат.. Байбурак башында болгон  ойрот - калмактар ,  Кубатбек падишахты  өлтүрүү  планын өтө жашыруун даярдашкан. Бирок ал учурдагы алардын ойлору ишке ашкан эмес. Ошону менен чектелип калбастан, Кыргыздын Кушчу уруусуна тыңчыларды жиберип, болуп жаткан жагдайга  тымызын көз салып турушкан.Дал ошол тушта кушчуга  Кашкардан эки бала келгени санжырада айтылат. Эки бала тең эр өлтүрүп келгенин айтышат. Бири Айтбайга келсе, экинчиси Ботурага келгени санжырада бар. Тыңчылар  Кубат бий тууралуу толук маалыматты билишкен. Алар , Кубат бий чыккан Жан кушчу уруусунун атына жамынышып,  кушчу урууларынын ичинде кирип алышкандары да болгон. Тыңчылар аркалуу,  Кубат бийди Ирдана бий уу берип  өлтүрдү - деген сөздөрдү эл арасына таркатып  турушкан. Бадахшандын тарыхында  1768 жылы  Кубат хан Кундуз, Куляб жерлерине бийлик кылган. Ошондон улам 1757-58 жылдары  Кубат бийдин 17 миң аскери  кандайдыр деңгээлде сакталып калганы билинет. Кубат бий  ,эки жыл ичинде ,  өз туугандарын алдыртадан кабар берип,  түштүккө, чөл жакка Мургаб тарапка  көчүрүп алган. Ошол себептүү  Кубат бийдин мөөрү, туусу  Миян айылында  сакталып калган. Мургабдагы Кубатбек падишахтын  уулу Кардыдан тараган   тукум, Кардынын  тукуму деп аталышып калган. Алар  кушчунун  чалыке уруусунан экенин эстеринен чыгарып коюшкан  окшойт.
       
       Бизге жеткен уламыш кептерге таянсак, Кубат бийден Абайылда, Берик, Агышайбек, Жунушаалы, Кулмурза, Карды,  деген уулдары болгон. Кубат бийдин балдарынан тараган урпактардын санжырасы, ушул күнгө чейин так изилденбегендиктен  улам, эч кандай тиешеси жок адамдар, кирме уруулар, Кубат бийди өзүлөрүнө ыйгарып, жазып алууга  аракет кылып жатышат. Мисалга алсак, Кубат бийге эч кандай тиешеси жок , Жумалиев Иманбек Асанкулович отурган -турган жеринде,мен Кубат бийдин уулу Жунушаалынын урпагымын деп , жалган айтканын токтотпой келет. Бизге белгилүү  болгондой, Жунушаалынын накта  урпактары Акталааны жердеп турушат. Нурек Алымкуловдун айтымына караганда, алар бир айыл эл болуп олтурушат экен.  Кубат бийдин урпактары – кайдасыңар!  Кабарыңарды  тезирээк билдиргиле -  0770 48 44 78  ушул телефонго чалгыла. Санжырадан  орун алып калууга  аракет жасагыла.
             Кубат бийдин уулу   Бериктен - Урустам, Назар деген эки уул болгон деп, Ноокендик  кутчулардын - Кагазды  уруусунун адамдары  менен жолугушканда уккан элек. Алардын айтуусунда,  Урустамдын атасы Берик, анын атасы Кубат бий болуп калат экен.  Кагазды уруусунун башталышы 1598-жылы Эшим кан Көнөк уулунун  кагазчысы болгон - Айдардан башталаарын, аны убагында кагасчы - деп атап жүрүшүп, урпактары “кагазды” атына көчүп кеткенин эл билет. Кагазды атына чейин  алар кайсы уруктан болгону белгисиз . Айдар  кайсы уруудан болгону белгисиз.  Айдардан Кубат бийге чейин өткөн Кагазды уруусунун көптөгөн  атасын  эсепке албай, түз эле Берикке текти жасалма кошуп коюга болгон аракеттер, мурдакы муундун өкүлдөрү тарабынан  болгондугу  билинди. Экинчиден  кагазчы атыгып жүргөн Айдардын өзү, кушчунун кайсы уруусунан экени унуткарылып кеткени  албетте өкүнүчтүү, мүмкүн чалике уруусунан болсо, баары өз  оордуна келмек. 	
               Бз 543 жылынан баштап,  12 – кылымга чейин , Индияда өткөн 74 падишахтын баары Чалыке  тукумунан болгонун мен биринчи болуп  изилдеп таап ,интернетке кийридим. Андан  5 кылым өткөндө Кубат бий өзүнө падишах наамын алып олтурат. Падишахтардын тукумунан падишах чыгат да. Чоң аталарынын жолун жолдоп падишах болгон.  Бул тууралуу миңдеген  окумуштуулар , көптөгөн эмгектерди жазып коюшуптур. Аллага миң мертебе ырахмат айтамын, Алла таала колдойм десе , бүт баары алдыңда ушинтип даяр болот.
       Илгерки  заманда кушчулардын Ордостогу ордо шаары Худжуй хян болуп, кийин ал журт Алашан чөлкөмүнө көчүп  конгондо , Алаш Ордого айланган. Алашань б.а. Кичи  Алатоодо, Талаш - Чжаньйе жеринде түзүлгөн “Алаш Ордону” түптөгөн Сабыр Чаа (Сапар- шаа) болгон. Ошол тушта, Кырк Өгүздүн –кыргыздын  он тогуз уруусуна,  Сабыр Чаа  падыша болгон. Сабыр Чаанын өзүнөн алты уул болгон дейт. Турган жери Аньси (Анжы чен) экен. Өз учурунда кытай жактагы уруулар, Сабыр Чааны - Сауча деп атап, аны кудай деңгээлинде  туткандыгы тарыхка түшкөн. Уулдарынын улуусу  Бороонду болуп, андан Алаш, Булаш  деген эки уулу болгон. Алаш он сегизге чыкканда  атасынын оордуна падыша болгон. Ал өмүрүндө алты аял алып,  отуз уулга, кыздарга  ата болуп калган экен. Зор кандык куруп  чеги  Алтай - Чаян тоосунан  Индияга жеткен дейт. Батышы Кара Деңизге таяптыр. Отуз уулдан куралган  жүз чоро, миллионго чамалаш аскери менен Египетти чапканда, колбашчы  Алаш  болгон. Басып алган жерде ал,  атасы Бороондунун бийлигин  түзгөн. Ошондон баштап  жергиликтүү эл, ал бийлик туткасын  Фараон деп атай башташкан.   Ал жердеги пирамидаларды курууга тиешеси болгон. Ортодо бир канча убакыт өткөндө, Отуз уулдан тарагандар: Адигине, Мункуш, Карабагыш, Тагай  болуп кайрадан түзүлгөн экен.  Байыртадан эле  Наалы эже ,   Адигине, Тагай -  бир тууган экени айтылып келет. Болжолу 1127-жылдары, Долон бий өлүп, кара кытайлар дүйнө мүлкүн камчыга ченеп бөлгөн учур болгон. Кара кытайлар жаңы орун очок алып келе жаткан мусулман динин  жок кылып жаткандыгы тууралуу  кабар  Халифке  угулат. Ошондо  ал 400000 аскер жыйнап каракытайларды талкалоого имам Ибрахимди  жибериптир. Ал  Мухаммед  пайгамбардын кыздарынан тараган  адам экен. Согуш бүткөн соң ал келип, Куулдун үйүнө  түшкөн экен. Куул дегенибиз  Жайыл тайпасынын уулу  болоор. Ак уул болсо Миңтуулга б.а Миңдуулат   тайпасынын   өкүлү  болгон. Ошондо  жаңы уруулук бөлүнүш болгон . Или дайрасынан түндүктө  жаткан элдер Миңдуулат ал эми түштүктө жаткан  уруулар Жайыл болуп бөлүнгөн экен. Албетте  Жайылга б-а  Чу- Талас- Тяншань чөлкөмү кирген. Кушчулар  байыркы  Талаштан сүрүлүп келгенден кийин энчиленген аты  Катаган болгон. Ошол себептүү Жайыл тайпасынын  санжырасын баштап айтканда  Катагандын кан Кошойунан баштап айтсак  негизи туура болмок.  Учурунда  Миңдуулатты  чаап алган   Дөлөн кан б-а Дөлөн бийден , тарыхтагы Тули хандан баштап айтканыбыз  туура болот. Дөлөн кан  Миңдуулатты тыйпыл чаап, тушкелди тараткан. Ал чөлкөмдө эл калаган  эмес. Дөлөн кан оокат, тамак аш  даярдап элди чакырса да эл кайрылып келбеген. бийликке келери менен  өз санжырасын жаздырып, түбүн бекемдеген чыгаар. Ал санжыраны элге жайылтып , эми биз ошону  айтып жүрсөк , кандай болот. Жунгарлар убагында  Таласты басвп алып ,  эми биздин жер болчу деп санжыра жазып жатканы белгилүү. Санжыра боюнча Жайыл тайпасынын түпкү теги Долон бий  болуп айтылып келет .Жайылдан бөлүнүп чыккан  Миңдуулаттын түпкү тегинде Чаян кандыгынан келген каныша Си-гюн б.а Кан ча айым, ошондой эле Индиянын ортонку падышалыгын каратып, калган  төрт  Инди  падышалыктарын  өзүнө кошуп, ал өлкөгө падишах болгон, Сокку уруучу бий наамын алып жургон Цилихи б.а. Чалике падишах - Тагай деген  адам болгон экен. Анын жолун улап, бешинчи кылымда Миңдуулаттын беш ча кандыгы , силиян тектүү тайпалардан кошумча мол аскер топтоп, казатка аттанган. Колдун башында  , Чалыке уруусунан  чыккан  Улуу Бек Арстан Булакеш менен  –Толуман болгон. 543 жылдан , он  экинчи  кылымга чейин, Индияда  Чалыке деп аталган төрт падышалык болуп, Чалыке империясы түзүлгөн болчу. Тилекке каршы биз окуган тарыхтарда,бул  тууралуу айтылбаган. Мен бул  чоң жаңылыкты биринчи болуп таап , интернетке  кийридим. Айрым тарыхчылардын  бул окуялардын  инди жеринде болгонунан кабары жок болуп чыкты.  Чалике династиясынан 74 падишах өткөн экен. Чаликелердин түзгөн империясынын картасы ушул күнгө чейин сакталып калган. Инди өлкөсүнө  жүздөн ашык храмдарды курушкан.  Алар ушул күнгө чейин эң жакшы абалда сакталып турат.	
            Бүгүнкү күндөгү элибиздин санжырасында Долон бий андан Тагай бий ,андан Ак уул менен Куу- ул болуп айтылып калган.  Жайылга Чу, Талас, Тяньшан кирген. Жайылдан  Миңдуулат бөлүнүп  чыккан.  Учурунда  Миңдуулатка баш ийген элдерден Акбалта, Чубак сыяктуу адамдар  чыккан. Усьун\ Он суу\ тайпасынын падышалары башта биз айткан  Чаян кандан келген канышадан  учук улаган  падышалык болгон . Оң, сол болуп эл экиге бөлүнүп, эки жагына  элди  башкарганга,  кыргыздан чыккан  Акуул менен Куул коюлган делет.  Миндуулаттан чыккан  Акуулдун  эр жетип калган чагы экен. Акуулдун байбичеси  Сурмакаш, Бугу уруусунан чыккан көзү ачык, олуя чалыш аял болуптур. Ал Акуулдан Наалы эжени, Адигине, Тагайды төрөптүр. Сурмакаш учурунда  Акуулга  Атбашынын   Чечтөбөсүнөн  болгон, катагандардын  Карасакал уруусунан аял алып берип, андан Муңкуш,  деген уулу  болгон  экен. Бир  жолку душмандар менен болгон  салгылашта Акуул кайтыш болот. Балдар жаш калып, Наалы эже аларга баш-көз болуп, чоңойтот экен. Ошондо Кебезтоонун бери жагы, Пияз тоонун аркы жагындагы Акчий деген жерде жашаган нойгуттардын Кылыч канынын - Болоткан деген уулу болот. Болоткандын аялы Үчтурпандагы кушчулардын  Чалике уруусунан чыккан, “Сокку уруучу бийдин” кызы экен. Болоткан бул аялдан Көкө, Тайыр деген эки уулдуу болгон. Эки бала зирек чоңойушуптур. Көп өтпөй  балдар энесинен ажырашат. Болот кан бөлөк аялга үйлөнөт. Эрке токол балдарга тийишип, балдардын артынан ушак кеп таратып жиберет. Чатак ырбап кетет. Ошондо Сокку урчу бий: кызын, Тайыр менен Көкөнү өз колуна алып, балдарды Акдөбө деген жерге  качырып жиберген экен. Ал жерде Наалы менен Көкө таанышып, баш кошуп, андан тарагандар “Могол” деген атка  конуп кеткен дейт. Мына ушул тектен  кийин Султан Бабыр чыккан болчу. Могол дегени “Мөңгүлүү Көл” деген сөз. Тайыр  казактын Жалайыр деген уруусуна барып, туруп калган экен. Ал жакта алгачкы казактын  хандарынын бири болгон делет.  “Могол” деген сөздүн түпкү мааниси менин изилдөөлөрүм боюнча, “Мөңгүлүү Көл”  деген сөздөн келип чыгат. Кийин  кыргыздын “Мөңгүлүү Көл” деген сөзү:  Могол,  Мэнгу, Мэнгули, Мунгу,  Монгол, Мундус, Муңкуш болуп өзгөрүүгө учураган. Алсак: 1180 – жылдары монголдор Менгули деген аймакта жашашкан. “Менгули” дегени – “Мөнгүлүү” деген сөздөн чыккан. Менгу - Улуу Монгол  мамлекетинин аталышы. Бул сөз – Мөңгү дегенди билдирген. Монгол -  бул сөз Мөнгү көл деген сөз. Мунгу - бул сөз Мункуш  сөзүнөн калыптанат, б.а.  Мөңгү деген сөз болуп чыгат. Мөнгү суу сөзүнөн  Мундус жаралып, ал уруудун жашаган жери, жашоо шарты – Кожожаштын киносунда таамай чагылдырылган. Мөңгүнүн түбүндө, ашууда жашаган эл экендиги тартылган. Бул жер мерчеми,байыркы Талаштын  чыгыш жагында, бийик тоодон ашканда, түштүк  тескейинде бир топ  тегерек келген  тик чаптуу  тоолор жайгашкан.  Учурунда Мундус  уруулары ошол жерлерде жашаган- деген ойду айткым келет.
