Сарыбаев, Эдилбек Азимович

Википедия дан

Эдилбек Азимович Сарыбаев – кыргыздын ишкери жана коомдук ишмери, кинотаануучу, сценарист, кинорежиссер.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эдилбек Азимович Сарыбаев 1951-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда туулган. Эмгек жолун ал 1972-ж. Москвадагы киноинституттун (ВГИК) экономика факультетин бүтүрүп, «Кыргызфильм» студиясында баштаган, 1975-ж. Мамлекеттик кинокомитетке (Мамкино) которулган.

Анын иш билгилиги жана жоопкерчилиги көңүлгө алынып, ага 1977-ж. мультфильм чыгарууга материалдык-техникалык жана кадрдык базаны түзүү милдети жүктөлгөн. Анын аракети менен сүрөтчү С.Ишенов башында турган чыгармачыл топтун жемиштүү иштөөсүнө бардык шарттар түзүлгөн.

1978-ж. «Сандардын чатагы» аттуу биринчи мультфильмдин бетачары өтүп, кийин жеткинчек көрүүчүлөрдүн купулуна толгон «Олокон», «Толубай-сынчы», «Оймо жомогу» ж.б. мультфильмдер жаралган.

Ал 1978-1982-жылдары ВГИКтеги СССР эл артисти, профессор А.Баталовдун өнөрканасында окуган кыргыз улуттук актерлор тобун окууга тандап алуудан баштап дипломду жактаганга чейин Кыргыз Мамкинонун атынан жетектеген.

1982-ж. Э.Сарыбаев Мамкинонун улук редактору болуп дайындалган, бир жылдан кийин «Кыргызтелефильм» студиясынын мүдүрү - башкы редактору болуп бекиген жана сценарист-кинотаануучу факультетин сырттан окуп артыкчылык менен бүтүргөн.

«Кыргызтелефильм» ал жылдары көптөгөн чыгармаларды жараткан, алардын ичинде: кинорежиссер Е.Котловдун «Адамдар жана тоолор» (Люди и горы) даректүү серия, кинорежиссер М.Убукеевдин кыргыз элинин байыркы замандан Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына чейинки маданияты туралуу «Түбөлүккө таазим» (Прикосновение к вечности) автордук тасма, кинорежиссер Д.Садырбаевдин Ч.Айтматовдун «Кылым карыткан бир күн» романындагы болмуштун негизинде тартылган «Махабат дастаны» аттуу көркөм фильм.

Бул тасмалардын баарынын ой-толгоо жаралгандан баштап экранга чыкканга чейинки татаал жолу Э.Сарыбаевдин түздөн-түз жетекчилиги астында өткөн.

Ал 1988-ж. «Кыргызвидеофильм» бирикмесинин мүдүрү болуп дайындалган. Кыска мөөнөттө чарба эсептин негизинде өлкөбүздүн бардык аймактарында видеодирекци-ялар түзүлүп, аладардын ишмердиги жөнгө салынган.

Э.Сарыбаев кинотаануучу, сценарист, кинорежиссер катары да эмгектенет. 1976-ж. бери анын киночеберчилик тууралуу жүздөн ашык макалалары чыккан, 1986-ж. «Кадыржан Кыдыралиев. Сулуулук жана толгонуулар дүйнөсүн аңдоо (Постигая мир красоты и тревог)» китеби жарык көргөн (www.literatura.kg). Анын сценарийлери боюнча Социалистик Эмгектин Баатырлары, колхоз башкармалары А.Т.Юматова (1984), А.Камалов (1988), депутат-чабан З.Бейшекеева (1985) жөнүндө даректүү тасмалар тартылган.

