Сары-Талаа габбро кени

Википедия дан

Сары-Талаа габбро кениБаткен облусунун Кадамжай районунда, Сары-Талаа кыштагынан 2 км түштүк-батыш тарапта, Алай кырка тоосунун түндүк этегинде. Кен 1955-ж. табылып, 1968–71-жылдары изилденген. Кендин аянты 0,712 км. Силур жана девон мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тоотек катмарлары ээлеп жатат. Аларды габбро тоотектеринин интрузиясы жиреп чыккан. Интрузиянын эни 700 мдей, узундугу 10–12 кмге созулуп, ал боз, ачык жана каралжын боз түстөгү габбронорит тоотектеринен турат. Мында өңү кара минералдардын агыш плагиоклаздар менен айкалышып жайгашуусу өзүнчө кооз көрүнөт. Таш оңой иштетилет жана жакшы сайкалданат. Жылмаланган беттеги оймо-чийме өтө кооз жана оригиналдуу. Имараттардын дубалдарын каптап, кооздоо үчүн, ошондой эле майда кооз буюмдарды жасоого пайдаланса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]