Мазмунга өтүү

Сакко-Ванцетти процесси (1927)

Википедия — ачык энциклопедия

Сакко-Ванцетти процесси (1927) - АКШдагы сот процесси; анда итал. революционер - жумушчулар Никола Сакко менен Бартоломео Ванцеттиге Саут Брейнтри (Массачусетс) шаарындагы бут кийим фабрикасынын кассири менен 2 кароолчусун өлтүрдү деп жалаа жабылган.

Жумушчу жана прогрессчил башка уюмдарды куугунтуктоо менен коштолгон бул процесс 1920-ж. июнда Плимут шаарында башталган. Атайын тандалган присяжныйлар күбөлөрдүн жалган далили менен бурмаланган экспертизаларга таянып, Сакко менен Ванцеттини күнөөлүү деп айыптап, өлүм жазасына өкүм кылган.

Массачусетс штатынын соту Тейер жана федералдык сот органдары ишти кайра кароо жөнүндөгү бардык өтүнүчтөрдү четке каккан соң АКШда жана бүткүл дүйнөдө соттун чечимине каршы кыймыл башталган. Бирок бардык аракет натыйжасыз аяктап, 1927-ж. 23-августта Сакко менен Ванцетти электр отургучунда өлтүрүлгон. 1977-ж. АКШ соту Н. Сакко менен Б. Ванцеттинин күнөөсүз айыпталганын официалдуу моюнга алган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.