Сарыкамыш Айыл Өкмөтү

Википедия дан

Сарыкамыш Айыл Өкмөтү - Токтогул районундагы администрациялык-аймактык бирдик. Райондун борбору Токтогул шаарчасынын 170 км чыгыш тарапта жайгашкан. Бирлик, Көтөрмө, Упаталкан, Сарыбулак, Кожосойду айылдары карайт.

  • Айыл өкмөттүн аймагында 1930-ж. коллективдештирүүдөн кийин, беш колхозго бөлүнгөн («Упаталкан», «Эркин», «Көл», «Таалга», Кеңсуу).
  • 1935-ж. Сарыкамыш айылдык кеңеши Кетментөбө районунан бөлүнүп, Жумгал районунун карамагына өткөн.
  • 1939-ж. айылдын калкы Жумгал районуна көчүрүлгөн.
  • 1941-ж. алар кайрадан С. айылына келип, эки колхоз (« Бирлик », « Кызылоктябрь ») уюштурулган.
  • 1960-ж. Аламүдүн районунун,
  • 1963-ж. Суусамыр механикалаштырылган мал чарба станциясынын,
  • 1971-ж. Токтогул районунун карамагына өткөн. Калкы 1550 (2004); негизинен мал чарбасында жана талаачылыкта эмгектенет. Жеринин жалпы аянты 22,5 миң га, айдоо жери кайрак 300 га. Май чыгаруучу цех, бтегирмен иштейт. Орто мектеп, китепкана, оорукана, врачтык-акушердик пункт, 3 соода түйүнү, байланыш бөлүмү, клуб бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5