Санжыбек

Википедия дан

Санжыбек, Сынжыбек, Сынчыбек — «Манас» эпосунун каарманы. Манаска талапташ белгилүү кандардын бири. Эпосто бирде Самаркандын, бирде Кокондун, көпчүлүк учурда Анжыяндын каны делип, жалпысынан алганда өзүбек элинин каны катары сүрөттөлөт. Көпчүлүк эпизоддордо башкалар менен катар аты аталат, Чоң казатта өзүнчө кол баштап келип, Манаска кошулган кандардын бири. Саякбай Каралаевдин вариантында Анжыяндын Сынчыбек, Самаркандын Санжыбек (Саякбай Каралаев, 2. 15, 19) делип айтыла берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4