Сатай Сыздыков

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Сатай Максут уулу Сыздыков – Казакстандагы заманбап тарыхчылардын бири, тарых илимдеринин доктору, Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин профессору. Астана ш.

Сатай Максут уулу Сыздыков (казакча: Сыздықов, Сатай Мақсұтұлы; орусча: Сыздыков, Сатай Максутович; латын арибинде: Satay Syzdyqov; 1954-жылы 14-январда туулган) – Казакстандагы заманбап тарыхчылардын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор. Ушул тапта Казакстандын ордо шаары Астанада жайгашкан Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине караштуу «Этностор аралык мамилелер жана Казакстан калкы Ассамблеясынын сабырдуулугу» илимий изилдөө борборунун деректири.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сатай Максут уулу Сыздыков 1954-жылы үчтүн айынын (январдын) 14үндө Казакстанда туулган.

1970-75-жылдары Караганды мамлекеттик университетинде таалим алган.

1975-77-жылдары орто мектепте тарых жана география сабактары боюнча мугалим болгон.

1977-79-жылдары райондук комсомол комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеген. Караганды шаарында райком укугундагы көмүр кени комсомол комитетинин катчысы болгон.

1980-85-жылдары Караганды кооператив институтунун окутуучусу болгон.

1985-88-жылдары Казак мамлекеттик университетинде тарых адистиги боюнча аспирантурада окуган.

1988-2002-жылдары Алматы шаарында ал-Фараби атындагы Казак мамлекеттик университетинде ага окутуучу, доцент, профессор кызматтарын аркалаган.

Ара-чолодо, 1993-97-жылдары Түркиянын Стамбул шаарындагы Мармара университетинин докторанты болгон.

2002-2005-жылдары аталган университеттин Чыгыш таануу факультетинин деканы болуп иштеген.

Ошол эле жылдары ал-Фараби атындагы КазУУнун алдындагы “Көөнө түрктөрдүн жазма эстеликтери” илимий изилдөө борборунун деректири кызматын аркалаган.

2005-2009-жылдары Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин Тарых факультетинин деканы болуп иштеген.

2009-2012-жылдары Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин Чөлкөм таануу кафедрасынын жетекчиси кызматын аркалаган.

Ушул тапта Казакстандын ордо шаары Астанада жайгашкан Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине караштуу «Этностор аралык мамилелер жана Казакстан калкы Ассамблеясынын сабырдуулугу» илимий изилдөө борборунун деректири болуп иштеп келет.


Илимий-коомдук ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

2002-2005-жылдары - ал-Фараби атындагы КазУУнун алдындагы “Көөнө түрктөрдүн жазма эстеликтери” илимий изилдөө борборунун деректири.

2006-жылы - Лондон шаарында Бэкингем университетинде “Казактар менен англистерде оозеки тарых айтуу” окшоштуктары жана өзгөчөлүктөрү” тегерек үстөлүндө модератор болгон.

2013-жылы - Казакстандын ордо шаары Астанада жайгашкан Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине караштуу «Этностор аралык мамилелер жана Казакстан калкы Ассамблеясынын сабырдуулугу» илимий изилдөө борборунун деректири.

Сыйлыктары. Наамдары.[оңдоо | булагын оңдоо]

Тарых илимдеринин доктору.

Профессор.

2004-жылы Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин “Казакстан Республикасынын илимин өнүктүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

2005-жылы Президент Н.Назарбаев кол койгон Алкыш грамотасы менен сыйланган.

Казакстан табигый илимдер академиясынын академиги (Борбордук Азиядагы геосаясат бөлүмү).


Негизги илимий эмгектери[оңдоо | булагын оңдоо]

1. Орхон жырлары - тарихи дерек. - А., 1994. - 78 б.
2. Қарлық мемлекетінің тарихы. - А. 2000. 216 б. (монография)
3. Иллюстрированная история Казахстана с древнейших времен до наших дней. - А. 2003. I-том. (соавтор).
4. История Казахстана с древнейших времен до наших дней: ( Курс лекций). - Алматы 2003. -584 с. (соавтор)
5. История тюркских народов. - Түркстан, 2004. - 376 с. (соавтор)
6. Түркілердің тарихи-мәдени мұрасы. – Алматы, 2007. (монография; 10 б.т., соавтор).
7. Түркілердің тарихи-мәдени мұрасы жаһандану дәуірінде // 3-й Международный конгресс тюркологии. Актуальные проблемы и перспективы современной тюркологии. The 3rd International Congress in Turkology. The Actual Problems and Perspectives of Modern Turkology. – Түркістан, 2009.-734 б.
8. Ежелгі түркілердің «Мәңгі ел» идеясы және тарихи сабақтастық // Түркі әлемі: тарих және қазіргі заман /Халықаралық түркітану симпозиумы. Астана, 2011.
9. Қарахандар әулеті тұсындағы көшпелі түркі ру-тайпаларының эволюциясы мәселесіне // Тәуелсіз Қазақстан және Түркі әлемі / Халықаралық ғылыми конференция материалдары. - Астана, 2011.
10. Евразийская идея Н.Назарбаева и тюркское пространство: ( коллективная монография) / Руководитель международного проекта Сыздыков С.М. – Астана, 2011. - 404 бет.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]