Мазмунга өтүү

Салык ставкасы

Википедия — ачык энциклопедия

Салык ставкасы — салык алуу бирдиги менен эсептелген салыктын көлөмү; б. а. салык алынуучу объектинин нарктык үлүшү; салык түрүндө төлөнөт же салыктын көлөмү салык алына турган объектинин көлөмүнө, жер аянтына, бөлөк бирдиктер боюнча эсептелүүчү товардын саны менен салмагына жараша өлчөнөт. Эгер салык кирешеден акчалай алынса, анда салык ставкасы транспорт каражаттарындагы кыймылдаткычка (моторго) орногон поршендин см3 көлөмүнө жараша коюлат. Туруктуу салык ставкасы түшкөн кирешенин көлөмүнө (реалдуу салык) карабай абс. суммадан айырмаланып турат; ал эми бирдей проценттеги пропорциялуу (теңдеш) ставка болсо, кирешенин көлөмүнө карабай эле алынат; Прогрессивдүү ставка кирешеден түшүүчү салыктын өсүшүнө жараша жогорулап (прогрессивдүү салык), ал эми регрессивдүү салык ставкасы кирешенин көбөйүшүнө жараша азайып турат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]