Мазмунга өтүү

Сары-Булак чопо жана кум кени

Википедия — ачык энциклопедия

Сары-Булак чопо жана кум кени Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Октябрь кыштагынан 2–3 км түндүк-чыгышта, Сары-Булак суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1070–1215 м бийиктикте. 1980–81-ж. Түштүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагын бор мезгилинин кызыл түстүү чөкмөсү, антропогендин борпоң тектери түзөт. Анда чопонун, кумдун жана кумдуу чопонун курулушка керектүү катмарлары жатат. Астында бор мезгилинин кызыл түстүү чопо катмары жайгашкан. Калыңдыгы 1,3–6,7 мге чейин. Жакшы жуурулат. Жошо алууга жарамдуу. Запасы В+С1 категориясы боюнча 15538 миң м3. Үстүндө майда бүртүкчөлүү начар камдашкан полимиктүү кум жатат. Кумду жолго, курулушка пайдаланса болот. Запасы 3849 миң м3. Булардын жанында лёсс сымал кумайлуу чопо катмары бар. Боз, бозомтук түстө. Жакшы нымдалат. Калыңдыгы 3,5 мге чейин. Кумайлуу чоподон "100" маркасындагы кирпич жасоого болот. Запасы В+С1 категориясы боюнча 1151 миң м3, С1 – 474 миң м3.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]