        Мукрин - Чынгызкандын чыккан теги. 751 - жылдагы болуп өткөн чоң согуштан кийин,  Мукриндердин  9  уруусу Синцянга  ооп кеткен болчу. Убагында  “тогуз өгүз” атанган журт ушулар болгон. Уйгурлар ушул баргандардын атын өздөрүнө алып, “тогуз өгүз” журту атанып жүрүшөт. Ошондон улам - Өгүз канды  өздөрүнө ыйгарышып, андай болгондо  түрк элдеринен чыккан падыша, кагаандар, хандар – уйгур болуп калат экен. Албетте бул жаңылыштык. Таласта калып калган  мукриндер кийин “сары уруу”атанып кетишкен.   Перс, Араб тарыхчылары,Түргөш каганаты  Туулга тукумунан бөлүнүп кеткенден кийин,  Суябды борбор кылып турган мезгил убагында жазылган тарыхтан кабар берет. Түргөштөр  эки тайпадан  турган: Авар жана Мукрин. Мукрин дегени  Таластагы Саруу уруусу болгон.  
            Ал эми  Япон элинин тарыхында  Чынгызкандын ата-теги Хаято уруусунан деп жазылган. Чынгыз кандын теги бүгүнкү  күндөгү илимдин көз карашы боюнча – Кият уруусунан экени көпчүлүккө маалым. Чынгыз хандын ата теги көкө теңирден \с поднебесныйдан\ Борте Чино б.а. Бөртө Чаян  болгон. Чаяндардын тегин ары тереңге сүргөндө , Кушчу падышалыгына чыгат.  Хаят менен Кият деген аталыштар  окшош. Ошол эле Хаят уруусунун  бир аты Кумохи экендиги тарыхка түшкөн. Ал эми Кумохи деген  уруу Синь-Таншу тарыхынын 219-главасынын 7а-10а беттеринде орун алган. Анда Кумохи аталган Хистердин,  Хунндардан  жеңилип, Алтай  тоолоруна  көчүп келгени баян этилет. Хистердин жолбашчысы Түтүктү  өлтүрүп койгондон кийин, алар Кушчу падышалыгы атына көчүп алганы жазылган. 622-жылдары  алар кушчу атын жоюп,  кайрадан  хистер б.а Ки- Кыргыздар атына көчкөн экен. 1-том 370-бетте жазылат. Кият деген сөз ушул сөздөн  келип чыгат. Ошондон улам  Чынгызкандын теги, Кушчу падышалыгына караштуу Түргөш хандыгынан  болгон деп тыянак чыгарууга болот.  Теги  кыргыз.
        Биз  санжыранын башында сөз кылганда, Балибай туулга падыша өлгөндө, анын аялы  такка анын инисин олтургузбастан, 622-жылы баласын  олтургузганы үчүн  согуш чыгып, 630 - 650 жылдар аралыгында граждандык согуш болгонун айттык эле. Ошол согуш алдында, Жайыл тайпасы (Чу - Талас –Тяншань) Кушчу атынан Кыргыз атына көчкөн. Дуулат тукуму  бөлүнүп Енисей, Селенга жакка кеткен экен. Бул жерде тактай кетүүчү бир жагдай бар -  ал Чыңгызкандын тегинин  Мукрин жана Кият   болуп  эки бөлөк аталышы. Кият  демеги  Кушчу  падышалыгынын курамында турган кездеги жазылган тарыхта б.а. 622-жылга чейинки тарыхтагы -  тек.  Бул Чыңгызкандын түпкү теги, ал эми Кушчу падышалыгынан бөлүнүп чыккан  Түргөштөрдүн  Чүй, Таласка көчүп келгенден кийинки  жазылган тарыхтан араб, Перс тарыхчылары  алган  тек - Мукрин болуп калган. 700-жылдары  кушчулардын падышалыгынан ооп келген  Түргөш, андан кийин 766-жылы Чүй бооруна көчүп келген Карлык элдери менен кошо Чынгыз кандын теги да  ооп келгендигинен кабар берет.  Эки учур  тең Чыңгызкандын теги, кыргыз  экендигин көрсөтүп турат. Азырынча менин жеке оюм ушундай. 2015-жылы китеп чыгардым  эле,  анда Чынгыз кандын  теги мукрин деп жазган элем.
        Осмонаалы Сыдык  уулунун 1913 - жылы Уфа шаарында  басылып чыккан “Мухтасар тарых-и  кыргызия” деген китебинде: Акуулдан  Адигине, Тагай, Мункуш деген уруулар тарайт экен. Адигине, Мункуштан  Анжиан кыргыздары экен. Мункуш  он үч урукка бөлүнөт: Эркекашка, Төлөйкан, Маңгыт,  Көкжатык, Жапалак, Кудагачин, Жоош, Жылкелди, Сарала,Тике,  Бүкүр, Татар, Улуукатын.
         Мункуштар Жагалмай тамгадан алты уул,  Бөрү тамга менен Күн тамгадан  алты  уул  болуп, эки бөлүктөн турган. Ушул эки бөлүктөн 12  уруу эл жаралган экен.  Жагалмайдын:  Жоош, Төлөйкан, Жылкелди, Тээке, Жапалак, Кодогучуң, Эркекашка, Улуукатын, Түлөйкан  деген уулдары болгон. Эки санжырада тең Жоош уруусу бар. Уруулардын  санжырасы боюнча алып караганда, Ээнсайдагы Караталдан: Каракушчу, Жанкушчу, Жоош  болуп бөлүнүп кетет. Жооштун - Балык, Кожожар (Кудаяр), Ороз деген үч уулу болгон. Кожожардын  тукумунан тарагандар кытайда да бар. Балык, Кожожар, Ороз - буларды убагында “үч куртка”- деп  аташчу экен. Ороздон: Касымсейит, Тынымсейит, Төрөсейит. Мына ушул балдардын биринен  Айдар туулган экен. Айдардын эл койгон  ылакап аты  Кагазчы, андан Кагазды уруусу тарайт. Кагазды уруусу Муңкуш  уруусунун курамына кирет. Кубат бий Кушчу, Муңкуш, Мундуз урууларынын башын бириктирген болчу.     Кагазды уруусунун түп атасы Айдар 1598-жылдары 25-30 жаштагы жигит болуп, эр Эшимди хан көтөргөндө буйруктарды жазган кагазчысы  болгон. Ал мезгилде катчыны - кагазчы деп коюшчу экен.  Эмне себептен  Айдардын өзүнүн чыккан уруусу аталбай калганы -бизге белгисиз.  Айдар жаш кезинде Букарадан окуган, кат тааныган, билимдүү адам болуптур. Кубат бий - Жансуулук кушчулардын- чалике уруусунан болот.  
          Элдик санжырада  Айдардан  тараган Каратал, Маман,  Ажыке. Караталдан –Конок, Курама, Беки, Эсенбек, Казакбай.	Коноктон - Бузурман. Бузурмандан –Жумагул. Жумагулдан –Сатыбалды. Сатыбалдыдан – Айдараалы. Айдараалыдан - Абдырахман, Рысбек, Абдырайым. Абдырахмандан – Камчыбек. Камчыбектен- Султан. Султандан - Руслан. Ошондой эле Айдардан тараган Маман менен  Ажыкенин тукумдары да бар. 
       Айдардан тараган   Каратал, Маман, Ажыке. Караталдын  бир уулу -  Курама,  Курамадан – Баймат, Куттусейит. Байматтан-Жумабек. Жумабектен – Малис, Малистен – Актан, Үрүстөм, Бузурман. Үрүстөмдүн уулу Назар. Назардан тарагандар   Ноокендин - Сакалды  айылында  жашаган  уруудан болуусу мүмкүн. Мен укканымды, окуганымды жаздым. Бөлөк санжыралар да болушу мүмкүн. Кагазды уруусунун санжырасына тактоолорду жүргүзсөңөр , ошого жардамы тийсе болду. Бул маалыматтарды  Каракол айылына барып, аксакалдар менен көзмө көз олтуруп, такташып алуулары керек. Мүмкүн дагы бөлөкчө санжыра бар чыгаар.  Кагазды аты менен уруунун белгилүү болушу  1650-жылдардан кийин башталат.  Кагазды уруусунун негизги бөлүгү   Таластын  Караколунда, экинчи Биргат деген жерде, бир айыл болуп олтурушат. Ошолор менен байланышып тегин  дагы  тактап алуулары   кажет. Кагазды уруусунун тегинде Токтоболот, Күмүш чокмор Дорбо, Эгемберди- сокку ур бий, Калча бий, Кубат бий, Абайылда  ж.б өңдүү    адам аттары кездешпейт.	
           Кубат бийдин ата-тегин карап көргөндө, Калча бийдин атасы Эгемберди (Сокку ур бий), анын атасы Дорбо (Күмүш чокмор), анын атасы Токтоболот (айрым санжырачылар Токтоболгу деп жазып коюшкан), анын атасы Томон, анын ата-теги Чалике. Чалике  Жан  Кушчудан болот. Ошентип, Кубат бийдин теги - Жан кушчунун Чалике  уругунан экендиги тастыкталат.
         Санжырачы Мамбеткасиевдин санжырасында, Кушчудан чыккан Кубатбек баатырдын түпкү теги тууралуу мындай дейт: “Куу уулдан Босого, Жайыл, Булгар, Чоро, Кандабас, Кара, Сары, Кулунчак деген балдары болгон. Мындан бизге жалгыз гана Жайылдын балдары белгилүү. Жайылдан Каратал, Каранай деген эки бала бар. Караталдан Токтоболот (Токтоболгу), Томон дейт. Каранайдан Саруу тарайт- деп жазат.
       Томон Кушчунун Чалике уруусунун түп атасы. Санжырачы жазган эмгегинде бир калпыстык кетирген. Кубат бийдин атасы Калча бий дебестен, “Таз кушчу” деп буруп жазып койгон. Элдик санжыра боюнча алып караганда Жайыл тайпасынын б.а тарыхтагы Большой Юечжы тайпасынын бир аты Каратеңеш болуп, андан Жоош, Миңдуулат болуп бөлүнөт. Миңдуулатка тиешеси бар урууларга: Оңочор,    Жанкушчу, Сакалды,  Бугу, Чалике, Чейне, Чилжуут, Күнчөй ж.б. айтылат.  Окумуштуу С.М.Абрамзон  өзүнүн Кыргыз жана Кыргызстандын тарыхы боюнча тандалма эмгектер- аттуу жыйнагында, 1999-ж. 703-бет. Автор Талас өрөөнүндөгү Буденный районунун Карасуу айылынын тургуну Абдырахманов Насраалынын айтуусуна таянып , Жанкушчунун курамында  турган, Чалике, Чейне, Чилжуут, Күнчөй, Сакалды, урууларын  Миңдуулаттын  бир туугандары  катары  жазып койгон. Албетте, аталган уруулар ошол тушта Миңдуулатка карап турган,  Жанкушчуга тиешелүү уруулардын  курамын түзүп турган уруулардын аттары болгон.. Ал эми Көзүжаман менен Кагасты уруулары эле Жанкушчудан тарайт деп  китеп жазгандар да бар. Кагазды уруусу Жооштон тараарын окумуштуу байкабай калган.   .
