Сан категориясы

Википедия дан

Сан категориясы - грамматикалык категория.

Ал заттардын, о.э. кыймыл-аракеттердин жалгыз же көп экендигин билдирет. Сандар жекелик жана көптүк түрдө турат. Жекелик сан бир текке, бир класска кирүүчү нерселердин ичинен кандайдыр бирөөнү туюндурат. Көптүк сандын жардамы менен бир өңчөй нерселердин сан жагынан көп болушу туюнтулат (мис. эгинден мол түшүм алынды). Зат атооч сөздөр сүйлөмдө жекелик жана көптүк түрдө колдонулат. Жекелик сан заттын жалгыз экенин билдирсе, көптүк сан эки же андан ашык экендигин билгизет да, -лар мүчөсүнүн жардамы аркылуу уюшулат.

Кыргыз тилинде -лар мүчөсүнүн он эки варианты бар: - лар, -лер, -лор, лөр, -дар, -дор, -дер, -дөр, -тар, -тор, -тер, -төр

(мис., окуучу - окуучулар, адам - адамдар, дос - достор ж.б.). Айрым учурда көптүк маани синтаксистик жол менен да берилет

(мис., көп бала, мол түшүм алынды). Кээ бир сөздөр -лар мүчөсүз эле көптүк маанини туюндурат (мис., эл жыйынга чакырылды, мал жайлоого айдалды ж.б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4