Сары-Таш (Алай району)

Сары-Таш шаарчасы‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Сары-Таш
Өлкө Кыргызстан
Облус Ош облусу
Район Алай району
Координаттар 39°43′30″ с. ш. 73°14′59″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1939
Борборунун бийиктиги 3200 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 2337[1] адам (2021)
Сандык идентификаторлор
Сары-Таш (Алай району) (Кыргызстан)

Сары-ТашКыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай р-ндагы айыл. Сары-Таш айылдык аймагынын составына кирет. Алай өрөөнүндө, Талдык ашуусуна жакын, деңиз деңгээлинен 3120-3200м бийктикте, Ош-Хорог автомобил жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Гүлчө кыштагынан 104 км, дубандын борбору Ош шаарынан 185км аралыкта. Сары-Таш тоо арасында деңиз деңгеелинен бийик жайгашкандыктан, климаттык шарты татаал, такай шамал согуп турат, жылдык жаан-чачынынын өлчөмү 600мм.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы - 2337 киши[1]. Калкынын 42,9%-и эмгек жашына чейинкилер, 50,9%-эмгек жашындагылар, 6,2%-эмгек жашынан өткөндөр. Шаарчанын негизги функциясы - унаалык кызмат көрсөтүү.
Негизги ишканалары: жол оңдоочу бөлүм жана асфальт-бетон заводу. Айыл аркылуу Ош-Хорг, Ош-Эркечтам, Ош-Дарооткоргон автомобиль жолдору өтөт. Орто мектеп, тилкелик оорукана, поликлиника жана дарыкана бар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, ISBN 9967-14-006-2.