Сарычат – Ээрташ мамлекеттик коругу

Википедия дан

Сарычат – Ээрташ мамлекеттик коругуАкшыйрак Тоо түйүнү менен Тескей Ала-Тоонун ортосундагы бийик тоолуу, мөңгүлүү өрөөндүн төрүндө 1995-жылы уюшутурулган. Сарыжаздын он куймасы Үчкөлдүн түзүүчүлөрү Сарычат жана Ээрташ суусунун алабдарын ээлейт. Аянты 72 миң га. Негизги максаты - сырттын жаратылыш комплекстерин бузбай, аларды табигый калыбында сактоо. Ал жердеги Кыргыз Республикасынын Кызыл Китебине катталган аркар-кулжа, илбирс, Тянь-Шандын ак тырмактуу аюсунун жана башка коргоого алуу. Бул жерде эчки-теке, карышкыр, суур, коён жана сейрек кездешүүчү жырткыч жаныбар мадыл, суусар мекендешет. Өзгөчө жырткыч канаттулардын өкүлдөрү: ак кажыр, балта жутар көк жору, гималай жорусуу, кузгундар көп.

Коруктун аймагы бийик тоолуу адам баласынын таасири көп тийбеген жерде жайгашкан. Бир гана алтын казып алып жаткан «Кумтөр» ишканасы коруктун батыш жагында 15-20 чакырым аралыкта жайгашкан. Коруктун турган ордунун тегереги туташ мөңгүлөр менен капталган. Мөңгүлөрдүн алабына байкоо жүргүзүү жалпы климаттын өзгөрүшүн баамдоодо эн маанилүү материалдарды бермек.