Сандык анализ
Сандык анализ — ар түрдүү жөнөкөй жана татаал заттар курамындагы элементтер (иондор) же алардын бирикмелеринин сандык катышын аныктоо. Анализге алынган зат санына жараша макрометод (үлгүнүн массасы 0,1 г чоң болсо), жарым микрометод (0,01-0,1 г) микрометод (0,001-0,01 г), ультрамикрометод (1 мкг жакын) жана субмикрометод (0,001 мкг жакын) болуп бөлүнөт. Изилденүүчү заттар жаратылышына жараша С. а. органикалык эмес жана органикалык анализ деп бөлүнөт. Бул анализдер ар бири элементтик-мол-лык, функционалдык жана фазалык болуп бөлүнүшөт. Элементтик анализде изилденүүчү заттагы элементтер (иондор), функционалдык анализде радикалдар жана функционалдык топтор, фазалык анализде фазалык компоненттер сандык катышы аныкталат. С. а. классикалык химимялык методуна массалык, көлөмдүк, ал эми физ.-хим. методдоруна: амперометрия, полярография, спектрофотометрия, кулонометрия, кондуктометрия жана башка кирет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6