Мазмунга өтүү

Салык декларациясы

Википедия долбоорунан

Салык декларациясы — салык төлөөгө милдеткер тараптардын белгилүү убакыт ичинде алган кирешесинин өлчөмү, мүлкү жана башка жөнүндө маалыматтарды камтыган кол коюлуп, даярдалган жазуу жүзүндөгү расмий билдирүү. Салык декларациясынын негизинде ишкерлерден, эркин кесип ээлеринен алган кирешесине жараша алына турган салык, ал эми жарандар менен жеке жактардан айлык шкаласына жараша киреше салык алынат.