Салиев Азиз Абдыкасымович

Википедия дан

Салиев Азиз Абдыкасымович (1925-2012) - сынчы, философ, психолог, адабий сынчы, коомдук ишмер.

Азиз Салиев Тоң районуна караштуу Күн-Чыгыш айылында 1925-жылы 10-ноябрда туулган.
1940-жылы Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтунун алдындагы даярдоо курсунда, кийин тил, адабият факультетинде окуйт. Бир жыл өткөндөн кийин армияга чакырылып, аскер мектебин бүтөт да взводдун командири болуп, Улуу Ата Мекендик согушка катышат.
1944-жылы Венгрияны бошотуудагы согушта катуу жарадар болуп кайтат.
Армиядан кийин пединституттагы окуусун 1947-жылы бүтүрүп, СССР Илимдер академиясынын философия институтунун аспирантурасында окуп,
1951-жылы философия илимдеринин кандидаты болот.
1952–1953-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин марксизм-ленинизм кафедрасында улук окутуучу, Кыргызстан КП Борбордук Комитетинин алдындагы республикалык партиялык мектептин тарых, диалектикалык материализм кафедрасынын жетекчиси,
1953–1959-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын төрагасы,
1959-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын философия жана укук институтунда адегенде сектор башчы, анан директор болуп иштеп келет. А.Салиев бир нече философиялык китептердин автору. “Умственная жизнь и мышление в образах», “История киргизского искусства», “Изобразительное искусство Киргизии», “Искусство и человек», “Национальное и интернациональное в искусстве», “Наука разоблачает религию» китептеринин түзүүчүсү, редактору жана авторлошу.
1953-жылдан СССР Жазуучулар союзуна мүчө, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти.
Кыргыз совет адабиятына сиңирген эмгеги жана илимий иштери үчүн эки жолу «Ардак белгиси» ордени, В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына “Каарман эмгеги үчүн» медалы, «1941–1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин аяктаганына XX жыл», «СССРдин куралдуу күчтөрүнө 50 жыл», «Улуу Атамекендик согуштун жеңишине 25 жыл», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке отуз жыл» медалдары менен сыйланган.
Кыргыз ССР Жогорку Советининин (4-шайл.) депутаты (1955–59).
1985-жылы “Кыргыз ССРинин илимдерине эмгек сиңирген ишмери» деген наам берилген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Илим динди ашкерелейт. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 200 б.

Акыл-эс дүйнөсү жана көркөм элес. – Ф.: Мектеп, 1981. – 256 б.

Орус тилинде

Жизнь – в стихах: Заметки об эстетической природе поэзии. – Ф.: Илим, 1962. – 225 с.

Что такое мысль: В порядке обсуждения проблемы. – Ф.: Илим, 1970. – 172 с.

Что такое мысль: В порядке обсуждения проблемы. – Ф.: Илим, 1971. – 232 с.

Мышление как система. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 247 с.

Человеческая психология и искусство. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 308 с.

Человек входит в мир: Сборник статей. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 272 с.

Разум и время: Избранные произведения. – Ф.: Кыргызстан, 1986. – 440 с.

Учение о мысли: Монография. – Б.: Илим, 2000. – 688 с.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8