Салык тарифи
Көрүнүш
Салык тарифи — белгиленген нормада же процентте көрсөтүлгөн салык өлчөмдөрүнүн иреттелип, тартипке келтирилген тизмеси. Салык ушул тизмеде көрсөтүлгөн тарифке же болбосо коюлган ставка боюнча товарлардын түрүнө ылайык салынат. Салык өлчөмүнүн эң эле иреттелип типке салынганы - бажы тарифи.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9