Сары мыя

Википедия дан
Thermopsis rhombifolia.

Сары мыя (лат. Thermopsis) – чанактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Тамыры сойлоп өсүүчү көп жылдык чөп. Жалбырагы кезектешип жайгашкан, үч бөлүктүү. Гүлү сары сабактын учунда, топ гүлү 2 же көп уруктуу чанак. С. мененын 30га жакын түрү түндүк-чыгыш Европада, Азияда, Түндүк Америкада кездешет. Кырг-да С. м. үч түрү өрөөндөн тартып бөксө тоолорго чейинки өзөн жээгинде, бадал жана токой арасында, боздөң, шалбаа жерлерде кездешет. Жер үстүндөгү гүлдөгөн кездеги органдары медицинада дары катары колдонулат. Анын курамында алколоиддер, сапониндер, эфир майлары жана башка заттар бар. Андан жасалган дарылар жөтөлгө каршы какырык чыгаруучу зат катары кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]