Сары-Челек, көл

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Сары-Челек, көл
координаттары 41°54′N 71°57′E / 41.900°N 71.950°E / 41.900; 71.950Координаттары: 41°54′N 71°57′E / 41.900°N 71.950°E / 41.900; 71.950
Түрү Тоо көлдөрү
Агып чыккан дарыялар Кожо-Ата
Эң узун жери 7.5 km (4.7 mi)
Эң жазы жери 2.280 km (1.4 mi)
Чарасынын аянты 4.92 km2 (1.9 sq mi)
Орточо тереңдиги 98 m (322 ft)
Эң терең жери 234 m (768 ft)
Суунун көлөмү 78.2 m3 (0.063 acre·ft)
Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1,873 m (6,145 ft)

Сары-Челек, көлТоскоол, Тоскоол-Ата, Чаткал кырка тоосунун Ат-Ойнок кырка тоосуна такалган жерде Кожо-Ата, суусунун алабында жайгашкан көл. Аксы районунун аймагында. Деңиз деңгээлинен 1873 м бийиктикте. Узундугу 7,5 км, орточо жазылыгы 650 м (эң жазы жери 2280 м), кууш жери 300 м. Аянты 4,92 км2. Орточо тереңдиги 98 м (эң терең жери 234 м). Тереңдиги боюнча Кыргызстанда 2–орунда(Ысык-Көлдөн кийин). Жээги көбүнчө тик, жардуу,булуң-буйткалуу. Суунун тунуктугу 16 м. Сары-Челек жер титирегенде эбегейсиз зор көчкү өрөөндүн таманын бөгөп калышынан пайда болгон. Ошондуктан көлдүн формасы тоо өрөөнүнүн формасын кайталап узатасынан жатат. Көлгө Сары-Челек суусу куюп (чыгымы жайында 1–3 м3/сек, кышында 0,6 м3/сек),андан Тоскоол суусу(Кожата суусунун куймасы)агып чыгат(чыгымы жайында 3–4 м3/сек). Көл түбүндөгү тектон жаракалардан булактар чыгат. Эң жогорку деңгээли майдын аягында, эң төмөнкүсү декабрда байкалат да, экөөнүн айырмасы 40–50 смден ашпайт.

Сары-Челек5.jpg

Сары-Челек

Кириш-чыгыш балансынын көлөмү 2 млн м3. Эң жогорку температурасы(19,8°С) августтун аягында, эң төмөнкүсү(0 °С) февралда байкалат. Түбүнөн кошулган жер астындагы суулардын температурасы 5°Сден төмөн түшпөйт. Суусунун үстүнкү бетинен түбүнө карай минералдык туздардын көбөйүшү (200 мг/л-ден 500 мг/л-ге чейин)мүнөздүү. Негизги аниондору: СОз, SО4, катиондору: Са, Мg;

100 м тереңдиктен кийин күкүрттүү суутектин (Н2S)сасык жыты байкалат. Бир литр суудагы минералдуу калдыктардын орточо өлчөмү 280 мг. Көлдү курчаган тоо капталдары палеозойдун акиташ, сланец жана башка чөкмө тектеринен турат. Тоо капталдарында карагай, арча, жаңгак, көк карагай өсөт. Бийик бөлүгүн шалбаа, нивалдык ландшафттар ээлейт.

Көлгө бакма каңылтыр жана ондатра коё берилген. Келгин куштар көп. Аймактын кооздугун, табигый шартынын ар түрдүүлүгүн, байлыгын, дүйнөнүн башка жеринде болбогон өсүмдүктөрдүн, айбанаттардын, алардын чарбалык жана илимий жактан баалуулугун эске алып, бул аймактын табиятын мындан ары сактоо үчүн 1959-ж. Сары-Челек биосфера коругу уюшулган. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]