Салыштырмалуулуктун жалпы теориясы

Википедия дан

Салыштырмалуулуктун жалпы теориясы – мейкиндик, убакыт жана тартылуунун азыркы физикалык теориясы.

1915-ж. А.Эйнштейн жалпы аныктамасын берген. Салыштырмалуулуктун жалпы теориясынын негизинде эквиваленттүүлүк принцибине келтирилүүчү ар кандай нерсе үчүн инерция массасы менен гравитация массасынын барабардыгынын эксперименттик фактысы жатат. Инерция жана гравитация массасынын барабардыгы нерсенин кыймылы учурундагы тартылуу талаасында анын массасына көзкаранды эместиги көрүнөт. Бул Салыштырмалуулуктун жалпы теориясында тартылуу мейкиндик убакыт континуумдун кыйшаюсу катары каралышы мүмкүн. Б. а. Салыштырмалуулуктун жалпы теориясы салыштырмалуулук теориясынын негизинде тартылуу теориясы болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]