Сары чай чөп

Википедия дан

Сары чай чөп — көп жылдык чөп өсүмдүк. СССРдин Европа бөлүгүндө, Кавказда, Батыш Сибирде, Орто Азияда көп таралган. Шалбааларда, адырларда, суу жээктеринде, токой четинде өсөт. Медицинада дары катарында анын чөбү колдонулат. Чөбүн гүлдөп жаткан мезгилде чогултуп алуу керек. Бул чөптүн маңызын ич өткөктө антисептик(микроб жок кылуу), кан токтотуучу, нерв системасын тынчтандыруучу, сергитүүчү дары катары, ошондой эле стоматит жана башка ооруларда колдонулат. Чөптөрүнөн алынган дарылар түрдүү тышкы жарааттарды, өзгөчө күйүктү, ошондой эле өт, заара айдама зат катары жана сезгенүү ооруларын дарылоодо пайдаланылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8