Байдылда Сарногоев

Википедия дан
Сарногоев, Байдылда‎»‎ барагынан багытталды)

Байдылда Сарногоев (1932–2004) - акын. Талас районуна караштуу Буденовка айылында 1932-жылы туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

1956-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959–1973-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.
Биринчи поэтикалык жыйнагы «Шумкар» 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Б.Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.
1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпүрө» («Золотой мост») сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган.
1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон.<br / 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген.
«Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Шумкар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 87 б.
  • Досторума: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 152 б.
  • Бала мерген: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 42 б.
  • Баяс: Ыр менен жазылган повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 123 б.
  • Жокен. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 16 б.
  • Ак калпак: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 188 б.
  • Тоолор жана тоолуктар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1966 – 179 б.
  • Үзүлбөгөн үмүттөр: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 124 б.
  • Сүйлөшүү: Ырлар, поэмалар, термелер. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 167 б.
  • Менин батпас күнүм: Ырлар, поэмалар, котормолор. – Ф.: Мектеп, 1972. – 142 б.
  • Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 316 б.
  • Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 314 б.
  • Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 240 б.
  • Таалай өлбөйт: Поэмалар, ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 124 б.
  • Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 239 б.; 1984. – 300 б.; 1989.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Баяс: Стихи и поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 142 с.
  • Горячее озеро: Стихи. – М.: Мол. гвардия, 1958. – 149 с.
  • Гнездо сокола: Стихи, поэма. – М.: Советский писатель, 1987 – 107 с.
  • Эхо в зрачках: Стихи, поэмы – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 164 с.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]