Сары-Челек биочөйрөлүк коругу

Википедия дан

Сары-Челек биочөйрөлүк коругу – Чаткал жана Ат-Ойнок кырка тоолорунун тутумдашында, Кожо-Ата суусунун алабында жайгашкан. 1959-жылы уюшулган, 1979-жылы ЮНЕСКО тарабынан биочөйрөлүк коруктардын эл аралык тармагына киргизилген. Коруктун негизги милдети – уникалдуу жаңгак токоюнун комплексин, кооз көлдүн тегерегиндеги кайталангыс ландшафты сактоо жана изилдөө. Аянты 23,8 миң га, анын ичинен көл ээлеген аянт 492 га. жаңгак токою ээлеген аянт - 1600 га. Корукта 981 өсүмдүктөрдүн түрлөрү, алардын ичинде жаңгактан башка көк карагай, кадимки Тянь-Шань карагайы, клён, алма, алмурут, арча, долоно, алча ж.б. кездешет. Жаныбарлардын 40 тан ашык, канаттуулардын 150дөн ашык түрлөрү мекендешет. Ири жаныбарлардын арасында байырлаштырылган түрлөрү - зубр, европа бугусу, жанат сыяктуу иттер ж.б.. Белгилеп кете турган нерсе зубрларды байырлаштыруу зубрлар үчүн да, корук үчүн да ийгиликтүү болбой калгандыгын изилдешти. Ал жаныбарлардын экологиялык орду Сары-Челек эмес экендиги байкалды.