           Элдик санжыра  боюнча: Миндуулаттын баласы Тазкушчудан Аралбай андан Жүндүбай, Калыбай, Бийлибай, Арыкбай, Торутал. Жүндүбайдан Жумаалы, Турдаалы, Досмамбет. Жумаалыдан Исак, Эшенкул, Асанкул, Айткул. Эшенкулдан Аманкелди, андан Руслан, Улан, Эржан болуп уланат. Тазкушчулардын санжырасында Эгемберди-сокку ур бий, Калча бий,  Кубат бий, анын балдары тууралуу кабар  айтылбайт. Санжыра жазгандар Кубат бийдин атасы Калча бий дебестен, Таскушчу  болгон деп жазышы чеки болгон. 
      Кызыл Ой тарапта  жашаган кыргыздардын арасында, өздөрүн   Чалике уруусунан экенин билгендер да бар экен. Кубат бийдин көзү өткөндөн кийин, Кызыл Ойдо орун-очок алып калган эли, тирүү калган жоокерлеринин  өз мекенине  кайтпай калгандары,   Кубат бийди өз ата теги катары тутунуп калышканы ачык көрүнүп турат. Ушул күндө Кызыл Ойдун өзүндө - өздөрүн Чалике уруусунан экенин билгендер бар. Кытайдан Таласка келген делегациянын  курамында, Чалике уруусунан болгон адамдар менен сүйлөшкөнүн М. Мамбеталиев  бизге айтып берди. 
         Чалике уруусунун  түпкү ата бабалары, Котон дайрасы куйган ойдогу, Сашаң көлдүн боюнда  жашаган, Чайан деген элден,  Кызыл Ой чөлкөмүнөн, Ала Тоого  каныша келгенде, ошол канышаны ээрчип келген  беш жүз бала, беш жүз кыздан тараган чалике тукуму  болгон. 
          Ноокен чөлкөмүндө Кушчудан тараган майда уруулар бар. Алардын ичинде Шалка уруусу, Кубат бийге түздөн-түз тиешеси бар. Бирок алар  өз тегин унуткарып коюшкан. Чалике деген аталыш Шалка болуп өзгөрүп калган. 
          Мындан 30 жыл илгээри адеп манасты изилдейин деп  ,тарыхый китептерди издеп окуп жургон чагымда, 	Чернишевский китепканасына барып калдым. Китеп текчелеринен болжолу   8-10 класстар учун  тарых сабагынан окуу китеби  колума тийди.  Барактап олтурдум, бир барактын аяк жагында  17 –кылымда түштүк кыргызстандан  чыккан , кушчу уруусунун эл коргогон баатыры  Кубат бий –деп жазылып, анан кашаанын ичине падишах деп жазылган жазууну окудум. Барактын аркы бетинде  график бар экен. Анда Кубат бий-падишах деп жазылып , төрт бурчтуу графага алыныптыр. Андан бир стрелка оңго карай сызылып- чалике деген графаны көрсөтүп турат. Кубат бийден чыккан экинчи  стрелка сол жакта орун алган кушчунун 20 –дай урууларын көрсөтүп турганын көрдөм. Ал уруулардын ичинде да чалике уруусу бар экен.  Ошондо Кубат бийдин өзүнүн чыккан кичине уруусунун  чалике болгондугун,  окумуштуулардын  билгенине көзүм жеткен болчу. Окумуштуулар ал маалыматты издесе бат эле табаарына мен ишенемин.
        Кубат бийдин бир уулу Кардыдан тараган Такежан, андан Карабараш, андан Бөлөкбай, андан Калыгул, Калыгулдан төрт бала Артык, Нурбай,  Нуралы, Байтик дегендер өткөн. 
           Кубат бийдин уулу Агышайбек түштүктө каза болуп калганда, анын аялы - Бүргөнүн кызы Акшербет, Таласка  көчүп келиптир. Ал күйөөсүнүн кыркын өткөрүп, элди чакырып, тамак берген дешет. Эл тамак ичип бүткөн соң ал элге кайрылып: Ошол жердеги коктунун атын “Агышайбек”коюп берүүсү өтүнгөн экен. Көрсө Агышайбектин - Бүргөнүн кызы  Акшербеттен уулу болбоптур. Аты калсын деп суранган тура. Эл макул болуп жердин атын Агышайбек коюп бериптир. Кийин мезгил өтүп, ал жер аты Агышай болуп  калыптыр.
          Жалал Абад облусунун казысысы Таласка келип үйүбүздө конок болгондо айткан эле, Мургаб-деген жердеги үч айылдын биринде кушчунун Кубат бийинен  тараган, Карды уруусу бар экендигин айткан болчу. Кара Арчалык туугандарга айтаарым, Мургабдык туугандарды табуу керек. Алардын теги чалике  уруусуна чыгаарын   аларга билгизип койгула. Мүмкүн билишээр.
          Мындан 30 жыл мурда Чалике уруусунда Өзүбек деген агаларыбыз  бар эле. Бүгүнкү күндө анын жашы жүзгө  чамалап калмак. Ал Чалике уруусунун санжырасын Осмон тааптын кол жазмаларынан алып, ага өз көз карашын кийриген. Осмон тааптын   санжырасында кетирилген каталыктар да болгон.  Беки, Тумак деген чоң аталарыбыздын атын бириктирип “Бектума” деп жазган. Ошондой эле  Чалике деген сөздү ката жазат. “И” тамгасы жок.  Эгембердиден тараган бир туугандарды Калча менен Назарбекти жок кылып койгон. Анын уулдары Беки, Тумак биригип Бектума болуп жазылган.
        Жээнбекти Алабука жактан келип, чалике  болгон - деп жазган Осмон, Жумалиев  Иманбектин чон атасы болгон
          Мындан 30 жыл мурда, мен Өзүбек байкеге  жолугуп,  Манасты изилдеп жүргөндүгүмдү айттым. Ошондо, ал  мага: "Сен Манасты  эмне кылат экенсиң, андан көрө өзүңдүн Чалике урууңдун кайдан чыкканын билип албайсынбы"-деди. Ал адам өз мезгилинин билимдүү адамдарынын бири эле. Санжыра , тарыхка кызыккан адам болчу.  Кушчу көпкө бөлүнөт, аларга аман кушчу, тазкушчу, кара кушчу, жан кушчу,  айрым кушчу, чөл кушчу,  дашказан кушчу,  тынай кушчу,  али кушчу, дондор кушчу, ашагы кушчу, сары кушчу, көк кушчу, лалым кушчу, сарт кушчу ж.б. болуп  бөлүнүп кетээрин айтты. Кагазга  жазып  алдым. Мен кайра сурадым: "Чалике уруусу кайдан чыгыптыр?"- дедим. Ал: “Чалике падыша болгон. Ата бабаңар  Үндүгө  чейин барган. Таласка 15-кылымдарда келген болуу керек” - деди. Мен убагында көп маани бербептирмин.  

Жанкушчу деген аталыштын түбү тереңге кетет. Илгээри Тибет тоолорунан башталган чоң агын суудун аты- Жан Суу болгон. Ошол жердин атынан Жан суулук Кушчу б.а Жан Кушчу аты келип чыккан. Ортодон көптөгөн убакыт өткөндө, Кубат бий падишах болгондо, бул тек кайра козголуп, Кубат бийдин теги катары жазылган. Жанкушчудан тараган бир нече уруулар бар. Учурунда кушчуга келип кошулган уруулар да болгон. Албетте, алар да кушчуну тек катары тутуп калышкан.

          Жан Суу деген сөз кыскарып, “жан”   уңгусу сакталып, Жанкушчу  аты менен белгилуу болгон. Жан суу дайрасы өз жолун улап орто агымына барганда Чансуу атала баштайт. Айрым тили болок элдер  ж тамгасына ч тамгасын  кошуп айтып, ошондон   улам чан, чаян, ча уруу аттары келип чыккан. андан  уланган Чалике уруусу болгон. Жан кушчудан тараган Чалике, андан Томон, андан Токтоболот андан, Дорбо. Дорбодон Эгемберди ‘’Сокку уруучу бий’’ болуп, Жан кушчулардын санжырасы уланган. Кушчуга уланып айтылган “жан” - деген сөз “Жан Суу” деген сөздөн кыскарып жаралган сөз.
          Жогоруда айтылган Эгембердинин  Сокку уруучу бий - атагы болгон.  Дорбо чоң атабыз Кыргыз элинин жунгарлар менен болгон согуштарында, чоң эрдиктерди көрсөткөн адам болгон. Ал алп адам болгондуктан, ат көтөрө албагандыктан,  уруш талаасына жөө барган. Узун саптуу, кой башындай  күмүш чокмору болгон.  Эл аны "жөө чал", "күмүш чокмор", "чокмор" деп атап коюшчу экен. Тарых бетиндеги, беш баатырдын бири болгон Чокмор баатыр тарыхта жазылган. Дагы бир айта кете турган сөз, Эгембердинин баласы Назарбек, тууганы Калчанын уулу Кубатбек падышах болгондо, ал туу түбүндө турчусу болгондугун,  кушчудан чыккан  инсан, санжырачы  Бекназаров  Сагынбектин  айтып олтурганын  уккандар, азыр деле бар. Ошондой эле откон кылымдын башында Талас өрөөнүнүн башында Конзавод деген жерде жашап өткөн Нурмат молдонун айтып кеткени бар. 1960 жылдары агабыз Темир, Талас районундагы  Конзавод айылына, Нурмат молдонун баласы - Рахат досунун үйүнө барып калат. Нурмат молдонун карыя болгон чагы экен. Ал Темир байкени карап  - атын ким  ?  кайсы уруудан болосуң ? -деп суроо узатыптыр. Байкебиз атын айтып, Чалике деген уруудан болоорун  айтканда, карыя жандана түшүп, О Сен , хан тукумунан турбайсынбы – Чоң атанар КУБАТБЕК  деген - түштүктө хан болгон  дептир. Темир байкебиз өтө боорукер, адамгерчилиги бийик инсан болчу.  Ал убакта мамлекеттин саясаты  хандарга, анын тукумдарына каршы мезгил эле.  Ал сөздү айтмак турсун, ойлоонун өзү  коркунучтуу  учур  эмес беле.
           Назарбектин Беки, Тумак, Шакар аттуу уулдары  болгон. Шакардын Айтбай, Ырысбай, Үмөтбай деген уулдары болгон.
         Айтбайдын   уулу Таабалды, андан Оторбай  андан тараган тукумдан Турсунбай уулу  Садырбек айткан сөзүн так аткара билген, элге калыс караган, бир мүнөздүү, эл  кадырлап, акыл сураган адам болду. 
Жумабек уулу Кадырбектин  - чыгарган  обондору,  эл арасынан өз оордун  табууда. Чоң тойлорду алып баруу  өнөрүн , Кадырбек  жакшы өздөштүрүүдө.  Тууган арасында ич ара көмөк көрсөтүү, жашоонун жүгүн тең көтөрүшкөн белдүү азаматтардан болду.
      Айтбайдан тараган тукумдан Абдылда. Абдылданын уулдары Назарбек, Жардамбек, МЧС министринин акыл кошчусу - Итике уулу Мүзүркан сыяктуу уулдарыбыз бар. Жардамбек элдин   ысык суугуна чыдаган , белдүү адамдардан болду. Ушул эле Чалике тукумунан Илиас уулу Өмүрбек ырчылык,  обончулук багытында такай эмгектенүүдө. Өзүнүн адамгерчилиги менен  теңтуштарынан айырмаланып, атасы Илиас  өңдүү, адамгерчиликтүү ,  ичинде карасы жок атуул болду. Үмөт молдонун жээндери болушат. 
      Сагынбек уулу Алтынбек –Кызыл жылдыз орденинин кавалери, көптөгөн медалдардын ээси. Авган согушунун ардагери. Өзүнүн иштермандыгы, колунун жөндөмдүүлүгү менен  өз ишин да, эл ишин да бүткөргөн белдүү адам болду.
          .
