Сарыжаз

Wikipedia дан
Сарыжаз.jpg

Сарыжаз–Борбордук Теңир-Тоодогу дарыя. Суусунун молдугу боюнча Кыргызстан да 2-орунда (Нарындан кийин). Семёнов мөңгүсүнөн башталып, Сарыжаз өрөөнү аркылуу батыш тарапка агат. Оттук суусу куйгандан кийин түштүккө бурулуп Борбордук Теңир-Тоонун ири кырка тоолорун (Сарыжаз, Эңилчек, Какшаал; жана башка)кесип өтүп, Тарим түздүгүнө чыгат.
Мамлекеттик чегарадан ары чатына чейин Аксуу деп аталат. Кыргызстандын аймагындагы узундугу 197 км (жалпы узундугу 282 км), алабынын аянты 12900 км2. Ири куймалары: Эңилчек, Кайыңды, Көйкап, Жамансуу, Жаңыжер(сол), Көөлү, Теректи, Үчкөл, Акшыйрак(оң ).
Кытайдын аймагында оң жагынан Какшаал, солдон Темирсуу кошулгандан кийин Жаркенд дарыясы менен биригип, Таримди түзөт. Алабынын 20,4% аянтын (2635 км2 ) мөңгүлөр ээлейт. Эң чоңу Түштүк Эңилчек мөңгүсү (узундугу 58,9 км, аянты 613 км2). Алабында 70тен ашык чакан көл бар, ирилери–Мерцбахер көлү(4,5км2), Балтыр бешик (1,2 км2). Негизинен мөңгү, кар сууларынан куралат. Суусу июндун ортосунан августтун аягына чейин кирет, февралда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 137–140 м3/сек.
Суу кирген мезгилде чыгымы болжол менен мамлекеттик чегарада)1000 м3/сек. Гидроэнергия ресурстарына бай, бирок азырынча пайдаланылбайт. Нугунун эңкейиштиги 9–10 мден 25–30 мге чейин болгондуктан агымы өтө ылдам жана шар. Алабында Эңилчек жана башка кен казып алуу менен байланышкан кыштактары бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]