Мазмунга өтүү

Сакыева Нуржан (Насыйкат)

Википедия — ачык энциклопедия

Сакыева Нуржан (Насыйкат) Кочкор районунун Кара-Суу айылында 1965-жылы 19-мартта туулган.

1982-жылы орто мектепти аяктап, Кочкор районундагы таланттуу чыгармачыл жаштарынан “Насыйкат” комузчулар ансамблин уюштуруп, республикалык кароо-фестивалдарда алдыңкы орундарды ээлеп, Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинин Ардак грамотасына жана сыйлыктарга ээ болгон.

1990-жылдан тартып чыгармалары райондук, республикалык басма сөздөрдө жарыялана баштаган. 1999-жылы Жолон Мамытов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болгон.

1998-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашыл Китеп-3. Жашоонун сыры: Философиялык-логикалык жаңы көз караштагы адам таануу, табият таануу, мамлекеттик система, кыргыз таануу боюнча кабарлар. – Б.: Аят, 2001. – 200 б.

Жашыл Китеп-4. Манас Илими. Манас Жогорку Акыл Эс (Манас Высший Разум) деген түшүнүккө аныктамалар. – Б.: Бийиктик, 2003. – 260 б.

Жашыл Китеп-6. Жашоонун багыты: Философиялык-логикалык жаңы көз караштагы адам таануу, табият таануу, мамлекеттик система, кыргыз таануу боюнча кабарлар. – Кант, 2008. – 300 б.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]