Сарыбет мөңгүсү

Википедия дан

Сарыбет мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 5,0 км, аянты 6,26 км2.

Адыртөр кырка тоосунун түн. капталында, Сарыжаз суусунун башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4465 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3950 м, абляция облусунун аянты 2,53 км2. Өткөн кылымдын ортосунда алдыга жылуунун максималдуу чегине жетип, азыркы мезгилде акырындап тартылууда. Этек ж-а жээк мореналары өткөн мезгилдеги мөңгүнүн чегин даана көрсөтөт. Андан Сарыжаздын сол куймасы башталат. Мөңгүгө Тянь-Шань физ. география ст. бир нече жылдан бери байкоо жүргүзүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2