         Өз өмүрүнүн 35 жылын Манас эпосун  изилдөөгө  жумшап, Манас атабыздын  тарыхый өткөн доорун  аныктаган. Өзүнүн изилдөөлөрүндө 50 ашык илимге белгисиз болгон жаңылыктарды ачкан.  Манас эпосунун 1000 жылдык улуу тоюна даярдык көрүү, өткөрүү боюнча уюшулган, Талас областык уюштуруу комитетинин мүчөсү, аткаруу  комитетинин  ответ секретары болгон.Улуу тойго арналып тигилген миң ашуун боз үйлөрдү жайгаштыруу, конокторду күтүү ж.б иш чараларды иштеп чыккан. Кыргыз өкмөтүнүн алдында түзүлгөн  “Манас Ордо”- Ишкер долбоорунун  башкы адиси болуп иштеген. көптөгөн жаңылыктарды ачып, немец , орус, хакас, эврей, Чынгыз хандын теги ж.б.  элдердин байыркы   тарыхын ачып, көлөмдүү 30 басма табактан турган  төрт  китеп  жазып, 2015-жылы басмадан чыгарган. Улуу тойду утурлап Манастын 12 канат хан өргөөсүн куруп, бүткөрүү иштерин колго алып,  жеке жетекчилик кылып, проектисин, сметасын түзгөн. Атайын топторду түзүп,  баардык иштер кол менен жазатылган. 1000 - миң жылдык улуу той өтүп жаткан күнү, Туркиянын президенти Демриел 12 канат боз үйдө олтуруп мындай деген: “Мен дүйнөдө көп эле  жакшы нерселерди көргөн элем, бирок мындай сонун нерсени көргөн эмесмин.” 12 канат хан өргөөгө берилген баа ушундай болгон. Той аягында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик катчысы А. Карыпкуловдун жетекчилиги астында түзүлгөн  атайын комиссия тарабынан  12 канат өргөөгө Башкы байге ыйгарылган. Иштин уюштуруучусу  катары Т. Оторбаев мамлекеттик сыйлыкка  ошол жерде көрсөтүлүп, комиссия толук макул болгон. Бир ниети бузук адамдын чагымынан  байге да, сыйлыктар да эч кимге берилген жок. Мамлекеттин бир да жетекчиси буга кызыгып сурап да койбогонун белгилөөгө болот. Арбактуу жерде этият болушса болмок, ошол себептүү көп нерсе аткарылбай, телчиге албай, очорулганы ошондон.
            Ыйман ызааттуулукту өркүндөтүп, эл арасына жайылтуу - концепциясы иштеп чыгып, китеп жазып басмадан чыгарган. Бул китепте адам баласынын келечекке баруучу жолу тууралуу баяндалган.		
        Ошондой эле, унутулуп кеткен туугандарды издеп табуу жаатында талбай аракеттенип, Томондон тараган Чалике уруусунан тарагандардын  ата - бабаларын тактап, санжырасын жазып, чиймеге түшүрүп, Чалике тукумунун басып өткөн жолу тууралуу тарыхый маалыматтарды, уламыштарды  топтоп,  Кыргызстан боюнча чаликелердин эсебин алып, алар менен ич-ара такташууларды өткөрүп, уруунун башын бириктирүү  аракетин көрүүдө. 
             Бешинчи кылымда Индия жериндеги  Чалукья б.а  Чалыке  династиясы болгондугун, алар империя кургандыгын, 600 жылдай убакыт аралыгында 74 падыша өткөндүгүн изилдеп тапкан. 
  Манас эпосунун миң жылдык улуу тоюна  Талас жергесинде  даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча Талас облустук мамлекеттик администрациясынын, Талас облустук эл депутаттарынын кенңешинин жана Кыргыз улуттук Манас Ордо ишкер долбоорунун биргелешип аткаруучу  иш чарасын жеке иштеп чыккан.Улуу тойго бир күн калганда, 28 август 1995 жылы Кыргыз  элине  төрт адам  куттуктоо  айткан. Алар , Кыргыз эл жазуучулары Түгөлбай Сыдыкбеков, Чынгыз Айтматов, Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев  жана манасовед Төрөбек Оторбаев болгон.
               Уламыш боюнча, учурунда  Айтбайдын 400 жылкысы, миңдеген койлору болгон экен. Айтбай Таластын Шумкаруя -  деген жеринде, жайлоосу да, кыштоосу да- келишкен жерде олтурчу экен. Ал учурда жоокерчилик заман  болуп, калмактар менен  кармаш күчөп  турган мезгилде, бир жолкуда Айтбай чоң атабыздын 400 жылкысын, калмактар чаап кетет. Ошондо, уурдалган жылкынын артынан Айтбай, Беки, Тумак, Ырысбай, Үмөтбай, Жээнбек, Таабалды, Тагаймат, Жоош ж.б. болуп жылкынын изин кууп жүрүп олтурушат. Ошондо Айтбайдын багып алган баласы Жээнбек жылкычы болуп жүргөн чагы экен.  
          Болжолу 1850 жылдардын тегерегинде,Таластагы Шумкаруя деген жерге  ат минген , жаштары 16-17 чамасында , эки бала   келгенин  ыраматылык- агабыз Ырыскелди , Мамыр байкелер айтып калаар эле. Мен бул тууралуу өз кулагым менен уккам. Алардын айтуусунда  эки бала, кушчуларды эки жылдай кыдырып жүрүп анан , Кубат бийдин тууганы болгон Айтбайдын үйүнө келишкен. Албетте баарын тактап алып анан келишкен болчу. Айта турган кеби даяр болчу.Таластагы Шумкар Уя - деген жерде кыштоодо олтурган Айтбайдын үйүнө келишкен. Айтбай чоң  атабыздын   үчүнчү  уулу Таабалды  жаңы төрөлүп,  уулуна  той берип жаткан болот. Эки бала той үстүнөн чыгышып,  Кашкардан келгенин  айтышат.  Балдардын айтуусуна караганда, Кашкар тараптан эр өлтөрөп коюп, качып келе жатышыптыр. Айтбай , “туулган балам тууган тапты” - деп, баланын атын Таабалды койгон.  Эки бала өз аттарын жашырып жүргүндүгү үчүн  элге белгисиз болуп калды. Ошол  бир баланын атын Айтбай  Жээнбек коюп, эки баланы, балам деп жарыялаган. Кийин, экинчи бала , Айтбайдан бөлүнүп, Чоңчычкан деген жерде , жайлоодо  бир айыл болуп олтурган, Каймазар уруусуна келген экен. Уруунун  кадырман аксакалы  Ботура, чоочун баланын жүргөнүн көрүп, өзүнө чакырып, сураганда, бала Кашкардан келгенин, ал жерде  аялын тартып алган сарбазды өлтүрүп, орого көөмп, качып келгенин айтат. Балдар  келгенинин башкы себебин жашырган.  Алар Кушчу уруусунда болуп жаткан абалды тыңдоо, такай көз салып, керектүү учурда кожоюндарына кабар берүү кызматында  болгон деп ойлоого негиз бар.  Ботура балага аял алып берип, элге кошкон экен. Ошол баладан Шараноод   уруусу тарайт. Бала өз атын жашырган менен , уулдарына өзүнүн чыккан уруусунун аты, Шараноод экенин айтып кеткен. 
      Жээнбек өз атасынын атын жашырып  жүргөндөн улам, убакыттын өтүшү менен Жээнбектин атасы Айтбай болгон -  деп эл арасында бекип калган. Бирок белгисиз себептер менен  Жээнбектен тараган тукум, Айтбайды  ,Жээнбектин атасы катары кабыл алган эмес. Эмне үчүн, себеби кайсы. Ушул күнгө чейин  танып келишет. Биз боорго тартканыбызды койбойбуз, алар боорго тепкенин  коюшпады. Жээнбектин ата теги белгисиз болуп калганынын себеби кайсы. Кийинки урпактар  Жээнбектин атасы  Кебекбай, Токтобай, Токторбай, Элчибек  дешип  убара болушту.  Эмне үчүн  өз ата тегин издөөнүн оордуна, бөлөк, жок  адамдардын атын атап жатканына  түшүнүү кыйын.   Жээнбек  өзүнүн туулган жерин, элин билген  да . Эмнеге мынча жашыруун. Жээнбек кайсы уруудан экенин  кантип билбей калды экен. Өзү кырк ашып жашап, эки эр азамат уулуна  эли, жери, уруусу кайда экенин айтпаганы кандай .   1930-жылдарда жашаган  Жээнбектин небереси Осмон тааптын жазган санжырасында - Жээнбек Ала Бука жактан келип, чалике болгон-деп  жазылып турат. Жээнбектин өз атасы тууралуу маалымат  жазылбаган.  Чалике уруусу ал учурда Балачычкан  деген жерди ата бабадан калган журт катары тутунуп келишкен. Ал жерде  Чалике уруусунун ата бабалары жаткан  жайы да бар.  Жээнбектин Үрүстөм, Тыныстан деген эки уулу болгон. Ал эки уул  сегиз эркек балалуу болушат. Алар эр жеткенде Шараноот уруусунун билермандарынан, менчиктештирип алуу үчүн, жер сурап кайрылышкан   экен. Шаранооттор Караойдун түндүк жагындагы  күнгөйдө ,бир өзөнчөдө олтурчу экен. Жанагы сегиз уул үй бүлөлөрү менен шараноотторду баш маанек тутуп, жамаатташ күн кечиришкен экен. Ал чөлкөмдөн жер бербеген соң, Кушчунун  Каймазар уруусу , Сүттүбулак деген жерден, кыштоо болгонго ылайыктуу жерди берген экен. Ошол учурдан баштап, ата конушка ээ болгон  сегиз уул, Кенеш айылындагы  Чалике уруусу менен  ынтымак куруп , бир көчөгө там салышып , жашап  келишти. Чалике уруусунун атын өздөрүнө  алышкан болчу.  Ортодон  ондогон жылдар өткөндө, Улуу ата мекендик согуш башталып, эр бүлөлөрдүн баары  согушка  кеткен  учур болгон. Үрүстөм, Тыныстан уулдары согушка барган эмес. Ошондон улам  уругу көбөйгөн экен.  Ушул тектен чыккан  . Амантай  эл кызматын өтөгөн, тууганга карамдуу адам эле.     Керимкул  оокат ашка кенен - шаардагы  көрүнүктүү адамдардын бири болчу.   Нурак – кушчунун кадырлуу аксакалдарынан болгон. Шайлообек  айыл ичиндеги кадырлуу адамдардан болгон.  Шаршенбай  Таластагы селхозтехникумду түптөп, анын директору милдетин аркалаган. Бакиров Сүйөркулдун эмгегин баса белгилөөгө болот. Ал жаштайынан зирек чоңойуп,  мектепти алтын медаль менен бүтүргөн. Эл журтка карамдуу, улууду сыйлап, кичүүдү ызааттаган адам болду. Кыштоого чейин свет тартып, айылга  трансформатор койдуруп, БСРди оңдоп, эл баккан  инсан болду. Мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген. Зоотбек – учурдагы бакубат адамдардын бири болду.Милициянын полковниги.
             Учурда чалике  жаштарынын ичинен ,   алдыга озуп чыгып келе жаткан уулдарыбыз бар. 
      Кубанычбек уулу  ,Бексултан – панкратион боюнча Азиянын чемпиону- алтын медальдын ээси, жогорку билимдүү, милициянын лейтенанты. 
       Төрөбек уулу Карахан -  погран войсканын башкармалыгынын  бөлүм башчысы, старший лейтенант, жогорку билимдүү.  
      Алмаз-  Бишкектеги 4- больницанын  жетекчиси, жогорку билимдүү. 
      Жоробек уулу  Нуркан – таможня кызматкери, жогорку билимдүү.
      Таалайбек уулу  Узак – Карабуура районунун соту, жогорку  билимдүү.
       Улан уулу  Океан – Жерүй алтын башкармалыгынын  кызматкери, жогорку билимдүү. 
      Мүзүркан уулу  Адилет – концерндин ген директору, жогорку билимдүү. .Ушундай   уулдарыбыз  бар. Кудай аларга узун өмүр, бакубат жашоо берсин.  Тилеген максаттарына  жетишсин деп батамды беремин.  
