Сак-усун көрүстөндөрү
Көрүнүш
САК-УСУН КӨРҮСТӨНДӨРҮ – биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын 2-жарымы – биздин замандын алгачкы кылымдарына таандык мүрзөлөр Аламүдүн жана Аларча сууларынын аралыгында (Бишкектин түштүк чет-жакасы) жайгашкан. Көчмөн сак жана усун уруу аксакалдарынын сөөгү коюлган дөбө мүрзөлөрдүн тобу түндүктөн түштүккө карай тизилип жатат. Бул мүрзөлөрдүн бийиктиги 3–12 метр, диаметри 40–80 метр. Чоң дөбөлүү мүрзөлөрдүн айланасында кедейлердин чакан дөбө мүрзөлөрү жайгашкан. Бишкек шаарынын аймагындагы мүрзөлөрдүн көпчүлүгү курулуштардын астында калган.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.