Мазмунга өтүү

Салицил кислотасы

Википедия — ачык энциклопедия

Салицил кислотасы, о-оксибензой к-тасы — эң жөнөкөй ароматтык оксик-та; сууда начар, орг, эриткичтерде жакшы эрий турган түссүз кристалл. Эрүү t 1159°С, кайноо 1211 °С, мол. масс. 138,12, тыгызд. 1,44. Жаратылышта негизинен метил эфири түрүндө кеңири таралган. Ө. ж-нда фенолду карбоксилдөөдөн (Кольбе-Шмидт реакциясы):

С. к. FеСl3 менен фенолдорго мүнөздүү сыя көк түстү берет. Гидроксик-талар өкүлү болгондуктан, карбон к-талары сыяктуу туздар, татаал эфирлер, амиддер, ацилхлориддер; спирттер сыяктуу татаал жана жөнөкөй эфирлерди пайда кылат. Окистенүү реакциясына кирет. С. к. антисептик касиетине ээ болгондуктан, тери оорула-рын дарылоодо, тамак-аш консервалоодо, боёкторду синтездөөдө, фунгицид- жана ароматтык заттар өндүрүүдө колдонулат. Аналитикалык практикада Fе менен С колориметрдик ыкма менен аныктоодо, торийди башка элементтен бөлүүдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]