Саруу (уруу)
Саруу уруусу (سارۇۇ) — кыргыз элинин сол канатындагы чоң уруулук бирикме.
Жайгашуусу | |
---|---|
Канат | |
Уруктары | |
Дини |
Бул уруунун өкүлдөрү негизинен Талас, Жалал-Абад (Чаткал, Аксы, Ала-Бука), Ысык-Көл (Жети-Өгүз, Саруу айылы) аймактарында отурукташкан.
Тарыхта Саруу уруусунун топтору ээлеген жерлер: Жамбыл (Казакстан), Наманган (Өзбекстан).
Санжыралык генеалогиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Долон бий
- Куу уул
- Көбөш Куу-Уул уулу
- Жайыл Көбөш уулу
- Каранай Жайыл уулу
- Саруу Каранай уулу — Саруудан Саруу уруусу тараган, анын 1 баласы болгон.
- Каранай Жайыл уулу
- Жайыл Көбөш уулу
- Көбөш Куу-Уул уулу
- Куу уул
Көнөк-баатыр — ойротторго каршы согушуп, Анжиян-Аксы, Жети-Суу, Алматы, Түштүк Жамбыл, Шымкент, Талды-Коргон, Талас, Ош, Өзгөн, Кетмен-Төбө, Ысык-Көл, Жети-Шаар (Чыгыш Түркстан) өрөөндөрүн бошоткондуктан, ага Көнөк-хан наамы берилген.
Этимологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
«Саруу» этноними, эски-моңгол saraɣul (окулушу: Сарағул) (моңг. саруул, калм. Һаруул, ойр. сарул) сөзүнөн келип чыккан деген божомолдор бар. Бул сөз «жарык», «ачык» маанилерин түшүндүрөт.
Башка версия боюнча «саруу» этноними эки сөздөн келип чыккан «сары»—«уу». «Сары» сөзү менен көптөгөн версиялар бар.
Уруктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ай-Тамга: Сейит, Атек, Чүкө, Кобуке, Бала-Саруу, Жалпак Тил, Чаян, Аңдабай, Очок, Түктүү Курт, Жолдош Төбөт, Кызыроо, Назарбек (Шири), Бишкек, Күркүрөө, Тубай, Оготур.
Жети Уруу: Абдый, Ким Билди, Ботояр, Таш Коюн, Мамелдей, Жаңгир, Байбиче, Токол, Түкөк, Мадияр, Бөлөк Чал, Балыкчы, Жол Жакшы.
Бош Моюн: Ыңырчак, Кезек Таз, Кодор, Жээнбай, Кенембай, Бозайгыр, Ырысмат, Календер, Боркемик, Кара-Боркемик.
Агынай: Чоң Эсенгелди, Борой, Кадим.
Алакчын: Жол Болду, Бабыр, Акбай, Түйтө, Чиркей, Чокон, Шаабото, Бекмурат, Алчикен, Ажыбек, Кубатбек, Коңкобай, Наматбай, Мандалак, Эрегул, Берен, Жабагы, Жарыкка, Жаныбек, Сатыкей, Боруке.
Кырк Уул: Байсу (Байзу), Келбей, Мачак, Беш Каман.
Теңечим: Ардай, Күштөн, Булбул, Шекер, Ачакей.
Колпоч (Тоң-Төрт): Ак Кийиз, Култай, Төкө, Быры, Болот, Чочой, Кезек-Сары, Кубулек, Баяш, Токтук, Баба, Чүнү.
Тогунай: Тогунай, Кош Кулак.[1]
Белгилүү инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Сатыкей Баатыр — 17-чи кылымда жунгар баскынчылыгына каршы турган миңбашы (ХVII кылым).
- Бердике Баатыр — 18-чи кылымда кыргыз жерлерин жунгарлардан бошоткону чоң салымын кошкон баатыр (XVIII кылым).
- Нүзүп аталык (Нүзүп Эсенбай уулу) — 19-чу кылымдагы Борбор Азиядагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, миңбашы, Кокон хандыгынын аталыгы (Шералы хан, 1841-1845гг)
- Жеңижок Көкө уулу — төкмө акын, ойчул.
- Ниязалы Борошев — комузчу-виртуоз, көптөгөн кγγлөрдүн автору.
- Мураталы Курөңкеев — кыргыз элинин аспаптык музыкасынын негиздөөчүлөрүнүн бири.
- Чолпонбай Тулебердиев — Советтер Союзунун Герою. 6-чы Воронеж армиясы стратегиялык позицияны ээлеп алуусу үчүн пулеметту өз денеси менен жаап, шеит болгон.
- Исхак Раззакович Раззаков (1910-1979) — Кыргызстан КП БКнын 1-секретары, Кыргыз Республикасынын Баатыры.
- Төлөгөн Касымбеков — жазуучу, Кыргыз Республикасынын герою, «Сынган Кылыч» романын автору.
- Темиркул Үмөталиев — Кыргыз Республикасынын эл акыны.
- Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович — премьер-министр, техникалык илимдеринин доктору, профессор.
- Шакиев Нурланбек Тургунбекович — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы.
- Медер Бишкек (Итибаев Медербек Абдимиталович) — чыгыш медицинасынын дарыгери, "Император-Каган массажынын" негиздөөчүсү, "Тайцзи-кармаш" Тайцзи цюань интернэшнл Ассоциациясынын президенти, "Кыргыз-Дзэн" фондунун директору, жазуучу, психолог жана идеолог.
- Роза Отунбаева — Кыргыз Республикасынын алгачкы аял Президенти.
- Алиясбек Алымкулов — 2010 жылдын Апрель революциясынын башчыларынын бири. Революция учурунда катуу жарадар болгон. Кыргыз Республикасынын Герою.
- Өмүрбек Бабанов — Олигарх, Экс-Премьер-министр, «Республика-Атажурт» паритиясынын төрагасы.
Кылымдар бою Саруу уруусу кыргыз элинин эгемендиги үчүн жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө активдүү катышып келет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк.Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
Кыргыз уруулары "Оң канат" Отуз уул:
Ичкилик (Булгачы):
Сол канат: Кушчу · Мундуз · Басыз · Саруу · Чоңбагыш · Кытай · Төбөй · Жетиген Башка макалалар: Кыргыз санжырасы · Кыргыз уругу · Генеалогиялык паспорт · Санжырачы · Алатоолук кыргыздардын санжырасы - ↑ http://sanjyra.ru/sanjyra32.html