Самарканди Камал ад-дин

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

САМАРКАНДИ КАМАЛ АД-ДИН абд ар-Раззак ибн Жалал ад-Дин (1413–1482) – тимурийлер доорундагы тарыхчылардан. Герат шаарында (Ооганстан) туулган, атасы Жалал ад-Дин Исках Самаркандан болгондуктан, Самарканди деген ат алып жүргөн. 1462–63-жылы Гераттын шейхи болуп шайланган. 1471-жылы «Матла ас-саадайн ва мажма ал-бахрайн» («Кош бакыт аткан жери жана кош деңизден бириккен жер») деген тарыхый эмгегин фарсы тилинде жазган. Чыгарма эки бөлүктөн туруп, 1304–1471-жылдагы окуялар камтылган. Анда эмир Темир жана анын урпактарынын Теңир-Тоого, Түштүк Казакстанга жана Чыгыш Түркстанга жасаган жортуулдары, Моголстан менен тимурийлердин саясий-элчилик байланыштары жөнүндө маалыматтар берилген, ошондойэле Моголстандагы Өзгөн, Ош, Атбашы, Ысык-Көл, Нарын, Чүй сыяктуу жер-суу аттары да эскерилген.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.