Мазмунга өтүү

Сальмонеллёз

Википедия — ачык энциклопедия

Сальмонеллёз — киши жана жаныбардын ичеги-карын жугуштуу оорулары. Аны сальмонеллалар (бактерия) пайда кылат. Бул оорунун козгогучун англ. окумуштуу Сальмон 1-болуп ыландаган жаныбардан алган. Сальмонеллалар сырткы чөйрөгө туруктуу келип, малдын кургак кыгында 3-4 айга чейин жашайт. Сүт азыктарында, бышырылган эт жана башка даяр азыктарда бактериялар өсүп, көбөйөт. Мындай азыктардын сырткы көрүнүшү жана даамы өзгөрбөйт. С-ди ылаңдаган жаныбарлар жана айрым оорулуу же бактерия алып жүрүүчү адамдар жугузат. Ыландаган жаныбардын денесинен С-дин козгогучтары сырткы чөйрөгө анын заңы, заарасы, сүтү, шилекейи жана мурун суюктугу менен бөлүнүп чыгат. Оору кишиге сальмонелла менен булганган эт жана эт азыктарын, сүт жана сүт азыктарын, балык, бакма канаттуулардын жумурткасын, этин жана башка азыктарды жегенде жугат. Оорунун жашыруун мезгили бир нече стан 2-5 күнгө чейин созулат. Оору дене ысып (39-40°С), баш катуу ооруп, жалпы алсыздануу менен башталат. Микробдун таасиринен окшуйт, кусат, кээде ич өтүп, ооруйт. Оорунун өтүшү бактериянын же анын уусунун денеге аз же көп санда киришине, микробдун оору чакыруу жөндөмдүүлүгүнө, кишинин организминин коргонуу күчүнө жана башка себептерге байланыштуу. С-дин алдын алуу чаралары: мал союучу жайларда атайын санит.- ветеринариялык көзөмөлдүн туура жана так аткарылышын камсыз кылуу; продуктуларды төмөнкү темп-рада сактоо; бышырылган жана чийки тамак-азыктарын бөлөк сактоо, аларды иштетүү үчүн атайын өзүнчө бычак, такта, столдун болушу. Ашканаларда тамак даярдоонун технол. процесстерин сөзсүз толугу менен сактоо зарыл. Коомдук ашканаларда, балдар мекемелеринде, балдар ооруканаларында санит.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]