Сары уйгур

Википедия дан

САРЫ УЙГУР – түпкү теги боюнча Уйгур кагандыгынын (744–840) негизги калкы менен жалпылыгы бар түрк тилдеринде сүйлөгөн эл. Түндүк-Батыш Кытайда (Ганьсу провинциясынын батыш тарабындагы Чжанье жана Цзюцюань шаарларына жамаатташ жерлерде) жашашат. Алар 1954-жылы улуттук адмиистративдик. (автономиялык уезд) укуктагы башкаруу бирдигине ээ болушкан. Учурда он миңден ашуун Сары уйгур бар. Чарбасынын негизин мал чарбачылыгы менен дыйканчылык түзөт. Байыртадан жергиликтүү кытай, тибет, моңголдор менен жамаатташ жашоо, чарбалык-маданий, тилдик байланыштар Сары уйгурларга таасирин тийгизген. Алардын тибеттешкен жана моңголдошкон бөлүгү «шира югур», кытайча сүйлөгөнү «юйгу», эне тилин сактап калгандары (түрк тилинде сүйлөгөндөрү) сары уйгур деп аталат. Натыйжада, түпкү теги бир эл учурда өз ара кытай тили аркылуу баарлашып калышкан. «Ойлык» (өрөөндүк, түздүктүк), «таглык» (тоолук, тоодо жашагандар) деген эки чоң тайпага бөлүнүшөт. Сары уйгур будда динин тутунган кытайлашкан юйгулардан айырмаланышып, шаманизмге көбүрөөк маани беришет.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.