Мазмунга өтүү

Санкт-Петербургдагы опера жана балет театры

Википедия — ачык энциклопедия

Санкт-Петербургдагы опера жана балет театры академиялык - КМШдагы эски жана ири музыкалык театрлардын бири.

Орус опера жана балет өнөрүн өнүктүрүүдө анын ролу чоң. Тарыхы 1783-ж. Петербургда театр ачылгандан башталат. Анда Глинканын «Иван Сусанин»(«Падыша үчүн өмүр», 1836), Мусоргскийдин «Борис Годунов» (1874) ж.б. опералары биринчи жолу коюлган.

М. Петипа койгон «Уйкудагы сулуу», «Ак куу көлү» (1890, 1895, Чайковс-кий), «Раймонда» (1898, Глазунов)балет өнөрүнүн мыкты үлгүсүнө кирет.

Театрга 1935-ж. С. М. Кировдун ысымы берилген.

60-70-жылдарыПрокофьев («Семён Котко», 1960), Дзержинский («Тынч Дон», 1967) ж.б-дын опералары коюлган.

Театр труппасында (1973) ырчы, СССР эл артисти Б. Т. Штолоков, бийчи, СССР эл артисти И. А. Колпакова, дирижёр, СССР эл артисти К. А. Симеонов ж. б.иштеди.

Театр 1939-ж. Ленин орденин алган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.