Сатыбалдиев Акбаралы
Сатыбалдиев Акбаралы 1923-жылы 1-майда Сузак районунун Көк-Кыя айылында туулган.
Өзгөн районунун Ак-Жар айылынан 7-классты, 1940-жылы Ош шаарындагы педтехникумду аяктайт. Эмгек жолун Сузак районунун Кызыл-Суу айылындагы мектепте, мугалим болуп иштеп баштаган.
1941-1942-жылдары Көк-Арт мектебинде директордун орун басары болуп иштеп, 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кеткен. Согуштан келгенден кийин 1945-1955-жылдары Октябрь кыштагында колхоздо бөлүм башчы, бригадир, кампачы, айыл кеңештин катчысы, 1955-1965-жылдары Көк-Кыя айылындагы мектептин директору, Кызыл-Октябрь колхозунун башкармасы болуп иштеген. 1965-жылдан Октябрь айыл кеңешинде эмгектенип, 1983-жылы ардактуу эс алууга чыккан.
Бир нече медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3