Салык төлөөдөн баштартуу

Википедия дан

Салык төлөөдөн баштартуу – салык тартибин бузуулардын эң кеңири таралган жана абдан коркунучтуу түрлөрүнүн бири. Эреже катары, уюмдун салык жеңилдиктеринен мыйзамсыз пайдалануулары, салыктарды өз убагында төлөбөөлөрү жана кирешелерди жаап-жашыруулары, салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн документтерди өз убагында же такыр бербей коюулары түрүндө ишке ашырылат. Ошентип, С. т. б. учурларында уюм же жеке жак мыйзам боюнча салык төлөөчү болуп эсептелишсе да, бирок мыйзам тарабынан тикелей же кыйыр тыюу салынган ыкмаларды колдонуу менен, өздөрүнүн салык милдеттенмелерин азайтышат, же болбосо такыр эле төлөшпөйт, же аларды талаптагыдай төлөшпөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]