Салман Рушди

Википедия дан
Салман Рушди (2016).

Сэр Ахмед Салман Рушди (англ. Sir Ahmed Salman Rushdie, /sælˈmɑːn ˈrʊʃdi/; кашмири: अहमद सलमान रुशदी; 1947-жылы 19-июнда Индияда туулган) - британиялык жазуучу-романист жана эссечи. Анын "Жарым түн балдары" (англ. Midnight's Children, 1981) экинчи романы 1981-жылы Booker сыйлыгына ээ болгон. Ошол эле сыйлыктын 25 жана 40 жылдыгында "жеңүүчүлөр арасында эң мыкты роман" болуп табылган. Чыгармаларынын окуясы көптөгөн учурда Индияда орун алган. Жазуучу өзүнүн чыгармаларында магиялык реализм менен тарыхый фантастиканы айкаштырып, чыгыш жана батыш цивилизациялар ортосундагы бузууларды жана байланыштарды чагылдырган.

Жазуучунун "Шайтандын ырлар" (The Satanic Verses, 1988) аттуу төртүнчү эпикалык романы бир канча өкөлөрдүн мусулмандары нааразычылыгын билдиргенинен улам талаш жараткан. Жазуучуга карата өлүм менен коркутуулар башталып, Иран лидери Аятолла Рухолла Хомейни, 1989-жылдын 14-февралында жазуучуну өлтүрүүгө өкүм кылган. Британиялык өкмөт Рушдини полиция коргоосунун астына алган.

1983-жылы Рушди Британиянын жогорку адабий уюмунун мүчөсү катары шайланган. 1999-жылдын январында жазуучу Франциянын көркөм өнөр командирдигине дайындалган. 2007-жылдын июнунда, Каныша Елизавета Экинчи адабиятка кызмат көрсөтүүсү үчүн жазуучуга рыцардык наамын ыйгарды. 2008-жылы, Times Рушдини 1945-жылдан бери Британиянын 50 эң мыкты жазуучуларынын тизмесине киргизген.

Жазуучу 2000-жылдан тартып АКШда жашаган. 2015-жылы ал Нү-Йорк университетинин Arthur L. Carter журналистика институтунда жайгашкан резиденцияда "Атактуу жазуучу" деген наамга ээ болгон. Буга чейин, ал Эмори университетинде окуутучу катары иштеген. Ал Америка көркөм өнөр жана адабият академиясына шайланган. 2012-жылы, талашууларды жараткандан "Шайтандын ырлары" чыгармасындан кийинки жашоосун баяндаган "Жозеф Антон: мемуар" (англ. Joseph Anton: A Memoir) романы жарыкка чыгат.

Рушдинин Нобель сыйлыгына ээ болгондугунун ыктымалдуулугу жогору болгон, бирок сыйлыктын уюштуруучу комитети Рушдини "өтө популярдуу жана өтө болжолду" деп тапкан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]