Самаков Карганбек Садыкович

Википедия дан

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Самаков Карганбек Садыкович 1963 жылы 26-сентябрьда Нарын шаарында туулган.
1970 – 1980ж.ж. Нарын шаарынын №-4 Ленин атындагы мектебинде окуган.
1980 – 1985ж.ж. Фрунзе шаарынын Политехникалык институтунун инженердик-курулуш факультетин бүтүргөн.
1995 – 1998ж.ж. Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
2005 – 2008ж.ж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык Академиясын бүтүргөн.

Ишмердүүлүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1985 – 1986ж.ж. Нарын автожолдорун эксплуатациялоо Башкармалыгында инженер болуп иштеген.
1986 - 1991ж.ж. Нарын жол-куруу Башкармалыгында инженер-куруучусу болуп иштеген.
1991 - 1992ж.ж. Нарын автожолдорун эксплуатациялоо Башкармалыгында материальдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болгон.
1992 – 1994ж.ж. «Аман» фирмасынын директору болуп иштеген.
1994 – 1996ж.ж. «Аман ЛТД» фирмасынын директору болуп иштеген.
1996 – 1998ж.ж. «Эверест-ко ЛТД» комерциялык фирмасынын президенти болгон.
1998 – 2001ж.ж. Кыргызалко мамлекеттик ишканасынын Нарын областы боюнча өкүлчүлүгүнүн директору болуп иштеген.
2000 – 2005ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты № 21- Ат-Башы шайлоо округунан шайланган. 2003ж. баштап Эларалык, Тышкыэкономикалык, Парламенттер аралык комитетинин төрагасы болгон.
2005 – 2007ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты № 33 Нарын шайлоо округунан шайланган, Эларалык иштер жана Парламенттер аралык байланыш комитетинин төрагасы болгон.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат кеңешинин төрагасынын орун баскан.
2010ж. 10 октябрынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, «Ата Мекен» депутаттык фракциясынын мүчөсү, Сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин төрагасынын орун баскан.
Эларалык иштер жана Парламенттер аралык байланыш комитетинин мүчөсү.
«Ата Мекен» фракциясынын лидеринин тышкы иштери боюнча орун баскан.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Юридика илимдеринин кандидаты.
Кыргыз Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси.
II – класстагы мамлекеттик кеңешчи.
Россия менен Кыргызстандын досчулугу менен кызматташтыгынын бекемделишине кошкон зор салымы үчүн «Улуу Петрдун II даражадагы» ордени менен сыйланган.
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Шериктеш» ордени менен сыйланган.
«Кыргыз Республикасынын эгемендигине 10-жыл юбилейлик» медалы менен сыйланган.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70-жылдыгы юбилейлик» медалы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын медалы менен сыйланган.
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын «Күмүш» медалы менен сыйланган.
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын жана анын органдарынын ишине жогорку деңгеелде катышып жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин чыңдалышына кошкон салымы үчүн КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.
Россиянын коопсуздук коргонуу жана укук тартип Академиясынын «Ардактуу академиги».
Москва ишкердүүлүк жана укук институтунун ардактуу профессору.
Нарын шаарынын жана Нарын облусунун ардактуу жараны.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржысынын отличниги.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[[https://web.archive.org/web/20110812080411/http://www.kenesh.kg/Articles/505-SAMAKOV_Karganbek_Sadykovich__Frakciya_Ata_Meken.aspx Archived 2011-08-12 at the Wayback Machine]] Cotegory: Персоналия