Мазмунга өтүү

Сары-Жаз уран кени

Википедия — ачык энциклопедия

Сары-Жаз уран кени Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда, Тескей Ала-Тоонун чыгышындагы Сары-Жаз суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 2900–3500 м бийиктикте. 1946-ж. табылган. 1950–57-ж. геол. чалгындоо жүргүзүлгөн. Кен аймагы палеозойдун музбулак интрузия комплексинин диабаздуу порфириттеринин дайкалары менен жирелген, венд, кембрий-ордовик жана ордовиктин тоотек катмарларынан түзүлгөн. Уран-молибден-ванадий рудалануусу кембрий–төмөнкү ордовик мезгилинин бүркүт свитасынын төмөнкү горизонтунун көмүр–кремнийлүү сланецтери менен байланышкан. Рудалануу чөкмө тибине, уран-молибден-ванадий формациясына кирет. Рудадагы пайдалуу компоненттердин орточо өлчөмү: урандыкы – 0,022%, молибдендики – 0,04%, ванадий кычкылыныкы – 0,3%. Руданын запасы жана ресурсу 37391 миң т, урандыкы – 8222 т, молибдендики – 15169 т, ванадий кычкылыныкы – 112491 т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]