Салмак

Википедия дан

Салмак - нерсенин эркин түшүүсүнө тоскоол болуучу асмага же таянычка аракет кылган оордук күчү. С. төмөнкү формула менен аныкталат: P=mg, мында т - масса, g - эркин түшүүнүн ылдамдануусу. СИ боюнча бирдиги - Н(Ньтон), СГС боюнча бирдиги - дина. Масса турактуу болуп, эркин түшүү ылдамдануусу деңиз деңгээлине карата кеңдик жана бийиктик боюнча өзгөргөндүктөн, ага ылайык С. да өзгөрөт, б. а. жердин ар кайсы чекиттеринде бирдей эмес. Себеби, эркин түшүү ылдамдануусунун мааниси Жердин өз огунда айлануусу менен шартталган ылдамданууга да көз каранды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]