Сартов Шекербек
Көрүнүш
Сартов Шекербек (1949-ж. т., Кызылтуу айылы) - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1999).
- Жалал-Абадтагы медицина окуу жайын (1971), Москвадагы эл аралык чыгармачылык университетинин кинофото искусство бөлүмүн (1979) бүтүргөн.
- 1971-1975-ж. Жалал-Абад, Ош шаарындагы кургак учукка каршы диспансерде, Токтогул райондук ооруканада, Республикалык санитариялык агартуу үйүндө эмгектенген.
- 1976-жылдан «Кыргыз Туусу» гезитинде фотокабарчы.
- 1980-90-ж. СССР журналисттер союзунун фотосекция башкармалыгына мүчө, Кыргыз Республикасынын фотосүрөтчүлөр союзунун башкармалыгынын катчысы болгон. Анын сүрөттөрү бир канча конкурстарда, көргөзмөлөр-дө байгелүү орундарга ээ болгон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5