Саратов облусу
Саратов облусу — Россия Федерациясынын субъекттеринин бири, Волга федералдык округунда жайгашкан облус[1]. Административдик борбору — Саратов шаары.
Түштүгүнөн Волгоград облусу, батышынан Воронеж облусу, түндүк-батышынан Тамбов облусу, түндүгүнөн Пенза, Самара жана Ульяновск облустары, ал эми түштүк-чыгышынан Казакстан менен чектешет. Чек араларынын жалпы узундугу 3500 кмден ашат[2].
1934-жылы 10-январда Төмөнкү Волга крайын бөлүү менен Саратов крайы, ал эми 1936-жылы 5-декабрда СССР Конституциясына ылайык Саратов облусу катары түзүлгөн[3]. Облус 1780-жылы түзүлгөн Саратов губерниясынын тарыхый аймагында жайгашкан.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Саратовская обласу Орусиянын Европадагы бөлүгүндө, Төмөнкү Волга аймагында жайгашкан. Облус аймагынын жалпы аянты — 101 200 км². Аймагы чыгыштан батышка 576 км, түндүктөн түштүккө 335 км чейин созулуп жайгашкан. Аймагынын түштүгүндө талаалар, түндүгүндө токойлор кездешет. Волга дарыясы облус аркылуу өтүп, аймакты экиге бөлөт: оң жээк жана сол жээк. Оң жээги сол жээгине салыштырмалуу рельфинин бийитиги менен мүнөздөлөт (бийиктиги 369 м чейин жетет)[2].
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Облустун климаты континенталдуу болуп, жайкысын кургак жана ысык, кышында муздак аба ырайы менен мүнөздөлөт. Жамгыр аз жаайт жана көп учурда кургакчылык орун алат. Башкы суу булагы болуп Волга дарыясы жана анын куймалары эсептелет[2].