Ал 2007-ж. бери «Кыргызфильм» менен кайрадан кызматташууда. 2008-ж. анын сценарийи боюнча К.Кыдыралиевдин чыгармачылыгы тууралуу «Кадыржан» атту даректүү тасмасы (режиссеру Б.Абдылдаев) II Ысык-Көл Эл аралык кинофестивалында Гран-при байгесин алган. 2009-ж. анын сценарийи боюнча киночебер С.Ишеновдун чыгармачылыгына арналган «Из» даректүү тасмасы тартылган. Э.Сарыбаев сценарийин жазып жана режиссер болуп тарткан «Жамин АКИМАЛИЕВ. Жерге арналган өмүр» толук метраждуу даректүү тасма 60 жылдан ашык айыл чарба тармагында талыкпай эмгектенген академиктин тагдыры аркылуу өлкөнүн айыл чарбасынын көйгөйлөрү жана келечеги тууралуу баяндайт.

Бул тасманын Улуттук бетачары бардык облрайадминистрациялардын жыйын залдарында 2012-ж. 28-январында бир убакытта жергиликтүү жетекчилер, дыйкандар, жалпы коомчулуктун катышуусу менен өттү жана тасмада чагылдырылган маселелер кеңири талкууга алынды.

Э.А.Сарыбаев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө бараандуу салым кошкон «КДК» бирикмесинин жигердүү катышуучусу.

1990-ж. аягында А.Акаев КДКнын активдери менен жолугушуусунда улуттук ишкердүүлүктү өнүктүрүүгө чакырган. 1991-ж. ал биринчи ири менчик ишкана – «Кыргыз Жер» корпорациясын түзгөн, көп узабай өлкө боюнча анын 40тан ашык бөлүмдөрү ачылып (анда 200дөй адам бизнестеги алгачкы кадамын шилтешкен), обого менчик телестудиянын берүүлөрү чыгып, банк, ЖОЖ, кыргыз-кытай «Тянь-Шань» рестораны иштеп, ишкерликтин ар кайсы тармагында атаандаштык, жеке менчиктин негизинде жаңы экономикалык мамилелер түзүлө баштаган.

1994-ж. корпорациянын катышуусу менен Кыргыз Фондулук биржа ачылган, ал эми Э.Сарыбаев Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн Федерациясынын президенти болуп шайланган.

«Кыргыз Жер» корпорациясынан бүгүнкү күндө элдин оозунан чыкпаган бир топ белгилүү эстрада жана спорт чеберлери езүнүн чыгармачылыгынын башатында зарыл болгон колдоону алышкан, алардын ичинде: Г.Тойгонбаева, А.Турдалиева, Р.Аманова, К.Азыкбаев, Т.Жумалиев, А.Воинов ж.б. бар.

Э.Сарыбаев 1995-ж. окумуштуу-физик С.Кадыровдун илимий чөйрөдөн сыртта ка-лып, кыйналып жүргөнүн көрүп, ал үчүн «Кыргыз Жер» Жогорку колледжинде «Уңгуталаа теориясынын жана философиясынын лабораториясын» ачып берип, илимий эмгектерин дүйнөлүк илимий коомчулукка жеткизүү үчүн орус, англис тилдеринде чыгарган.

Окумуштунун теориясын өз оозунан уккан физиктер Ж.Асанбаева, Р.Жапаров, философтор Ч.Өмүралиев, К.Байбосунов, О.Бондаренко бүгүн дагы Уңгуталаа теориясынын негизинде өздөрүнүн илимий изденүүлөрүн улантууда.

1996-ж. Санкт-Петербургдагы Эл аралык конференцияда С.Кадыровдун баяндама-сы зор кызыгууну жаратып, конференция анын бул илимий ачылышы тууралуу Акаевке атайын Кайрылуу кабыл алган, ал эми “Слово Кыргызстана” гезити “Эйнштейнди көң-төргөн Кадыров” деген макаланы басып чыгарган.

1995-ж. жайында «Кыргыз Жер» телекомпаниясы таркатылган парламенттин спикери М.Шеримкулов менен болгон баарлашууну прайм-тайм убагында көрсөткөн. Бул кыргыз телеберүүсүнүн тарыхында биринчи жолу кызыктуу адам менен жарым сааттык берүү-баарлашуу болчу.

