Салтанатхон Юсупова

Википедия дан

Юсупова Салтанатхон (1929-жылы Араван району, Араван кыштагында төрөлгөн.) - пахтачы, колхоз өндүрүлүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1966). 1952-жылдан КПСС мүчөсү. 1957-60-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбору К-тиндеги сов. парт, мектепти жана Анжиян пахтачылык иниститутун (сырттан) бүтүргөн. Эмгек жолун 1943-ж. колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1960-жылдан 22-партсъезд атындагы колхоздун пахта өстүрүүчү бригадасын жетектеген. 1965-ж. анын бригадасы ар гектар пахта аянтынан 38,5 цден түшүм жыйнап алган. Ушул эле жылы өзү пахта жыйноочу машина мнен 1008 т пахта терген. 1972-жылы ушул колхоздун председателинин орун басары, 1977-жылдан райондук аткаруу комитетинин председателинин орун басары, 1979-жылдан өзүнүн колхозунда бригадир болуп иштеген. 1971-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.