Мазмунга өтүү

Сарногоев Сатар

Википедия — ачык энциклопедия

Сарногоев Сатар Мүйүзчү, зергер. 1945-ж. Кемин районундагы Ак-Түз айылында төрөлгөн.

Ата-энесинен эрте ажыраган. Ал Ак-Түз шахтасында эмгектенген. Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн ичинен мүйүз, сөөк, зер буюмдарын жасоого дилгир. Мунун ичинен анын устакерчилик жүзүн мүйүз жана сөөк буюмдары айдан ачык көрсөтүп турат. Бул өткөн өнөрдү кайрадан калыбына келтирүүдө жасаган жышааны. Ал көркөмдүктөр белектик да, буюмдук да маанини берип турат. Чебер зер буюмдарын да кооздоп жасай алат. Бирок, мүйүзчүлүк өнөрү аны өзүнө тартып тургандай көрүнөт. Анткени, мүйүз аттуунун ички сырларын уста мыкты туят. Сатар азыр мүйүзчүлүк менен зергерчиликти айкалыштыра кармоодо. Мунун үлгүлөрүн өнөр жай негизинде көп нускалап, дүкөндөргө жана ларектерге чыгарууда. Уста кадимки элдик салттуу буюмдарга да бөтөнчө көңүл бөлүүдө. Аларга: кезек жана майда тиштүү тарак, чакча, кыз-келиндердин асем буюмдары (сөйкө, шакек, оймок, туткундап жасалган билерик, желбирөөч, учтук) кирет. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Мүйүз белектери үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Грамотасы.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0