Мазмунга өтүү

Сары-Челек айыл аймагы

Википедия — ачык энциклопедия
Сары-Челек айыл аймагы
Өлкө

Кыргызстан

Статусу

Айыл аймагы

Областка карайт

Жалал-Абад облусу

Районго карайт

Аксы району

Административдик борбор

Авлетим

Тууралыгы

км

Узундук

км

Картадагы{{{кыргызча аталышы}}}

Убакыт аралыгы

UTC+6

Телефон коду

+996

Автоунаа номурунун коду

D, 04

Расмий сайты

Сары-Челек айыл аймагыКыргызстандын Аксы районундагы административдик-аймактык бирдик. Авлетим, Аркыт, Байкашка-Терек, Жаңгактуу-Булак, Жылгын, Жол-Сай, Ит-Агар, Кызыл-Туу, Коргон, Мукур, Тегирмен-Сай, Товар-Сай айылдарынан турат. Акимий борбору ― Авлетим айылы[1].

Айыл аймакта ичүүчү таза суунун жоктугунан улам көпчүлүк айылдардын жашоочулары агын суудан пайдалууга аргасыз болушат. Учурда борборлоштурулган суу менен камсыздоо жок.

Аксы райондук туризм бөлүмүнүн маалыматы боюнча, Сары-Челек айыл аймагында жалпысынан 17 эс алуу борбору бар (расмий катталгандар),ал эми расмий эмес эс алуучу жайлардын саны болжол менен 30 га жетет. Айыл аймактын жашоочулары туризм аркылуу киреше табышат. Авлетим, Коргон жана Аркыт айылдардын тургундары күзүндө жапайы жаңгак, дан куурай (жергиликтүү калк "кожогат" ― деп аташат), карагат терип сатуу менен да эмгектенишет.

Административдик-аймактык реформа

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон[2]. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилген. 2024-жылы Авлетим жана Кызыл-Туу айыл аймактары биригип, Сары-Челек айыл аймагы түзүлгөн[3].