         Сөздү калмактар чаап кеткен жылкыга бурсак,  “алдырар күнү жазгырар” - деп, күтүүсүздөн жылкы жоо колуна кетти. Уурдалган жылкынын изи, Караколдон ашып, Каракыштактын ичин өрдөп, андан ары Балкашка кетиптир. Жолдо  кездешкен Или дайрасынан өтөөрдө кол чаначтарын үйлөп жиберишип, аттын капталына байлап, өздөрү  аттарынын куйругун кармашып суудан өтүшүптүр. Жүздөгөн бөөт-чөөт көлү бар, адам жашабаган жерден жылкыны табышып, артка кайтышканда,  дайрага кире бергенде, куугунчулар   жетип  келишкен экен. Ал жерде катуу чабыш болуп, Айтбайдын оң буту  сынган. Ал бутун  канжыгага  таңып  коюп, чабышты уланта берген экен. Куугунчулар көбүрөөк болуп, уруш бир чай  кайнамга созулган. Жарадар болгон Айтбайды, уулу Таабалды суудан өткөргөндө, атасы айткан экен - жылкыны элге тез айдап жөнө- деп. Чабышта чалике уруусунан чыккан    Тумак   чоң атабыздын  эки  баласы,   дайрадан өтүп кеткенче,  душман менен катуу уруш кылган. Чабыш  суу ичинде уланып, душмандар көптүккө салып, эки баатыр каза болгон  экен. Ошондо, элге баш –көз болуп калган, ал экөөсүнүн бир тууганы Куржун балалуу болгон.  Тумак   бий, кайтыш болгон балдарына катуу кейип, “эки уулум дайрага  өрдөк болуп  сүзүп кетти, эми алар кайтып келишпейт, ушул туулган неберемдин атын  Чулдук койдум, жаны аман болуп, эл бийлеген бий  болсун” - деп батасын берген экен. Чулдуктан тараган  Жыргалбай андан  Жолчоро баатыр деген чоң аталар  өткөн. Калмактар менен болгон  кармаштарда  ал, калмактын Кабын аттуу баатырын  жеке кармашта  жок кылган экен. Калмактардын, Кыргыз элине көрсөткөн кысымы күч алып, эл туш келди качкан учур болуптур. Ошол коогалаңда  Айтбай, төрт баласы, Куржун үй-бүлөсү болуп, Чөңөр ашуусунан ашып, казактар жактагы, тоо арасына миңден ашуун коюн жашырып, сактап калган экен. Кийин Айтбайдан тараган Таабалдынын уулу Оторбай, кушчунун Кеңеш айылынын тушунда, суудун аркы өйүзүндөгү “Кызыл Ташта”  олтурган кезинде, баккан миңден ашуун  койлору  ылаңдап,  бир кышта кырылып калган экен. Оторбайдын сөөгү Топчубаштын аркасындагы, кайкаң белченин  төмөнкү таманында экенин, чоң атам  Турсунбай мага көрсөткөн болчу. Көп өтпөй эле ал жер түз болуп калып, жайдын оорду белгисиз  болуп калды.
        Айтбайдын кайрып келген 400 баш жылкысын казактан келген  калмактар кайра чаап кеткен.    Себеби, ошол учурдан баштап  жылкынын дайыны чыкпай жок болгон.  Айтбайдын жылкы артынан койгон  асыранды баласы Жээнбектен тараган тукумга төрт эле ата өткөндүктөн, жылкы алардын колунда калса  бир жеринен көрүнмөк. 
        Беки Чаткалды байырлап, андан ары Анжианга кеткен, кай жерде кайтыш болгону белгисиз болуп калды. Анын балдарынын ичинен , Кучкач артка кайтканда, Чаткалды жердеп калган. Азыркы Чаткалдык Чалике тукуму  Кучкачтан тарагандар 100 түтүн. Кучкачтан тарагандар  Кызыл Үңкүр деген жерде 30  түтүн турушат. Алар өз уруусун “жинди” - деп атап алыптыр.  Биз аларга жетип, таанышсак жакшы болот эле. Биз ушул туугандарыбызды табуубуз керек. Байланышка чыгалы деп аракет кылдык, чыга албай жатабыз. 0770 48 44 78 телефонуна  чалсаңыздар,  чалике  уруусун  таап  аласыздар. 	
             Тумак түштүктөгү Кубатбекке барганда,  аны Ангрен деген жерге  эл  башкарууга жөнөткөн деп айтылат. Тумактан  тараган  Куржундун  уулу Чулдук эр  жеткенде, Көлдөгү Торгой деген баатырдын  кызын алып, балалуу болгон. Баласынын атын Жыргалбай коюптур. Бир  кырсык болуп, Жыргалбай  көлдөгү  таякелерине  кетип калган экен. Бул тууралуу бизден мурдагы улуу муундун өкүлү Ташматов Мамыр баякебиздин айтып олтурганын көп уктук. Көлдүк чаликелердин санжырасы боюнча, Чулдук жетинчи ата катары белгилүү.  Чулдуктун баласы Жыргалбай  бир жолку жородо олтурганда,  тамашалап, эшиктен эңкейип кирип келген бир адамды, желкеге бир коёт. Ал киши ошол жерден каза болуп калат. Өлгөн жигиттин бир-туугандары: “Куну сенин башың”- деп малды албай коюшат, көп кырчылдашып, кыл чайнашып жүрүшөт, бир күнү жакын достору келип: “Жыргалбай сени аңдыган жоо алмайын койбойт,  жер которуп кет” - дешет.  Жыргалбай чоң атабыз из жашырып,  Кеминдеги кутчуларга келген, кийин таякелеринин суроосу менен  Тоңго келгенде, таякелери Жыргалбайды жакшы тосуп алышып,  жакшы жерлерди берип, элине кошуп алган. Жыргалбай өзү балбан, акылдуу, тың жигит болуптур.  Кийин  Жыргалбай кара атка үй-мүлкүн артып, аялын учкаштырып, Ыссык Көлгө кетиптир.  Жыргалбайдын беш баласы болгон - Жолчоро, Чомой, Айдоос, Байкиши, Баяке.  Жолчоронун балдары, Жаныбек, Тыныбек, Кулубек, Адик Сагындык.   Жолчоро  жолборс чапкан убагында ашуудан аша албай калган төөнү көтөрүп өткөн балбан болгон экен. Калмактын Кабын деген балбанын жеке кармашта жеңип чыккан.  Жолчоронун баласы Адик балбан чыккан.  Жорго таптаган адам болгон. Адиктин күрөң жоргосу - даванга аты чыккан жорго болгон деп айтылат. Адиктин балдары   Ысмаил, Кармышак.  Кармышак  чоң балбан болгон, ал кишини торала, сарала деген аты гана көтөрчү экен. Убагында бул кишиге чак келген киши болгон эмес. Агасы Ысмаилдин тилин алып балбанга чыкпай коюптур,  бирөөнүн сөзү, көзү болот-деп, кийин ал өлөөрүндө “атым элге чыкпай калды”- деп, арман кылган дейт. Балбандыгымды жалпы кыргызга тааныта алган жокмун деп. Кармышактан Усуп, Акун, Акмат, Дүйшө дегендер болгон. Акундан Чалыке,  Чалыкеден - Искендербек, Замирбек, Болотбек, Алмазбек, Саламат, Азамат. Акун алысты көрө билген, акылман адам болгон. Учурунда, кийинки урпактар өз тегин билбей калбасын деп, баласынын атын Чалике койгон.  Кийин бир мезгил өткөндө, туугандарын издеп бир адам Таластан  келет, ошондо туугандар менен кошуласыңар деп айтып кеткен экен. Ал кишинин айтканы - айткандай келди.  Жыргалбайдан – беш уул болгон: Жолчоро, Чомой, Айдос, Баяке, Байкиши. Жолчородон – Жаныбек, Тыныбек, Кулубек, Адик, Сагындык , Чомой, Малдыбай, Жангул, Айдос.   
        Санжырада,  Чулдук Таластан келип, Бугунун Кыдыгынан чыккан Торгой баатырдын кызын алат. Калыңына алган малды  Таластан  айдатып келет экен. Ошолордун ичинде кой болуп, алардын көпчүлүгүн  кочкор түзүптүр.  Торгой баатырдын иниси Түлөгул деген болуптур, ошол  келген койлорго  Түлөгул баш көз  болуп  туруптур.  Ал киши жалаң кочкор айдап тажаганда, баарын бычып борукка айлантыптыр.  Бычылган кочкорлордун көбү  өлүп калыптыр,  эл аны тамашалап жалаң борук багып калганда, Түлөгул аты өчүп, Борукчу аталып калыптыр. Азыр Борукчунун тукумдары  Тоңдогу Боконбаев айлында абдан көп, азыркы мезгилде дагы Түлөгул аты чакырылбай, урпактары Борукчулар аталат. 
        Жолчоро катуу чыгат, ары балбан ары шер, Таластан   ооп келгендигине карабай, аябай кадыр баркка ээ болуп, элге алынат. 

Тоңдогу Кыдыктар дайыма мал бакканга жакшы жайыттарын берип, элге жаңы аралашып келе жаткан чаликелерди кодулабай, эл кылып алышат.

         Жолчоро Тоңдогу Кыдыктардын ичинде, Каракөйнөк дегендин  тукумун сактап калган. Себеби,  кыргыздар калмактарды чапканда, Каракөйнөк  деген адам

журтта калган бир баланы багып алат, ал баланы качкан калмактар жакшы кийинтип, кулагына алтын сөйкө тагып таштап кетишет экен. Бул, “тегин жердин баласы эмес окшойт”-деп, асырап бала кылып багып алып, атын Кабын коёт. Кийин айткандай эле Кабын мыкты чыгат. Ал акыл-эске толгондо, өзүнүн калмак экенин сезип калып, ичине кир пайда болуп калат. Эр-жигит болуп жетилгенде өзү каалагандай элди бийлеп, каалаганын жасап, кыргыз бир туугандарын кулдай сабап, күн көрсөтпөй, сулуу кыз-келиндерди көрсө кыя өтпөй, эринен тартып алып, жакшы ат көрсө, ээсин ат үстүнөн жыга тартып, атына ээ болуп, бир канкор болуп чыгат. Ал өзүн, бир айылдын элине хан сыяктуу мамиле кылат. Бир күнү Каракөйнөк атасы жаш токол алса, аны тартып алат, ошондо Каракөйнөк атасы багып алган Кабындан кутулуунун жолун ойлонуп калат. Буга эч ким эчтемке кыла албай коёт. Жада калса уктап жатканда жанына эч ким даап бара алчу эмес экен, көзүн тике карай алчу эмес дешет. Өзү аябагандай зор, балбан болгон экен, букаларды мүйүздөн алып жыгып туруп, оозун ачып буканын тилин тирүүлөй эле жулуп алчу экен. Каракөйнөк акыл ойлонуп, Кабынга: “Уулум эр-жеттиң, эл-жер көрүп малынды пулдап кел”- деп, Анжиянга соодагер сарттар менен кошуп ,бир топ мал айдатып жиберет. Каракөйнөк сарттардын кербен башына айтат: “Мен берген малдын баарын өзүң алып кал, жолдон Кабынды тынчытып койгун”-деп. Бир айга жетпей, Кабын аман-эсен келип калат, көрсө жолдон кербендер өлтүрөбүз деп кол салганда, кербенчилердин өзүлөрүн өлтүрүп, керектүү пулдарынын баарын алып, соп-соо үйгө келип калган экен. Үйгө келээри менен баарын кыйратып, баарын сабап: “Эмне менден кутула албай жатасыңарбы”- деп бүлүк салат. Каракөйнөк эптеп-септеп алдына түшүп: “Алдыңа кетейин уулум, андай эмес, сени кантип эле өлтүрөлү деп ойлойбуз”- деп эптеп, жайгарат. Эртеси Кабын кара аргымакты минип алып, айыл кыдырып бастырып кетет. Бутун аттын жалына арта сал, чоор тартчу дешет, ошондо ойдо-тоодогу жылкылардын баарысы, Кабынды тегеректешчү экен.Ошондой кылып жайлоого ат бастырып кеткенде, Каракөйнөк, коңшулаш айылдагы Жалгап деген мергенге ат чаптырып : “Жолдон кайтып келе жатканда атып өлтүр”- деп, ал мергенди жалдайт, бирок алда кандай болуп кетет деп, алыскы айылдан Жолчорону чакыртып, буктурмага коёт. Жалгап мерген Кабындын сүрүнөн коркуп жаза атып, мылтыктын огу тийбей калат, ошондо дагы Кабын селт этип койбогон деп айтылат. Ошондо, Кабын чындап эле мени өлтүрүшөт турбайбы деп, атты оозун коё берип, тоо жаңыртып кыйкырып: “Каныңды ичем, тукум курут кылам Каракөйнөк”- деп, айылды көздөй келе жатканда, Жолчоро жолдон тосуп чыгып: “аа Кабын! Эл болбодуң! Каныңды берген жоксуң! Эми ажалың жетти”- деп качырып сала берип, союл менен аттан түшүрө чабат. Ошондо Кабын айткан дейт: “Мага кыргыздан келчү жалгыз сен элең, күтүп жүрдүм эле”- деп. Кел эми кармашалы анда дейт. Жолчоро менен Кабын бир топко кармашып, акыры Жолчоро аны тынчытат. Мына ошентип, Кабын деген киши даабаган, ал эмес кыйын атактуу мерген сүрүнөн коркуп, ата албай койгон канкорду чапкан. Кабындын сөөгүн кепин көмдүрүп, кара ашын берген дейт. Кийин Каракөйнөк бий Жолчорону чакыртып алып , жакшы жерден жайыт берип, чогуу эл бололу деп, кутчуларды сыйлап калган дейт. Тоңдогу азыркы Эшперов айылындагы ойдуң жер – “Кутчунун Ою” деп аталчу. Ошол жерди кутчуларга Каракөйнөк бий берген, Жолчоро чон атабыздын сөөгү Темирканаттын белине, Каракөйнөктөрдүн жерине коюлган. Муну менен эмне айтмакчыбыз, бир кездеги чоң атабыздын кылган жакшы иши, кийинки Кутчунун Чалике уруусунун балдарына унутулбасын деп, Каракөйнөктүн урпактары дагы, чоң атабыздын жакшылыгын эстей жүрсүн деген ой. Ушул эле тукумдан эл керегине жараган эр азаматтар бүгүн да чыгып жатат. Эл кадырына ээ болгон, ак мээнети менен, дүйнө элдерине атагы тараган Жаныш Туратбек уулу – улуу саяпкер, Акун уулу Алмазбек Чаликеевич “Салбуурун Эл аралык бирикмесинин президенти. Панкратион боюнча чемпион,чорный поястын ээси. Көлдүн Жан Кушчу уруусунан тараган - Чалике тукумунан болгон Алмазбектин атагы алыска кеткен инсан болду. Кудай ага узун өмүр берсин! Эч нерседен кем болбосун! Падыша чоң аталарыңдын-Булакештин, Толумандын, Цилихи Тагайдын, - чаликенин, Кубатбек падишахтын арбактары колдосун.