Эртеси эртең менен «Кыргыз Жер» банкынын башкармасы менен Улуттук Банктын башчысы М.Султанов кабатырлануу менен байланышып, эмне үчүн “Кыргыз Жер” банкы Шеримкуловду элге жайылтат, Улуттук Банк болсо каякты карап жүрөт деп Акүйдөн кыжырланышкандыгын айтат. Көрсө, саясатта да атаандаштык пайда болгон экен. Кийинки президенттик шайлоодо М.Шеримкулов Акаевдин атаандашы болуп чыккан. Бул үчүн бийлик Э.Сарыбаевди кечирген эмес.

Бийлик өзүнүн банкы, телекомпаниясы, каалагандай, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги да, илимий изилдөөлөрдү жүргүзө ала турган жогорку окуу жайы бар, көз каранды эмес системаны көтөрө алган эмес.

Көрсө, алдыда 1998-жылкы конституциялык реформа турган экен, Акаевди үчүнчү мөөнөткө алып өтүүгө даярдоо иштери кызуу жүрүп жатыптыр. Көз каранды эмес, бардык шарты бар система башкаруу режимдин келечектеги кылмыштуу ара-кетине тоскоолдуктарды жаратмак экен.

Бийлик “Кыргыз Жер” банкынын негизги акционери (югославия-кипрдик «Юсико» компаниясы) банктын уставдык капиталынан алдамчылык жол менен өзүнүн үлүшүн чыгарып кеткен жагдайды пайдаланган (балким бул ишти атайын кызматтар уюштургандыр, алардын өкүлдөрү югославдар менен жолугушкан), андан банктын иши өксүй баштаган, акчаларын банкка салгандар ачууланып, Улуттук Банкка, КГБга даттанууларды жазышкан. Көрсө, Э.Сарыбаевди 15 жылга “жапкыла” деген буйрук түшкөн экен.

Бул жөнүндө КГБнын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармасынын жетекчиси М.Садыров 1997-ж. март айында аны камоого санкция алгандан кийин ачык эле: «Байке, ишиң бүттү, эркиндикти 15 жылдай көрбөйсүз», - деп мактанган.

Бир жылдан ашуун ММК аркылуу ал жөнүндө терс маанидеги коомдук пикир жаратышып, 1997-ж. жыйынтыгы боюнча аны «Вечерний Бишкек» гезитинин жылдын «терскаарманы» болгонго чейин жеткизишкен, сот ойдон чыгарылган күнөө менен аны 5 жылга кескен. Бул чечимди чыгарган үчүн сот айым райсоттун төрайымдыгына көтөрүлгөн. Ушул тапта 1999-жылы башталган Э.А.Сарыбаевди актоо боюнча сот иштери уланууда.

Э.Сарыбаевдин бардык ишканалары, «Уңгуталаа теориясы жана философиясы лабораториясы» дагы жабылган. Көп убакыт өтпөй Ж.Баласагын атындагы КУУде Эл аралык А.Эйнштейн борбору ачылып, Акаев өзү кенен баяндама менен чыгып сүйлөгөн.

Көп узабай, Акаевке Эйнштейндин Эл аралык алтын медалын тапшырышкан.

Э.Сарыбаев 20-к. этегинде Ф.Кулов же Т.Тургуналиев сыяктуу эле Акаев режиминин саясий террорунун курманы болгон.

Алар 90-жылдарда ар бири өз ордунда Акаевке жаңы Кыргызстанды куруу ишинде жардам беришкен. Эгерде Ф.Кулов - мамчиновник, Т.Тургуналиев – саясатчы катары аракеттенишсе, Э.Сарыбаев ишкер катары жеке менчиктин негизинде жаңы экономика мамилелерин түзө баштаган.

