Сан-Андрес жана Провиденсия
| |||
| | |||
| Өлкө | |||
|---|---|---|---|
| Статусу |
Колумбиянын арал аймактары | ||
| Административдик борбор |
Сан-Андрес | ||
| Негизделген күнү |
4-июль 1991-жыл | ||
| Губернатор |
Эверт Хокинс Сжогрин | ||
| Расмий тили | |||
| Калкы (29) |
61,280 (29-орунда) | ||
| Жыштыгы |
1170 адам/км² | ||
| Аянты |
52,5 км² (33- орунда) | ||
| Деңиз денгээлинен бийиктиги • Бийик чекити • Эң төмөнкү чекити | |||
| Убакыт аралыгы | |||
| Коду ISO 3166-2 |
CO-SAP | ||
| Телефон коду | 57 | ||
| Почта индекси |
880001 — 880008 | ||
| Интернет-домени | |||
| Расмий сайты | |||
Сан-Андрес жана Провиденсия (исп. San Andrés y Providencia, англ. San Andrés and Providencia) — Колумбиянын департаменттеринин бири. Курамына Сан-Андрес, Провиденсия аралдары жана Никарагуанын жээгиндеги Кариб деңизинин түштүк-батышындагы бир нече кичинекей аралдар кирет. Департамент Колумбиянын Кариб деңизинин жээгинен 750 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Борбору - Сан-Андрес шаары.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Провиденс" компаниясын негиздеген англиялык пуритандар Провиденсия аралына 1629-жылы отурукташа башташкан. Алар тамеки жана кант камышын өстүрүшкөн, бирок кийинчерээк көбү каракчылык менен алектенип кетишкен. Испандар 1641-жылы аларды аралдан сүрүп чыгарышкан, бирок айрымдары кайтып келип, Жамайкадан аралга кара кулдарды алып келе башташкан. 1786-жылы Лондон конвенциясына ылайык Улуу Британия Испаниянын аралга болгон укугун тааныган[1][2].
1803-жылы аралдар Жаңы Гранада вице-падышалыгынын курамына киргизилген.
Латын Америкасындагы Испан империясынын ээликтери көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин, Сан-Андрес, Провиденсия жана Сан-Катаринанын тургундары 1822-жылы ыктыярдуу түрдө Улуу Колумбия Республикасына кошулушкан.
Кийинчерээк архипелагга Борбордук Американын бириккен провинциялары, ал эми алар 1838-жылы кулагандан кийин Никарагуа доомат арта баштаган.
1928-жылы Никарагуа менен Колумбия келишимге кол коюп, ага ылайык аралдар Колумбиянын карамагында калтырылган[3].
Аймактык талаштар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]АКШ XIX кылымдан бери Гуано жөнүндөгү мыйзамдын негизинде архипелагдын бир катар ээн аралдарына талашып келген. 1981-жылы АКШ архипелагдын бир катар аралдарына болгон талаштан баш тарткан, бирок ушул күнгө чейин Серранилья жана Бахо-Нуэво аралдарына доомат артуусун улантууда.
2001-жылдан баштап Никарагуа Колумбиядан аралдардын аймактык таандыктыгын талашууга аракет кылган. Бирок 2007-жылы БУУнун Эл аралык соту Колумбиянын департаменттин негизги аралдарына ээлик кылуу укугун ырастаган. 2012-жылы ушундай эле чечим бир катар майда аралдарга карата да кабыл алынып, бул аймактык талашка чекит койгон. Бирок Колумбиянын аянты болжол менен 75 миң чарчы чакырымды түзгөн өзгөчө экономикалык зонасы болуп саналган Кариб деңизинин суулары Никарагуага өткөрүлүп берилиши керек болчу. Колумбия өкмөтү БУУнун Эл аралык сотунун бул чечимин аткаруудан баш тарткан[4].
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сан-Андрес арал
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Сан-Андрес тобунун негизги аралы жана департаменттин эң чоң аралы. Ал 12°33′ түн. к. 81°43′ б. у. координаталарында жайгашкан. Узундугу 12 км, туурасы 3 км түзүп, аянты 26 км². Аралдын борборунда Биг-Понд деп аталган чакан лагуна бар. Борбору шаары — ушул аралдын түндүгүндө жайгашкан. Дагы бир шаарча — чыгыш жээктеги Сан-Луис. Кайо-Жонни (Жонни-Кей) аралдын түндүк чекити болгон Герман-Пойнттон (Пунта-Норте) 1,5 км чыгыш-түндүк-чыгышта, ал эми Хейнс-Кей аралдан болжол менен ушундай эле аралыкта чыгыш тарапта жайгашкан. Коттон-Кей түндүк-чыгыш жээкте, Сан-Андрес шаарынан түштүктү көздөй 1 кмден азыраак аралыкта жайгашкан.