           Жанкушчунун  Чалике тукуму - Томондон Токтоболот, андан Дорбо, андан Эгемберди (Сокку ур бий) андан тараган  Назарбектен Тумак, Беки, Шакар. Калмак кысып келгенде Беки туугандардан бөлүнүп, Аксыга (Аксууга) барып жашап калган экен. Учурунда, Аксылыктар аны Беки бай деп аташчу экен. Ал биринчи аялынан бир балалуу болгон. Жашы 66 га келгенде Таластын  Жийде деген айылындагы бир байдын Айке деген  кызын алган. Андан Кулдугуч, Түпкүч, Кучкач деген 3 балалуу болгон. 76  жашында дүйнө салган. Кийин Кучкач Чаткалга кайтып келип, туруп калган экен.  Кучкач деп ат коюлгандыгынын себеби, калмактар элди түштүккө сүргөндө, кушчулар качканда төрөлгөн бала болгон. Кучкачтан: Аргын,  Айдараалы,  Ормош. Аргындан  Кожоназар. Айдараалыдан Абылкасым  андан тараган  Иманаалы, Ысманаалы, Таштанаалы. Ормоштон: Кожоберген, Ногой, Кочкорбай, Кожомберди деген чоң аталарыбыз болгон экен. Кожоназардын үч уулу болуптур: Муса, Токтор, Аалы. Токтордон тарагандар бүгүнкү күндө Чаткалда турушат. Аалыдан Эргеш, Эргештен Эркин туулган. Эргеш кыргыздан чыккан биринчи генерал болгон. Анын уулу Эркин Таласта облисполкомдун  төрагасы болуп иштеп кеткен.  Менин эс тартып калган чагымда, атам Жумабек айтып калаар эле: "Аалы деген тууганыбыз, Чаткалдан Таласка келгенде, анын уулу Эргеш тестиер бала экен’ – деп. Аалы Таластагы туугандарында эки жыл жашап,  анан кетип калган экен.  Аалынын кандай шартта, кайсы жерде өлгөнүн билбей калдык. Эргеш жаш калып, детдомдо чоңоюптур"- деп укканбыз. Ошондон улам, Эргеш өзүнүн чыккан уруусун так билбей калган. Биз жакында эле, Чаткалдык Кушчунун чалике уруусунан чыккан Назалов Наркул менен байланышып, туугандардын санжырасын   тактап коёлу деп, телефон менен сүйлөшүп калдык. Наркул тууганчыл, ишке так мамиле жасаган, жакшы адам экен. Андан Чаткалдагы туугандарыбыздын тегин алганыбызда, Назарбектен Беки, андан Кучкач, андан Аргын, андан Кожоназар, андан Муса, Токтор деген уулдары болуп, Таласка кеткен бир уулунун аты унуткарылып кеткенин айтып да, жазып да берди. Биз айттык: “Чаткалдан келген  баланы биз билебиз, аты Аалы болгон” - дедик. Наркул тууганыбыз таң болду. “Кандайча, Чаткалдан кеткен баланы Токтор деп жүрбөдүк беле, Жээнбектен  тарагандар ошондой дешкен болчу”.  Жок,  ал Аалы болгонун тактап бердик. Мындан  25 жыл илгери,  Эргеш Таласка тууганын издеп келгенде, аны Таластагы Чоң Чычкандын Чон Таш деген  жеринде,  жайлоодо коноктошуп,  жөнөтүп коюшкан болчу. Тууганын издеп келген Эргешке: “Чаткалда Кожоназар деген чон атаң болгон. Элиң Чаткалда турат. Биз Жээнбектин тукуму, силерге жакын тууган эмеспиз. Таластагы туугандарыңар Томондон тарагандар” - деп чындыкты айтышпагандыктан улам,  Эргеш, Эркиндер адашкан боюнча дүйнөдөн өтүп кетишти.  Ошол Эргештин уулу Эркиндин аялы уйгурдун  кызы болчу. Эркин Таласта иштеп жүргөндө, туугандар үйүнө барып калса айтат дейт:  “Эркиндин чыккан уруусун  “жинди чалике” деп айтышат экен, бул жинди деле эмес”- деп. Жинди  деген сөз чалике уруусуна илгээри  жабышкан экен. Бир заманда чалике лердин ата бабалары  Чайан ,  Жин-ди аталган -Танкы Кут өлкөсүнүн жерлеринде жашаган. Н. Я. Бичурин 1-том 11бет.   Ал мезгилде  Чаяндардын өлкөсүндө  бийлик беш жинден туруп,  граждандык  бийликти билдирген.  Ал эми “ди” дегени болсо,“сол” канаттын 5  аскердик  бийлиги деген маанини туюндурган. Бул сөз кошуна жаткан  өлкөгө  тарап, ж тамгасы кыскарып  инди сөзү пайда болгон –деп айтууга негиз бар. Сөз ошол мезгилден бери урууга   илешип келе  жатат . Жинди өлкөсү Гималай тоолорунун түндүк жактарын камтып турган экен. Жинди өлкөсүнөн агып  түшкөн дайра да Жинди деп аталган, кийин ж тамгасы кыскарып , инди сөзү пайда болгон экен. Инд дайрасынын аты ошондон келип чыккан экен. Андан  Индия деген  өлкө аты келип чыккан. Түндүк Индияда орун алган  Ганга дайрасы да , Жан Суу  дайрасынын  аталышынан келип  Ган-суу болгон , андан кыскарып , Ганга түрүнө келген. Жан дайрасы  орус тилинде река Духов, деп аталып, Инди эли үчүн өзгөчө  ыйык дайрага айланган экен.
             Чыйырды-Чакан апабыз ошол Чаян  кандыгынан болгон, эгер ушул канышадан уул  туулса , кийин ошол Жин, Ди бийлигинин чоңу  болоору данзага жазылган экен. 
              Биздин төртүнчү атабыз  Айтбай Жээнбекти ээрчитип, дагы бир топ адамдары  менен Анжианга Кубат бийге жолукканы барган экен. Баруунун дагы бир себеби, Улуу Жибек жолундагы кербендерди узатуу ишин аткарган деген уламыш сөз, эл ичинде айтылып калган. Ошондо Анжиандын базарынан багаар-көрөөрү жок бир кызды Жээнбекке учкаштырып ала келген экен. Ал кыз Айтбайдын үй кызматкери болуп жүргөн. Ал убакта  кызматкер деген сөз жок болуп, күң деп коюшчу экен. Ортодон бир топ убакыт өткөндө, Айтбай Жээнбекке аял алып берейин деп, элден кыз караштыра баштаганда, Жээнбек ушул эле кызды алам деп, болбой алган деп, ата-баба айтып келген. Ал күң бир жолу уктап жатып ачынып калганда, Айтбайдын аялы чоң апабыз Балкын -  ал күңдүн жонунда жүнү бар экенин көрүп: “Айтбай сен бул кызды кайдан таап келдин эле -  ботом  жону жүн экен. Насили бөлөк элден окшойт. Мындан туулган урпак көпкө чейин ымалага келбей , бак талашып, пасташпаса болду”- деген дейт.Ал апабыз көзү ачык, айтканы эки болбогон адам экен.  Айрым ичинде нааразылыгы бар адамдар жок, Айтбай Жээнбекти учкаштырып келген-деп  бурмалап койгону да болгон. 
             Санжырада эки бала  эр өлтүрүп, Кашкар тараптан келгени айтылып калган.  Жээнбектин урпагы болгон  Жумалиев Иманбек Асанкулович, мындан 15 жыл мурда, Алиевдер күчөп турганда, эптеп аларга тууган болуп, андан пайдаланууну көздөп,  Чаткалдык  чаликелердин Токтор деген  чоңаталарынын атына жамынып, аны Таластагы Айтбайдын  төрт уулунун бири болгон Токтордун оордуна  коюп, биз Чаткалдан келгенбиз, Токтор  Айтбайдын баласы эмес, Чаткалдан келген  Токторбай дешип, баш оорутуп келишти. Айтбай чоң атабыздан Токтор, Токтоназар, Таабалды, Акылбек деген балдары болгон, багып алган баласы  Жээнбек болгон. Таабалды өткүр, чечкиндүү, баатыр жигит болуп өскөн. Мындан 100 жыл мурда туулуп, жашап өткөн Күмүшай  чоң апабыздын айтканын өз оозунан уккан, Зулайка эжебиздин (69 жашта) айтуусуна караганда, Таабалды эки деңизден өтүп ,“түрк” деген элге барып, эл курап, жерге ээ болуп, жердин атын “Талас” деп койгону  уламыш катары айтылып келет.                  
         Таабалдынын бир уулу  Токтордун балдары: Эркинбек, Жаныбек, Кожобек, Байбек, Чойбек, Шайбек болгон. Бул тукумдан Мамыр, Темир, Улан, Таалайбек өңдүү инсандар эл оозуна алынып, кадыр-баркка ээ болгон. Булардан тарагандар Таласта бир айыл эл болуп олтурушат. Улан – терең   билимдүү, улуу кичүүгө бирдей мамиле жасаган  адам болду.Учурунда Талас облустук администрациясынын аппарат жетекчиси болуп иштеген. Жер үй алтын комбинатынын бөлүмүн жетектеген. 
           Убакыт өтүп, мезгил өзгөрүп, эми Иманбекке Чаткалдыктардын да, Алиевдердин да, Таластык чаликелердин  да кереги жок болуп, өз ата-тегин Кытайдын Кызыл-Ой деген жерине которуп, "Тагдыр" деген китеп жазды. Көрсө интернетке чыккан  маалыматтарда  Кубат бийдин сөөгү  Кытайдын  Кызыл-Ой деген жеринде коюлган, ага арнап, көзү тирүүсүндө эле мунара  орнотулганы түрткү болуптур. Ал китеп ойдон чыгарылган  нерселерге бай. Иманбектин кийинки табылгасы, Кытайдын Кызыл-Ой деген жериндеги 3000 түтүн эл, өздөрүн чалыкеден  тараганбыз дешкенин угуп, алардан тараган бутакка  Айтбайдын өз баласы Токторду улап, анын атасы  Элчибек  болгон деп, ойдон чыгарып- китебине жазды. Токтордон тараган Ташматтын тукумун атасыз калтырып, Токтордун атын  өзгөртүп, Токторбай, Элчибек деп, Токторбайдан  Жээнбекти чыгарып, “Тагдыр”  деген  китепти жазганга үлгүрдү.  Экинчиден чалакенин  тукуму деп бурмалоого жол берип,Чалыке тукуму деп туурасын айткандан тайсалдады.
