Санду Майя Григорьевна
| Санду Майя Григорьевна рум. Maia Sandu | ||||
| ||||
|---|---|---|---|---|
| 2020-жылдын 24-декабрынан тартып | ||||
| Андан мурунку: | Додон Игорь | |||
| ||||
| 2019-жыл 2-июнь — 2019-жыл 12-ноябрь | ||||
| Андан мурунку: | Павел Филип | |||
| Андан кийинки: | Ион Кику | |||
| ||||
| 2019-жыл 9-март — 201-жыл 26-июль | ||||
| ||||
| 2014-жыл 9-декабрь — 2015-жыл 20-февраль | ||||
| ||||
| 2012-жыл 24-июль — 2015-жыл 30-июль | ||||
| Андан мурунку: | Шляхтицкий Михаил | |||
| Андан кийинки: | Корина Фусу | |||
| Дини: | православие | |||
| Туулган жылы: | 24 -май 1972 (53 жаш) | |||
| Туулган жери: | СССР, Молдова ССР, Фалешт району, Рисипены айылы | |||
| Атасы: | Санду Григорий | |||
| Апасы: | Санду Эмилия | |||
| Партиясы: | Либералдык демократиялык партия (2014—2015) Аракет жана тилектештик (2016—2020) Партиясыз (2020-жылдан тартып) | |||
| Билими: | Молдова Экономикалык академиясы Жон Ф. Кеннеди атындагы Мамлекеттик башкаруу мектеби | |||
| Кесиби: | экономист | |||
| Ишмердүүлүгү: | саясатчы | |||
| Сайты: | https://presedinte.md/rom | |||
| Сыйлыктары: |
Эмгек ордени | |||
Санду Майя Григорьевна (рум. Maia Sandu) — молдовалык саясий жана мамлекеттик ишмер. 2020-жылдын 24-декабрынан тартып Молдова Республикасынын президенти, Молдова Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгондон берки тарыхыдагы алгачкы аял-президент[1]. 1972-жылдын 24-майында СССРдин Молдова ССРнин, Фалешт районундагы Рисипены айылында туулган.
2012-жылдын 24-июлунан 2015-жылдын 30-июлуна чейин Молдова Республикасынын билим берүү министри, 2014-жылдын 9-декабрынан 2015-жылдын 20-февралына чейин жана 2019-жылдын 9-мартынан 26-июлуна чейин Молдова Республикасынын парламенттинин депутаты, 2019-жылдын 8-июнунан 12-ноябрына чейин (2019-жылдын 12—14-ноябрында милдетин аткаруучу) Молдова Республикасынын премьер-министри болуп эмгектенген[1].
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1972-жылдын 24-майында Молдавия ССРинин Фалешт районундагы Рисипены айылында ветеринар Григорий менен мугалим Эмилия Сандунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн[1][2].
Рисипень айылдык мектепте окуган.
1994-жылы Молдова Экономикалык академиясынын менеджмент факультетин аяктаган.
1995–1998-жылдары Кишинёвдогу Мамлекеттик башкаруу академиясында билим алып, эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасын алган.
1994-жылдын июлунан 1998-жылдын март айына чейин Экономика министрлигинде консультант, башкармалыктын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
1998-жылдын март айынан 2005-жылдын август айына чейин Кишинёвдогу Дүйнөлүк банктын кеңсесинде экономист болуп эмгектенген.
2005-жылдын августунан 2006-жылдын июлуна чейин Экономика жана соода министрлигинин макроэкономикалык саясат жана өнүгүү программалары боюнча Башкы башкармалыгынын директору болгон.
2006–2009-жылдары мамлекеттик башкаруу реформасы жана жакшы башкаруу тармагындагындагы долбоорлордо консультант болуп иштеген.
2010-жылы АКШдагы Гарвард университетинин Жон Ф. Кеннеди атындагы Мамлекеттик башкаруу мектебин аяктап, мамлекеттик саясат боюнча магистр даражасын алган.
2010-жылдын июнунан 2012-жылдын июлуна чейин Вашингтондо Дүйнөлүк банктын аткаруучу директорунун кеңешчиси болгон.
2012-жылдын июлунда Молдова Республикасынын Билим берүү министри болуп дайындалып, бул кызматты 2015-жылдын июлуна чейин аткарган.
2016-жылдын май айында «Аракет жана тилектештик» партиясын негиздеп, анын төрайымы болуп шайланган жана бул кызматты 2020-жылдын декабрына чейин аркалаган. Президенттик шайлоодо жеңгенден кийин кызматтан кеткен.
2019-жылдын февралынан июнга чейин Молдова Республикасынын Парламентинин депутаты болгон.
2019-жылдын июнунда Молдова Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалып, бул кызматты 2019-жылдын ноябрына чейин ээлеген.
2020-жылдын 24-декабрында, 2020-жылдын 15-ноябрында өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңгенден кийин, Мая Санду Молдова Республикасынын Президенти кызматына киришкен[3].
2024-жылдын 24-декабрында, 2024-жылдын 3-ноябрында өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жетишип, экинчи мөөнөткө кайрадан Молдова Республикасынын Президенти кызматына расмий киришкен. Ал өлкөнүн тарыхында жарандардын түз добуш берүүсү менен кайра шайланган алгачкы мамлекет башчысы болуп саналат.
Румын, орус, англис жана испан тилдерин билет[4]. Молдова Республикасы менен Румыниянын кош жарандыгына ээ[5]. Үй-бүлөсү жана балдары жок. Кишинёв шаарында 74м² аянттагы эки бөлмөлүү батирде жашайт. Ошондой эле 2007-жылы чыккан Toyota RAV4 унаасына болгон, бирок аны 2023-жылы 8 миң еврого саткан[6].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 3 Președinția Republicii Moldova. Biografia Președintelui Republicii Moldova, Maia Sandu
- ↑ ТАСС. Санду, Майя
- ↑ Regnum. Чего ждать от нового президента Молдавии
- ↑ РБК. Новый президент Молдавии. 10 фактов о Майе Санду
- ↑ Новая газета. Балтия. Кто такая Майя Санду: первая женщина, избранная президентом в истории Республики Молдова
- ↑ NewsMaker. Сколько Санду заработала в прошлом году? Декларация президента
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]|
| |