Кайос-де-Альбукерке
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул атолл Сан-Андрестен түштүк-батышта, 12°10′ түн. к. 81°51′ б. у. жайгашкан. Колумбиянын эң батыш чекити болуп саналат. Рифтин туурасы болжол менен 7 км. Түштүк бөлүгүндө Кайо-дель-Норте жана Кайо-дель-Сур жайгашкан. Кайо-дель-Нортенин бийиктиги 2 м чейин жетет, бетин пальмалар жана бадалдар каптап турат. Түштүгүрөөктө бир нече жүз метр аралыкта жайгашкан Кайо-дель-Сур 1 м бир аз ашыгыраак бийиктикке жетет, анда бир нече бадалдар, ал эми түштүгүндө мангр токойлору өсөт. Кайо-дель-Нортеде 12°10′ түн. к. 81°50′ б. у. координатасында 1980-жылдан бери иштеп жаткан маяк бар. Маяк Колумбиянын Аскердик-деңиз күчтөрү тарабынан тейленет
Кайос-дель-Эсте-Судесте
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бул атолл Сан-Андрес аралынын түштүк-чыгышында 22 км жана Кайос-де-Альбукеркенин түндүк-чыгышында 35 км аралыкта, 12°24′ түн к. 81°28′ б. у. жайгашкан. Узундугу 14 км жана туурасы 4 км. Түштүк-чыгышында бир нече кумдуу рифтер бар. Алардын эң чоңдору: Кайо-дель-Эсте, Кайо-Боливар, Вест-Кей жана Кайо-Арена, алардын бири да 2 метрден бийик эмес. Бардык рифтерди пальмалар менен бадалдар каптап турат жана мангрлар менен курчалган. Кайо-Боливарда Колумбиянын Аскердик-деңиз күчтөрүнүн маягы жайгашкан. Рифтерге Колумбиянын материктик бөлүгүнөн жана Сан-Андрестен балыкчылар бат-баттан келип турушат. Кайо-Боливарда эки бетон имарат, ал эми башка рифтерде бир нече жыгачтан жасалган курулуштары жайгашкан.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралдардын түпкү калкы — райсалдар, 1631-жылы аралдарга отурукташкан англиялык пуритандардын жана алардын кулдарынын урпактары болуп саналат. Алардын тили — райсал креол тили. Бирок азыркы учурда 90 миң тургундун ичинен райсалдар калктын болжол менен 30% гана түзөт.
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Муниципалитеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| № | Муниципалитеттин аталышы | Аянты,
км² |
Калкы,
адам (2005) |
|---|---|---|---|
| 1 | Сан-Андрес (San Andrés) | 26 | 55 426 |
| 2 | Провиденсия (Providencia) | 26,5 | 4 147 |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Түндүк Америка өлкөлөрү | ||
|---|---|---|
| Эгемендүү мамлекеттер | Антигуа жана Барбуда • Багама аралдары • Барбадос • Белиз • Гаити • Гватемала • Гондурас • Гренада • Доминика • Доминикана Республикасы • Канада • Коста-Рика • Куба • Мексика • Никарагуа • Панама • Сальвадор • Сент-Люсия • Сент-Винсент жана Гренадиндер • Сент-Китс жана Невис • АКШ • Тринидад жана Тобаго • Жамайка | |
| Көз каранды аймактар | Америкалык Виргин аралдары • Ангилья • Аруба • Бонайре, Синт-Эстатиус жана Саба • Британиялык Виргин аралдары • Испаниялык Виргин аралдары • Гваделупа • Гренландия • Кайман аралдары • Клиппертон • Кюрасао • Мартиника • Монтсеррат • Навасса • Пуэрто-Рико • Сан-Андрес жана Провиденсия • Сен-Бартелеми • Сен-Мартен • Сен-Пьер жана Микелон • Синт-Мартен • Теркс жана Кайкос аралдары • Венесуэланын федералдык ээликтери | |