Салмаксыз абал
Салмаксыз абал – тартуу талаасындагы кыймылда болгон материалдык нерсенин бөлүкчөлөрүнүн бири бирине басым жасабай турган абалы.
Эгерде нерсе Жердин тартуу талаасында горизонталь тегиздикте жатса, анда ага оордук күчү жана ага карама-каршы багытталган тегиздиктин реакция күчү аракет этет. Натыйжада нерсенин бөлүкчөлөрү бири бирине басым жасашат. Адамдын организми мындай басымдарды “салмакка ээ болуу” катары сезет. Лифт төмөн карай α ≠ g ылдамдануу менен түшкөндө да ушуга окшогон көрүнүш пайда болот. Бирок α =g болсо, нерсе жана лифт эркин түшөт жана алар бири бирин баспайт. Салмаксыз абал пайда болот. Жердин жасалма спутниктеринин ичинде дайыма Салмаксыз абал түзүлөт. Мында бардык бөлүкчөлөр спутник менен баштапкы ылдамдыкка ээ болуп, анын оордук күчтөрүнүн таасиринде өз орбиталары боюнча бирдей ылдамдануу менен жүрөт да бири бирине басым жасабайт.
Жалпысынан нерсе Салмаксыз абалда төмөндөгү шарттарда болот: 1) аракет этүүчү тышкы күчтөр оордук күчтөрү болгондо гана; 2) бул оордук күчтөрү берилген орунда бир тектүү болгондо; 3) нерсенин бөлүкчөлөрүнүн баштапкы ылдамдыктары чоңдуктары жана багыттары боюнча бирдей болууга тийиш (б. а. алга умтулуучу кыймыл болгондо).
Салмаксыз абал адамдын организмине терс таасирин тийгизет. Ошондуктан орбиталык жана планета аралык станцияларда жасалма жол менен “кошумча салмактуулукка ээ болуу” абалын түзүү зарыл. Ал үчүн кабиналарды борбордук октун айланасында айландыруу менен борборго умтулуучу күчтөрдү түзүү керек.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0