           Иманбектин жазган китеби боюнча  Кубат бий - бул чал. Ошол чалды, эл “чал аке”  деп атаптыр,  андан Элчибек андан Токтор, андан Жээнбек анан төрт  ата өткөндө Иманбек өзү экен. Кубатбек бийди качан, ким чал деп атады эле. Бул сөзүң үчүн сен  эл алдында жооп берүүң тийиш. Кубат бий сенин чоң атаң болгондо  чал деп жазбайт элең.  Иманбектин Элчибек,Токтор, Кебекбай, Токторбай деген  чоң  аталары эч качан болгон эмес. Бир айылда  туулуп өскөн адам катары  айтып олтурам.  Ошентип, Кубат бийдин бир баласынын аты Элчибек болгон деген  сөзү жалган, ойдон чыгарылган. Мен жазып жаткан китепке  Ыйманбек жазган маалыматтарга  ишенип Элчибекти  камтыган элем.  Бирок ал жазган Кубат бийдин баласы Элчибек деген маалымат  жалган болуп чыкты. Күнөө сенин мойнуңда.  Пайгамбар  жашынан өтүп калган  Иманбекке, бул кылган иши абийир алып келбейт.  Ошол туштагы санжыраны карап көргөндө  Элчибек,  Дөөлөс баатырдын уулдарынын бири. Манап бийдин урпактары болуп чыгат. Биз мунун чын төгүнүн билүү  үчүн,  Ноокендин  Сакалды   айылында жашаган  Исаков  Абдырахмандан сураганыбызда, ал  Кубат бийден тараган Элчибек, анын уулу Токтор дегендер болбогонун айтты. Ушул туура эмес иштерди жасап жүргөн   Жумалиев Иманбек, кушчу уруусун оңдомуш - этимиш болуп, Кубат бийдин небереси болуп алууга тымызын аракет кылууда. Ал “Тагдыр” деген китебинде, Кубат бийди: “Менин чоң атам”- деп ээлеп  алган. Ал үйүндөгү чоң атасы Жумаалыдан калган чапанды, ээр токумун жб буюмдарды , Кубат  бийден калган - деп үйүнө барган  айылдаштарга көрсөтүп,  жалган айтып жатканын кесе айтууга болот. Ал ээр токум менен чапанды тааныган адамдар айылда бар. Жогоруда, мен айтып өткөн Кубат бийдин ата-бабаларынын тегин этибарга албай, Чалике уруусунун 1300 түтүн элине, Кубат бийдин  тегине бут тосуп жатканына күбө болдуңуздар. Ноокендик  кушчу  туугандарга, Кубат бийден тарагандардын санжырасын, “Таластык чаликелерге жана шалкелерге бербегиле, Кубат бийге кошпогула” - деген  Иманбекке,  Кубат бийдин тегинин  болушунун кереги  жок. Иманбек үчүн Кубат бий, өз тегин оңдош үчүн гана керек. Ал  массалык маалымат каражаттарына чыгып менин төртүнчү чоң атам Кубат бий болгон- деп кашкайып туруп калп сүйлөгөнөн токтотпой жатат. Иманбектин атасы Асанкул, анын атасы Жумалы, анын атасы Тыныстан, анын атасы  Жээнбек. Ар бир атанын аралыгын 25 жылдан эсептегенде  болгону 100 жылды түзөт. 2000 жылдан 100 жылды алганда 1900 жыл болот.Демек Иманбектин түп атасы  1900 жылдары жашаган киши. Ал эми Кубат бий болсо  1700 жылдары туулган адам.   Жээнбектен ары дагы  200 жылда  8 ата өткөн убакытты Иманбек эми кантип  толтурат, Анча атаны кайдан таап келет., же базардан сатып келеби.  -Ал  “Тагдыр” деген китебинде,  Кытайдагы  3000 түтүн  Чалыкени, 1300 түтүн  Чалыке уруусунун оордуна  коюп,   чалике уруусун тексиз кылып койууга аракет кылды. Кушчу уруусунун курамынан бирото эле чыгарып салууга  аракет кылууда. Дагы айта кетүүчү бир жагдай бар. Ал,  Иманбектин Кубат бийди бирото эле жок кылууга жасаган аракети. 2015-жылы сентябрь айында мага жолугам деп, Таластагы” Каныкей булакка “курулуш куруп жаткан, Республикалык Көркөм фонддон Баястан аттуу скульптор үйгө келди. Менин жазган китебимдин дайнын угуп келиптир. Сөздөн-сөз чыгып, ал Иманбекти таанырын, улам “Художественный” фондко келип, ошол жерде мурда жасалган, ээси албай койгон эстелик ташты, жанын койбой жатып, алып кеткенин айтып нааразы болду. Мына ошол белгисиз эстелик ташты “Кубатбек ушул” -  деп  үйүнө баргандарга көрсөтүп  жатат.  Ошол таштын сүрөтүн колго тарттырып, “Кубат бий ушул”- деп элге таратып жатат. Ошол  сүрөттүн бири, жакында эле Чаткалдык туугандарга берилгенин өз көзүбүз менен көрдүк. Ноокендик туугандар анын сөзүнө ишенип, Ноокедеги клубдун жанына  ошол сүрөттү колго тарттырып ,текчеге орнотуп койгонун, мен ошол жерге атайын барганда көрдүм. Ал сүрөттү   элге  таратуу  алдында турат. Кийин сүрөттөрдүн кимиси Кубат бийдики экени  белгисиз болуп калуусуна  Иманбек чоң аракет кылууда. Биз чалике тукуму буга эч качан макул боло албайбыз. Тарыхта Кубат бийдин өзүнүн сүрөтү сакталып калган. Кубат бийдин өзүнүн сүрөтү  турса, аны этибарга албай мындай ишке барып жаткандарга эмне деп айтса болот? Мен Баястанга Кубат бийдин өзүнүн  сүрөтүн көрсөткөндөн кийин ал болуп жаткан иштин чоо жайына шыр түшүнүп, сөзүн оңдоп: “жасап бер десе, айтканын кылабыз да”.... деп тайсалдап калды. Келген конокту  ыңгайсыз абалдан өзүм чыгарып: “сенде эч кандай күнөө жок, жаса десе жасап бересиңер  да”– деп койдум. Кубат бийдин тарыхтагы өзүнүн сүрөтүн, Ноокендик аксакал Акрам Таласка келгенде, берип жибердим. Дагы да болсо кеч эмес, оңдоп коюшсун. Иманбек өзүнүн  Тагдыр деген китебинде, атасы Асанкулдун сүрөтүнүн оордуна, бөлөк адамдын сүрөтүн койгонуна эл  нааразы. Асанкулдун  мээримдүү элеси дагы деле баарыбыздын көз астыбызда турат. Эч кимге катуу айтпаган, молдо чалыш,   жонокой айыл адамы болчу. Асанкулдун эл чогула калганда айтып калчу сөзүнүн бири “балдар эч качан бөлүнбөгүлө” – дээр эле. Жолугуп калганда өз баласынан артык мамиле кылчу эле. Асанкулду  көргөндөр  айылда  көп. Бир жолу Асакеме Талас шаарынан жолугуп калдым. Ал демейдегисиндей эле жакшы мамиле жасап: “Төкөн,  өзүң көрүп турсуң го, балдарым начар чыгып калды”- деп көзүнө жаш алды. Бул кыйынчылыктар да өтүп кетээрин айтып, жооткоттум. Ал кезде  Жумалиев Иманбек   Асанкулович  обкомдон  орунсуз иш кылып, куулуп, бизнес кылам деп элдин бир вагон тамекисин сатып берем деп алып, анысын чечендерге алдырып, эки-үч жылдай качып жүргөн убагы болчу. Ошондо,  Кыргыз алтында иштеп жүргөн Д.  Сарыгуловко ыйлап барып, Кочкор Атадагы  “нефтпромго” башчы болгон. Анан эле мыкты болуп чыга келди. Мыкты болсо болсун, анысына ич тардык жок, ал эми атасын жеригени эмнеси? Асанкул  бирибиздин агабыз, тууганыбыз, жек жаатыбыз, бирөөбүзгө таяке, бирибизге жээн, айылдаш, бирибизге чоң ата эмес беле. Ошолордун баарынын  жүрөгүн ооруттуң. Ошол элдин баарынын атынан - сен Асакемдин арбагын катуу таарынтканыңды айтып койгонумду чеки көрбө. Мындай жорук  элде мурда болуп көрбөгөн. 
        Таластагы кушчунун Чалике уруусунан  чыккан Айтбай, Иманбектин төртүнчү  атасы болгон Жээнбекти асырап чонойтуп, үй көтөрүп берип, үйлөндүргөнү  чындык .Жумалиев Иманбек Асанкулович  ошол Жээнбектин урпагы.  Ал өзүнүн китебинде, өзү туулуп өскөн айылындагы чаликелерди –“мен билбейт экем”, “чалке” дегендер бар дешет, “башы бирикпеген”, “аксым”, “жинди чалке” - деп бир суу элге жаман ат коюп, жазып, элге акаарат келтирди. “Чалке уруусу кушчу уруусунун ичинде жок”- деп, “Тагдыр” деген китебинде тыянактайт. Кушчу уруусунда “Чал аке” уруусу бар дейт. Мындай уруудун бар экенин мурда мен уккан эмесмин. Миң түтүндөн ашык чалике  уруусун жок кылып койгондой “Сен- Иманбек  өзүңдү ким деп ойлоп  жүрөсүң? Элдин каарына калбай, өз жолуң менен  жөн жүргүн”!
    Иманбек  бул аракеттери менен   Кызыл Ойдогу  чалыке уруусун, Таластык чалыкелерден  бирото эле  бөлүп таштоого аракет кылууда.  Кубат бийди, Кытайдын Кызыл Ойундагы чалыкелерге бирото эле менчиктештирип берүүгө  тымызын аракет кылууда. Сен эмне Кубат бийди  кытайдын Кызылсуусунан болот деп уктуң беле? Таластык, Ысык Көлдүк, Чаткалдык, Аксылык  чаликелерди “силер жоксуңар, андай урууду  билбейм”- деп  айтууга кандай акың бар. Өзүнүн ата тегин Кытайдын Кызыл Оюна  которуп,  Кубат бийдин мамысына жакындаганга аракети күч.  Кубат бийдин “түз урпагымын”- деп, телевидениеге чыкты. Ошондой бөлүп - жаруучулук амал менен Таластык, Чаткалдык, Ысык Көлдүк, Аксылык  ж.б  жерде жашаган  чаликелерди, кушчуларды   Кубатбек чоң атасынан ажыратып, тартып  алууну көздөп олтурат.  . Албетте Ноокендик  туугандарда күнөө жок, алар  Иманбекке ишенди, анын, кушчунун Чалике уруусунун  ата бабаларынын  арбагына кыянаттык кылып жатканына көп көңүл бурушпады.  Мунусу аз келгенсип, Кубат бийдин эстелик ташын өзүм жазаттым деп - калп айтып, художественный фонддо  ээси албай койгон, бир эстелик ташты  Баястандан  жалдырап сурап алып, Ноокендеги кагазды туугандарга –“Кубат бий  ушул”- деп, ал эстеликти берди -деп уктук.  Мындай шылдынкордукту кандайча түшүнүүгө болот? “Мен да, Кубат бийдин Жунушаалысынан  тараганмын”- деп өзүнүн Тагдыр деген китебине жазып, ошону  уялбай бетине кармамыш болот. Жунушаалынын тукуму Ак Талаа районунда жашашат. Алар   өздөрүн кутчудан экенин унуткарбаган.  Нурак Алымкулов деген  адам , Жунушаалыдан тараган  бир айыл эл бар экенин  мага айтты.  Ыйманбекти  издеп жатышыптыр.  Анысы аз келгенсип, Ыйманбек  эл чогулган жерде менин чоң атам  Кубат бий болгон деп , жалган сүйлөгөнүн  токтотпой жатат. Санжыра боюнча карап көргөнүбүздө, Кубат бийдин Жунушаалысынан   тараган тукум  бизге эми белгилүү болуп калды.  Кубат бий өлгөндөн кийин , анын  жакын адамдары чөлгө карай качканы санжырада айтылат. Ошого караганда Жизактагы, Мургабдагы  кушчулардын ичинде  Кубат бийдин уулдары: Карды, Кулмурза, Жунушаалы, Берик, Абайылда, Агышайбектен тараган  туугандар болсо ,аларды тапсак дейбиз.  Бирок Кубат бийге  эч  тиешеси жок Иманбектин, ал жерден  кошулуп калышына  жол берүүгө болбойт. Жунушаалынын тукумдары  Ыйманбекке өз чоң атасын  бере коюшпас. Кушчу уруусунун  санжырасын жазып жаткан топтун мүчөлөрүнүн кулагына күмүш сырга. Кийин укпай калдык, көрбөй калдык, билбей  калдык  дебегиле. 