Сөздүн түз маанисинде эл аралык соодада, ресторан бизнесинде, жаңы буюмдарды - алардын ичинде чакан гэстерди өндүрүүдө, банк, камсыздандыруу, билим берүү жана маалымат тармактарындагы ишкерлер чөйрөсүндө атаандаштыкты түзгөн. Алардын ар бирин кийинчерээк Акаевдин режимине жолто болгондо, бийлик абакка отургузган.

Ф.Кулов менен Т.Тургуналиев 2005-жылкы револю-циядан кийин сот аркылуу акталып чыгышты. Эртеби-кечпи Э.Сарыбаев боюнча дагы акыйкаттуулук калыбына келет деген үмүттөбүз.

Ушул тапта Э.А.Сарыбаев «Кыргыз Жер» Илимий-агартуу коомун жетектеп, мектеп окуучулары үчүн китептерди чыгарып, аларды почта аркылуу жайылтуу менен кыргыз элинин, өзгөчө жеткинчек муундун билиминин өсүшүнө өзүнүн салымын кошууда.

Окуу китептеринин таңкыстыгы шартында 1-11 класстарга чейин англис тилин окутуу боюнча кошумча колдонмолорду, мектеп окуучулары үчүн англис-кыргыз-орус сөздүгүнүн түзүүчүлөрүнүн бири катары түзүп чыгарган.

«Окуучунун китепканасы» китеп сериясын басууну уюштураган, Ч.Айтматовдун «Ак кеме», «Эрте келген турналар», «Атадан калган туяк», «Саманчынын жолу», «Бетме бет», «Тоолор кулаганда» чыгармалары окуучуларга жеткирилүүдө.

2012-жылы 25-апрелде К.Баялинов атындагы китепканада мектепке чейинки жана кенже класстардагы окуучулар үчүн «Манас» эпосу боюнча жазылган «Манастын төрөлүшү» атту алгачкы чакан түстүү китептин бет ачары болду.

Белгилүү жазуучу Ч.Өмүралиевдин «Теңирчилик. Мамлекет–Коом» аттуу чыгармасы «Кыргыз жер» илимий-агартуу коомдун басылмасы катары жарык көрдү. Анда автордун 20 жылдан берки мамлекет жана коомдун көйгөйлөрү боюнча изилдөөлөрү жыйынтыкталат.

Буга байланыштуу «Кыргыз жер» коомдун демилгеси менен 2012-жылы 31-мартта УИАнын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институту, Чүй, К.Карасаев, И.Арабаев аттарындагы университеттер менен бирге «Кыргыз мамлекеттүүлүгү: кечээ, бүгүн, эртең (философиялык өнүт)» темадагы илимий-теориялык конференция өткөрүлдү.

Көп жылдан бери иштешип келе жаткан шериктештери менен бирге ал өлкөбүздү энергетикалык, экономикалык кризистен алып чыгуу максат менен «КРИЗИСКЕ КАРШЫ ТЕХНОЛОГИЯЛАР» Илимий-өндүрүштүк компаниясын түзүп, көп багыттык, бардык аймактарга тиешеси бар ишкердүүлүк аракетке киришти.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сарыбаев Э.А. Кыргызстандын ишкер чөйрөсүнүн Федерациясынын төрагасы, КДК партиясынын Саясый кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы, Кинематографистер союзунун ревизия комиссиясынын төрагасы болуп шайланган.

«Кыргыз Жер» илимий-агартуу журналынын, «Майдан» коомдук-саясий гезитинин баш редактору.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эдилбек Сарыбаевдин киночеберчилик тууралуу жүздөн ашык макалалары чыккан.

1986-ж. «Кадыржан Кыдыралиев. Сулуулук жана толгонуулар дүйнөсүн аңдоо (Постигая мир красоты и тревог)» китеби жарык көргөн (www.literatura.kg).

Анын сценарийлери боюнча Социалистик Эмгектин Баатырлары, колхоз башкармалары А.Т.Юматова (1984), А.Камалов (1988), депутат-чабан З.Бейшекеева (1985) жөнүндө даректүү тасмалар тартылган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]