Мазмунга өтүү

Сариева Калыйча

Википедия — ачык энциклопедия

Сариева Калыйча — шырдакчы. 1924-ж. Жайыл районундагы Сары-Булак айылында төрөлгөн.

Ата-энесинен эрте ажыраган. Узчулукта чоң энеси Батыйманын нускасын алган. Калыйча адегенде жүндөн, териден таар, тон, чокой өңдүүлөрдү жараткан. Анан көркөм оюм көчөттөрдү үйрөнүп, шырдак жасап, туш кийиз сая баштайт. Кийинки кезде анын кооз буюмдары сатууга көп түшүүдө. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун мүчөсү. Калыйча кызыл шырдактын мурунтан белгилүү үлгүлөрүн арбын кармайт. Мында «аламыч» түшпөйт. Буюм көбүнчө төрт чарчы келет да, «жалпы оюм» менен берилип, кызыл-көк түс буюмдун бүтүндөй танабын өзүнө алат. Кызыл боёк бери чыгат. «Жээк оюм» «жарым кыялданып», ичинен «ит куйрук оюмунан» «карга тырмак оюму» көрүнөт. Анын четтери төп көрүнүшү үчүн төрт бурчунан «куш оюмунун» алдынан «карга тырмак оюму» чабалекейдей катыш жасайт. Ал мындай көркөм оюмдарды кыйыштырып, элүүдөн ашык шырдак жасап, кардарлардын мүдөөсүнө татыган. Калыйча түр шырдактарында «жээк оюму» (четтик оюм) үчүн «кыял оюмун» такай колдонот. Мында төрт такта бир шырдактын жалпы негизин түзүп, эки «кочкор мүйүз оюмунун» башында «карга тырмак оюму» бир бүтүм ойду берет. Анын ичинен төрт «ит куйрук оюму» өзүнөн өзү пайда болот. Ар бир такта ак-кара «бычак учунан» турган «аламыч» аркылуу бөлүнөт. Ошондой эле уздун өнөр канатында төрт «куш оюму» «ачкыч оюму» менен да биригип, ошол бир табакчанын ичинен «кочкор мүйүз оюму» болуп да көрүнөт. Шырдактарынын «колтук оюмуна» бир тактанын жарымы алынат. Азыр уз сатууга өтүмдүү болушка шырдактарын бир, бир жарым табакчаларга чактап оюп бүтүрүүгө айрыкча маани берүүдө. Ал кийизди бышык уютууга бөтөнчө шартташат. Уздун кыздары Замира, Зинура, небереси Индра уздукту талаптагыдай үйрөнүшүүдө. Сүрөтү түстүү баттамада.

Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1990-ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Кийиз буюмдары менен катышкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0