Салыков (САЛИХОВ) Мурат
Көрүнүш
Салыков (САЛИХОВ) Мурат [1905, Россия империясы, Фергана облусу, Лейлек уезди (азыркы Баткен району), Рабат кыштагы - 1938] - мамлекет жана саясий ишмер. 1921-жылы Кокон шаарындагы педтехникумга кирип, Ташкент шаарындагы Кыргызказак агартуу институтун бүтүргөн (1925). 1925- 27-жылы партиянын Ош округдук комитетинде үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы, 1927-29-жылдары Өзгөн райондук аткомунун төрагасы, 1929-30-жылдары партиянын Кызыл-Кыя райкомунун секретары. 1933-жылы Ташкент шаарындагы марксизм-ленинизм институтун бүтүргөн. 1930-37-жылдары парт. кызматкер, 1937-жылы Кыргыз ССР ЭКСтин төрагасы, 1938-жылы Кыргыз ССР БАКтын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп иштеген. 1938-жылы репрессияланган. 1956-жылы акталган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9