Мазмунга өтүү

Сакеев Керез Ажыбаевич

Википедия — ачык энциклопедия

Сакеев Керез Ажыбаевич (1936-ж.т., Саргата айылы) - обончу.

  • 1969-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.
  • 1969-жылдан Саргата орто мектебинде мугалим болуп эмгектенген. И. Исаковдун «Гүлдөр, гүлдөр», И. Сулаймановдун «Билбедим», Н. Байтемировдун «Сен кайдасың Мария», К. Жуманазаровдун «Шамшыкал» аттуу ж.б. ырларына обон чыгарган.

Сакеевдин чыгармалары республикалык эл чыгармачылык үйүнүн алтын фондусуна, радио комитеттин фондунда, Ош радио фондусунда сакталууда. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5