Сатыбалдиева Рая
Көрүнүш
Сатыбалдиева Рая (5. 3. 1961-ж. туулган, Тунук кыштагы) - эл агартуунун отличниги. Кыргыз мамлекеттик университетинин математика факультетин бүтүргөн (1983).
- Эмгек жолун ошол эле жылы Панфилов районундагы Тельман орто мектебинде математика мугалими болуп баштаган.
- Бир нече жолу профсоюз уюмуна төрага болуп шайланат.
- Мектептеги физика-математика секциясынын жана математика усулдук бирикменин жетекчиси (1990-91).
- Ал билимтарбия берген окуучулары райондук (2-орун) жана республикалык олимпиадаларга (2-орун) катышып, Ардак грамоталардын ээси болушкан (1990-91).
- Ошол эле жылы Кыргыз-Түрк лицейинин тестирлөөсүндө үч окуучусу жеңүүчү болуп, жогорку окуу жайына жолдомо алышкан.
- Учурда окутуунун инновациялык жана императивдик ыкмаларын пайдаланып, окуучулардын логикалык ой жүгүртүүлөрүн жана аң-сезимдеринин өнүгүшүнө түрткү берип келүүдө.
- Райондук, облустук жана элге билим берүү министрликтеринин бир нече Ардак грамоталарынын ээси.
- «Эл агартуунун отличниги» төш белгисинин ээси (2009).
- Учурда Панфилов районундагы Карыпбек Жумагулов атындагы орто мектепте мугалимдик кесибин улантууда.
- Кырбаш уруусунан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9