          Иш  арбакты тебелеп тепсөө менен бүтүп калган жок. Кызыл Суулук  чалакелерди  Ноокенге  конокко  чакырып, келерки 2016-жылды, Кыргызстанда Кубат бийдин жылы - деп  жарыя кылуу аракети башталганын  Ноокедик “кагазды”  туугандар  айтышты.   Ошол эле убакта  Кушчулардын санжыра китебин  жаздырып  элге таратуусуна аз калды.  Иманбектин түпкү  максаты, Кызыл Ойдук чалакелерге өзүнүн тегин жасалма  кошуп, Кубат бийди  кыргызстандагы кушчулардан бөлүп  алып, Кытайдын   Кызыл Ойунда жашаган чалакелерге  өткөрүп   жиберүү болуп эсептелет. Чалике менен  Чалаке урууларынын  түпкүлүгүндө  теги   бир  экенин  танат.  Бөлүп салгысы келет. Таластагы, Ысык Көлдөгү, Чаткалдагы чаликелерди - андай урууну билбейм деп, Чалике уруусу  менен Чалаке уруусун экиге бөлүп, чабыштырууга аракети күч. Эки урууну теги бир,  бир эле уруунун эки аталышы деп чындыкты айтуунун оордуна, ”Чалаке бар, Чалике деген- жок”- деп, бузукулук кылганын токтотпой жатат. Ушунун баары  Иманбектин жеке, өз кызыкчылыгы үчүн иштелүүдө.  Элдин ынтымагын кетирип,  чатак  чыгарууга  камылга көрүүдө. Эстелик ташты жалдырап сурап алганы аз келгенсип, бир жолдошу менен Художественный фондко барып, абийири ачылып калганы  үчүн  Баястанды күнөөлөп - барганына  “баракелде” деп айтуудан бөлөк айла жок. Сен Баястанды “уговорить” этип кутулуп кетем деп ойлобо. Кубат бийдин өзүнүн сүрөтү  сакталып калган, ошону  эстелик менен салыштыра койсо эле “подделка” көрүнүп калаарын эстен чыгарбагын. Эксперттер бат эле аныктап коюшаарын да унутпа. Иманбекке айтаарыбыз ушул тескери баштаган жолуңдан кайткын. Дагы да болсо кеч эмес. Ата бабалардын арбагын тебелеп тепсегениңди  токтоткун. 1300 түтүн Чалике уруусунан келип кечирим сурагын. Ошол себептүү, Жумалиев Иманбектин, кушчу  уруусун тактап, китеп жазып жаткан топтун  ишине  кийлигишүүсү, элге жакшылык алып келбейт. Мындай  кудайга жакпаган иштерди  жасап жаткандар, аны  көрмөксөнгө салган адамдар , кудай алдында өз жазаларын алышаары   бышык. Ушул иштерге  катышы бар адамдарга абийир алып келбейт деп ойлойбуз. 
            Кушчулар түндүккө чегинип Селенга бойлоруна барганда, урааны “Каратал” болгон. ошондон улам, Жайыл андан Миңдуулат, андан Каратал аты калып санжыра уланат. Кийин Үч Турпанда, Ысык Көлдө турганда Кутчулар: Тас Кушчу,  Көк Кушчу, Кара Кушчу, Лалым Кушчу, Сары Кушчу, Аман Кушчу, Сарт Кушчу ж.б. болуп бөлүндү болгон. ошолордун ар-биринин алдында кичи уруулар келип биригип турган.  Жан Кушчудан тарагандар Чалике, Сакалды, Чейне, Күнчөй, ж.б. уруулар болуп,  аларга сырттан келип кошулган уруулар да болгон. 
     Алсак: Шаранод  деген сөз, Шара Ноорду  жердеген б.а. Сары Көлдү жердеген кара  кушчунун  бир  уруусу  болуп чечмеленет. Илгээри, ал аймакта Көк көл, Сары көл, Кара көл, Күрөң көл, Саба Көл, Балаң Кир, Көкөноор ж.б. көлдөр боло турган. Түштүк Кытайда  болгон  Топон суудан качып, түндүк тарапка тербиген  кушчулар, Ордоско жете токтошкон экен. Андан ары Чыңшаанын жазы талаасы, ак- кум топурактуу  суусуз талаа.  Манастын тушунда ушул талаада  чоң казатка барган аскерлер менен  Макел Малгундун колу беттешкен талаа. Сол тарабы Бакбурчун. Сары дайрадан өткөндө кездешкен  чөл талаа Манас эпосундагы Ороккырдын эли жашаган чөлкөм. Талаада эки агын суу түз эле түндүктү карай агып, болжолу 250 чакырым  барганда, эки көл жаратат. Өгүз кандын батыш акылман ханы тарабына кушчулар чабылганда, бул эки көлдө олтурган элге согуш оту жетпеген, андай каргашанын болгонун убагында угушпаган, эл батышка качпай калып калган экен. Ал учурда, элдин ал чөлкөмгө көчүп келгенине болжолу 18 кылымдай болгон экен. Андан соң - чапкындан кийин  калып   калган эл - калмак атка көчкөн. Теги Кара Кушчу.  Алардын  борбор шаары Худжуюй хянь деп аталган. Кушчуну – худжу деп, “юй”  дегени “үй” деген маанини берген. Хянь дегени  баягы эле Жан деген сөздү билдирип турган. Убагында кушчулардын  ордосу турган  аймак Ордос аталган экен. Ооп келген эл, кара кушчу атын алып жүргөн. Кара дегени көп, чоң кушчу деген маанини билдирип турган. Ошондон уланган сөз биздин күнгө чейин жетти. “Элдин зору кушчу” деген уламыш кеп ошондон калган. Каракушчудагы  Шаранорду турактаган журт Шарануддар болгон.  Айрым изилдөөчүлөр Шаранотту Чаарноот деп жаңылып келишет. Түбү Сары  Көлдүктөр  деген түшүнүктү жаратат. Тегерете учу кыйырына көз жетпеген чөл болуп, ичүүчү суусу сары түскө келген,  суу агып чыкпаган  бул көлдөр негизинен ичүүгө жараксыз болгон. Ал суудун балыгы да айрым оорулар менен ооруганы талашсыз. Өгүз канга караштуу хунндардын батыш акылман каны  тарабынан күтүүсүздөн чабылган   байыркы кушчулар  , түп көтөрүлө туш келди жакка сүрүлүп кеткен болчу. Жапан жерине кеткени хата, юзи, наги, ж.б аттарга конуп кетишти. Батышка оогону  Тажик жерине, Сыр чөлкөмүнө, Алатоого, Түркмөн жерлерине келишти да, Кыйбаны борбор кылып турушту. Бул жакка көчүп келген кушчулар  Катта хан атына көчүп кетишти. Или дайрасынын чөлкөмүнө барган кушчулар өз атын сактап калышты. Ошондон уланган эл Енисейлик кыргыз атына  көчкөн учуру тарых бетинде сакталып калган. Ал эми башында чабылгандан калган  кушчулар , ошол жерлердеги көлдөрдүн аты менен аталып калышкан. Ошол көптөгөн көлдөрдү жердеген  уруулардын баарына Сары көлдүктөр  башчылык кылган. Ошол себептүү баардык уруулар биригип  Сары көлдүктөр атанып кетишкен б.а Шарануддар деген  тайпа пайда болуп, ал уруудан чыккандар хандык кылып турушкан.  Манастын доорунда ал тектен Ороккыр деген хан чыккан. Эл Ала Тоого көчкөндө, ал жакта  калып калган эл, Сарыногой  тукумдары менен аралашып, кийин Ойрот  уруулар бирикмесинин курамына өтүшкөн. Бирок, Шараноотторду Калмактар менен бир катарга коюга болбойт деп санжырада жазылган. Шаранооттордун теги  Каракушчу болот, себеби  Жансуудан түндүккө оогон,  Ганьсу, Ордос, Алашань, Каспаңдын Кара Тоосу ж.б. чөлкөмдөрдө жашаган  элдер , Кара Кушчу б.а. Чоң, Көп Кушчу деп аталган болчу. Шаранор  ошол чөлкөмдө болгон.
      Тарыхчы Рысбек уулу Акчал айтат: “Ошонун ичинен 1985 жылдарына жакын 

, 100 жаш курагында дүйнөдөн өткөн- Ысмайыл чоң атам айткан жоромол мен үчүн чындыкка жакындай сезилет. Бакай ажы айтчу”– деп, айтаар эле чоң атам. Эл жайлоого чыгып, жайдын толуп турган убак эле, Чоң Чычкандагы Чоң Түздө үлүш өткөрүп жаткан Ботуранын көзү элге шыпылдап кымыз сунуп, тамак тартып, кызмат кылып жүргөн чаар ноту чапан кийген, чоочун жигитке түшөт. Жигиттин кыймылына ыраазы болуп:

   -Тигил чаар нооту чапанчан ким? Бери чакыргылачы!? – дейт, жигиттердин бири “чаар нооту” тез эле ээрчитип келет.
    -Атың жөнүң ким? Кайсы элден болосуң? Сени бул жакка тагдырдын кайсы шамалы айдап келди? – деп чоо-жайын сурамжылай баштайт. Алиги Анжиан  тараптан экендигин, Жан Кушчу боло тургандыгын, Кокон сарбаздары  малын тартып, үй-мүлкүн талап, аялын зордуктап кордогонун айтат.  Алардан өч алыш үчүн бир сарбазды өлтүрүп орого көмүп салгандыгын. Кокондуктар билип калып, аны өлтүрмөкчү болгондо, Таласка качып келгендигин айтат. Ботура жигиттин тирикарактыгына ыраазы болуп, отун-суу, мал-келге кол кабыш кылып тур – деп, бир жесир келиндин үстүнө киргизип коёт. Кийин ошол келинге үйлөнүп, андан бала-чакалуу болуп, өзүнчө түтүн булатып, жашап калат. Жаңы тууганды эл өз атынан атабай “чаарноот” -  деп лакап атынан аташкандыктан, өз аты унутулуп, кийин чаарнооттон-шараноот деп аталып кетет” – дейт,Акчал өзү жазган китебинде. 
     Элдик уламышта шаранот уруусу, чалакелер  кайда жүрсө, ошол жерде жүргөн. Чалаке деген топ, Ыйманбектин айтуусунда , чалике уруусунан бөлөк, кирме топ экенин өз китебинде баян этет. Алар өз ата тектерин жашырып жүргөндүктөн ,кийинки муун  билбей калышты. Кубат бийдин жан сакчылары шараноддор болушкан. Ойроттордун башкаруучу уруусу, алардын хан тукуму болуп келген шараноддор, алардын бүгүнкү күндөгү жол баштоочусу Сасыкпай деген чөнтөктүү адам, Кубат бийди өзүнө менчиктештирип, Кушчунун чок ортосуна, Кубат  бийге  татыксыз  эстелигин коюп койду.  Кубат бий өзүнүн чоң атасы экенин  жарыя этип, массалык  маалымат каражаттарынан  байма-бай чыгып  келет. Орус окумуштуусу Авляевдин  изилдөөлөрүнө таянсак, Шарануддар-  Ойроттордун курамындагы эл экендиги ачык болот. Айрым  атайын “заказ” менен иштеген  санжыра жазуучулар “Кубат бийдин атасы Калча бий, анын атасы Шаранод деген адам болгон” деп,  ушул күндө жазып жатышат . Жогорудагы келтирилген маалыматтар интернеттин “роды и племена” деген сайтын ачып, калмыки, шарануды деген теманы ачса, ошол жерден толук   маалымат алууга болот.   Ошол эмгектен кыска үзүндүнү мисал келтирсе болот.        
        Жогоруда келтирилген маалыматтардан улам, Кубат бийди талашып жаткан  кушчунун урууларына: Шараноддор, Кагаздылар, Чаликелер, Таз кушчулар анан  Иманбек экен.  Ар бир уруу өз көмөчүнө күл тартпай,  окумуштууларга жол берсек кантет. Алар  терең изилдешип, бир жыйынтыкка келүүсүн күтөлү. Ынтымак жакшы, ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы –дегендей,  маселенин калыс чечилишин күтөлү.
         Санжыра, Таласта  жашаган  Чалике  уруусунун, 2-апрель  2015-ж.  Талас  шаарында  өткөн  курултайында  талкуудан  өткөрүлүп, бекитилген. Кошумча  маалыматтар  менен толуктап, санжыраны жазган жана    даярдаган  манасовед  Төрөбек  Оторбаев. Талас шаары. Тел. 0770484478